# КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 16-февралындагы №88 " Кыргыз Республикасынын Чегара кызматынын Чүй чегара отрядынын "Кант" чегара заставасына Манзус Ванахундун ысымын ыйгаруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 16-февралындагы №88 " Кыргыз Республикасынын Чегара кызматынын Чүй чегара отрядынын "Кант" чегара заставасына Манзус Ванахундун ысымын ыйгаруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 88
- Кабыл алынган күнү: 16.02.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.06.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/56174>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-10637/edition/654912/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/56174.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.06.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 16-февралындагы №88 " Кыргыз Республикасынын Чегара кызматынын Чүй чегара отрядынын "Кант" чегара заставасына Манзус Ванахундун ысымын ыйгаруу жөнүндө" токтому (17.06.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/56174

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2005-жылдын 16-февралы № 88 Мамлекеттик чек ара кызматынын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын "Кант" чегара заставасына Манзус Ванахундун ысымын ыйгаруу жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 29-сентябрындагы № 460, 2006-жылдын 2-августундагы № 553, 2010-жылдын 28-январындагы № 40, 2011-жылдын 4-ноябрындагы № 700, 2013-жылдын 30-майындагы № 306, 2015-жылдын 17-июну № 371 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Советтер Союзунун Баатыры Мансуз Ванахундун элесин түбөлүккө калтыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Мамлекеттик чек ара кызматынын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын "Кант" чегара заставасына Советтер Союзунун Баатыры Манзус Ванахундун ысымы ыйгарылсын жана мындан ары ал: "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын Чүй чегара отрядынын Манзус Ванахун атындагы "Кант" чегара заставасы" деп аталсын.

(КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 29-сентябрындагы № 460, 2006-жылдын 2-августундагы № 553, 2013-жылдын 30-майындагы № 306, 2015-жылдын 17-июну № 371 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын коргонуу жана укук коргоо органдарынын иштери боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

Н.Танаев
