# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005- жылдын 15- мартынын № 128 "Экономикалык концентрациянын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө боюнча эрежелерди бекитүү жөнүндө" Токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005- жылдын 15- мартынын № 128 "Экономикалык концентрациянын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө боюнча эрежелерди бекитүү жөнүндө" Токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 15.03.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 21.06.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/56225>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-10666/edition/399661/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/56225.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.06.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005- жылдын 15- мартынын № 128 "Экономикалык концентрациянын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө боюнча эрежелерди бекитүү жөнүндө" Токтому (21.06.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/56225

---

КР Өкмөтүнүн

2012-жылдын 21-июнундагы № 431 токтомуна ылайык

күчүн жоготту

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 15-марты № 128

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Экономикалык концентрациянын жүрүшүндө Кыргыз

Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарынын

сакталышын көзөмөлдөө боюнча эрежелерди

бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын "Монополиялык иш-аракетти чектөө, атаандаш-

тыкты өнүктүрүү жана коргоо жөнүндө" Мыйзамынын 15-статьясынын жана

Кыргыз Республикасынын "Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө"

Мыйзамынын негизинде жана экономикалык концентрациянын жүрүшүндө Кыргыз

Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарынын сакталышын мамлекеттик

көзөмөлдөө максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Экономикалык концентрациянын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын

монополияга каршы мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө боюнча тиркелген

эрежелер бекитилсин.

2. Экономикалык концентрациянын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын

монополияга каршы мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө боюнча эрежелер-

дин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын монополияга каршы

мамлекеттик органына жүктөлсүн.

3. Аталган эрежелердин аракетине тийиштүү юридикалык жактарды мам-

лекеттик каттоону, ошондой эле андай юридикалык жактардын мамлекеттик

реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү Кыргыз Республикасынын Юстиция ми-

нистрлиги Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мамлекеттик органы-

нын корутундусунун негизинде жүргүзөөрү белгиленсин.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 18-августундагы №

550 "Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарынын талаптары

сакталышына экспертиза жүргүзүүнүн эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому

күчүн жоготту деп эсептелсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын экономика, өнөр жай жана соода башкар-

малыгына жүктөлсүн.

Премьер-министр Н.Танаев
