# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 25-февралындагы № 104 "Дзержинец" ден соолукту чыңдоо лагерин сатуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 25-февралындагы № 104 "Дзержинец" ден соолукту чыңдоо лагерин сатуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 104
- Кабыл алынган күнү: 25.02.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.07.2005
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/56196>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-10650/edition/324976/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/56196.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.07.2005 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 25-февралындагы № 104 "Дзержинец" ден соолукту чыңдоо лагерин сатуу жөнүндө" токтому (29.07.2005 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/56196

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 29-июлундагы № 325 токтомуна

ылайык күчүн жоготкон

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 25-февралы № 104

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Дзержинец" ден соолукту чыњдоо лагерин

сатуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 22-сентябрындагы №

576 "Кыргыз Республикасында 2001-2003-жылдарда мамлекеттик менчикти

менчиктештирүүнүн программасынын долбоору жөнүндө" токтому менен жакты-

рылган Кыргыз Республикасында 2001-2003-жылдарда мамлекеттик менчикти

менчиктештирүүнүн Программасын аткаруу үчүн, республиканын курорт-

тук-рекреациялык комплексин өнүктүрүүгө инвестицияларды тартуу, ошондой

эле Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарын материалдык-техникалык

камсыздоону жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом

кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-

лекеттик комитети "Дзержинец" ден соолукту чыњдоо лагерин "Супернова

Энтерпрайзис Лимитед" компаниясына аныкталган тартипте сатсын.

2. "Дзержинец" ден соолукту чыњдоо лагерин сатуудан түшкөн каражат

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин карамагында ички иштер

органдарынын материалдык-техникалык базасын чыњдоо үчүн калтырылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 31-декабрындагы №

905 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 22-сентябрындагы №

576 "Кыргыз Республикасында 2001-2003-жылдарда мамлекеттик менчикти

менчиктештирүүнүн Программасынын долбоору жөнүндө" токтомуна өзгөртүү

киргизүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын экономика, өнөр жай жана соода башкар-

малыгына жүктөлсүн.

Премьер-министр Н.Танаев
