# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005- жылынын 23-мартынын № 145 "Пенсиялык курактын жогорулашына байланыштуу компенсацияны эсептөө жана төлөө тартиби тууралуу жобону бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005- жылынын 23-мартынын № 145 "Пенсиялык курактын жогорулашына байланыштуу компенсацияны эсептөө жана төлөө тартиби тууралуу жобону бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 145
- Кабыл алынган күнү: 23.03.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.12.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/56251>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-10683/edition/858964/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/56251.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.12.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005- жылынын 23-мартынын № 145 "Пенсиялык курактын жогорулашына байланыштуу компенсацияны эсептөө жана төлөө тартиби тууралуу жобону бекитүү жөнүндө" токтому (18.12.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/56251

---

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 816 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 23-марты № 145

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Пенсиялык курактын жогорулашына байланыштуу

компенсацияны эсептөө жана төлөө тартиби

тууралуу жобону бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздан-

дыруу жөнүндө" Мыйзамынын 33-1-статьясын ишке ашыруу максатында Кыргыз

Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Пенсиялык курактын жогорулашына байланыштуу компенсацияны

эсептөө жана төлөө тартиби тууралуу" тиркелген жобо бекитилсин.

2. Бул токтом "2005-жылга Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду-

нун бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө кирген

күндөн тартып күчүнө кирет.

3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын социалдык-маданий өнүктүрүү бөлүмүнө

жүктөлсүн.

Премьер-министр Н.Танаев
