Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасында 2005-жылы жазгы талаа жумуштарына даярдык көрүү жана өз учурунда жүргүзүү боюнча чаралар жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 14 января 2022 года № 9 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2005-02-09.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 9-февралы № 69
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасында 2005-жылы жазгы талаа
жумуштарына даярдык көрүү жана өз учурунда
жүргүзүү боюнча чаралар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү айылдык товар өндүрүүчүлөр 2004-жылы
өсүмдүк продукцияларын өндүрүүдө кыйла ийгиликтерге жетишкендиктерин
белгилейт.
2004-жылы 2003-жылга салыштырганда дан өсүмдүктөрүн өндүрүү 76,1
мињ тоннага, пахта - 15,8 мињ тоннага, тамеки - 4,3 мињ тоннага, май
өсүмдүктөрү - 16,2 мињ тоннага, картошка - 54,3 мињ тоннага, жашылча -
64,2 мињ тоннага, бакча өсүмдүктөрү - 2,8 мињ тоннага, мөмө-жемиштер -
33,9 мињ тоннага жана жүзүм - 2,9 мињ тоннага көбөйгөн.
2005-жылдын түшүмүнө күздүк дан өсүмдүктөрү 297,0 мињ гектар аянт-
ка айдалган, бул мурдагы жылдын дењгээлинен 30,0 мињ гектарга көп.
2005-жылы жаздык себүүнүн жүрүшүндө жаздык буудайды, дандык
жүгөрүнү, май өсүмдүктөрүн, тамекини, дан буурчак жана көп жылдык
чөптөрдү себүү аянтын кењейтүү болжолдонууда. Мында картошканы, төө бу-
урчакты, пахтаны, жашылча жана бакча өсүмдүктөрүнүн себүү аянттары оп-
тималдаштырылат.
2005-жылдын жазында 563,0 мињ гектар аянтка жазгы айдоону жана
664,4 мињ гектар аянтка жаздык өсүмдүктөрдү себүүнү жүргүзүү зарыл.
Айылдык товар өндүрүүчүлөр сулу, күрүч, төө буурчак, кант кызылча-
сы, тамеки, картошка, беде, май, жашылча жана бакча өсүмдүктөрүнүн
сорттуу жана гибриддүү үрөндөрү менен толук камсыз кылынары болжолдону-
уда.
Жаздык буудайдын үрөнүнө болгон керектөө 43,5 мињ тонна болсо,
күтүлүүчү төгүү көлөмү 36,5 мињ тоннаны түзүп, 7 мињ тонна көлөмүндө,
жаздык арпага керектөө 16,8 мињ тонна болсо 15,3 мињ тонна төгүлүп, 1,5
мињ тонна көлөмүндө жетишпегендик бар.
Жалпысынан республика боюнча жаздык дан буудайдын үрөнү менен кам-
сыздоо 83,9 процентти, Чүй облусунда - 66 процентти, Баткенде - 65 про-
центти, Таласта - 43 процентти түзөт.
Чүй облусунун Кемин, Чүй жана Жайыл райондорунун чарбаларында жаз-
дык буудайдын үрөнүн себүү иштери начар уюштурулган, алардын көлөмү 30
процентти түзөт.
Республиканын түштүк региондорундагы айылдык товар
өндүрүүчүлөрүнүн пахта үрөнүнө керектөөсү 3,0 мињ тоннаны түзүп, иш
жүзүндө 2,4 мињ тонна (тартыштык - 0,6 мињ тонна) же 80 проценти себил-
ген.
Мындан тышкары 0,6 мињ тонна көлөмүндө соя дан буурчагынын үрөнү
жетишпейт. Соя үрөнүн сатып алуу "Кыргыз Республикасынын тамак-аш жана
кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү жана айыл чарба продукцияларын сатып
алуу, кайра иштетүү жана сатуу системасын өнүктүрүүнүн маркетингдик
стратегиясын бекитүү боюнча Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана
кайра иштетүү өнөр жай министрлиги жана жергиликтүү мамлекеттик адми-
нистрациялар тарабынан жүргүзүлүүчү иштер жөнүндө" Кыргыз Республикасы-
нын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 2-сентябрындагы № 662 токтому менен бекитил-
ген Кыргыз Республикасында соя дан буурчактарын өндүрүү жана кайра иш-
тетүү боюнча программаны ишке ашыруунун башталышы, ошондой эле респуб-
ликада канаттууларды өстүрүүнү өнүктүрүү үчүн өтө зарыл.
2005-жылдын башталышына карата 9 мињ тонна көлөмүндө жер семирт-
кичтер, 139 тонна өсүмдүктөрдү коргоо каражаттары топтолгон. Мында Чүй,
Ысыккөл, Нарын жана Талас облустарынын чарбакер субъекттеринде минерал-
дык жер семирткичтерди топтоо жетишсиз экендиги белгиленет,
өсүмдүктөрдү коргоо каражаттары Баткен, Ош, Ысыккөл, Нарын жана Талас
облустарында иш жүзүндө жок.
Ташкын сууларын өткөрүүгө жана вегетациялык сугатка мамлекеттик
сугат тармактарын даярдоо үчүн 34,8 млн. сом суммасында ремонт иштерин
аткаруу керек.
2005-жылдын 1-январына карата абал боюнча 2004-жылдын күзгү-кышкы
мезгили үчүн 6,43 млн.сом суммасындагы ремонт иштери аткарылган же 342
гидротехникалык курулмалар (пландын 27%), 492 гидропосттор (27%) оњдол-
гон. 82,9 мињ куб.метр (13%) көлөмүндө чарбалар аралык каналдарга, 20,8
мињ куб.метр (53%) көлөмүндө коллектордук-дренаждык тармактарга механи-
калык тазалоо жүргүзүлгөн. Ирригациялык тармактарды даярдоого 960 жу-
мушчу, 47 эксковатор, 34 бульдезор, 36 трактор, 8 автокран жана 45 ав-
томашина тартылган.
2005-жылы жазгы талаа жумуштарын уюшкандыкта жүргүзүүдө республи-
канын айылдык товар өндүрүүчүлөргө практикалык жардам көрсөтүү макса-
тында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. 2005-жылы жазгы талаа жумуштарын өз учурунда, сапаттуу даярдоо
жана өткөрүүнү камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана
кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин, жергиликтүү мамлекеттик адми-
нистрациялардын, агрардык өнүктүрүүнүн облустук жана райондук департа-
менттеринин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, дыйкан жана
фермердик чарбалардын, башка чарбакер субъекттердин, ошондой эле тие-
шелүү министрликтер менен администрациялык ведомстволордун маанилүү
милдеттери болуп эсептелсин.
2. 2005-жылы жазгы талаа, жыйноо жана күзгү талаа жумуштарынын
бүткүл комплексин даярдоого жана өткөрүүгө байланыштуу маселелерди опе-
ративдүү чечүү боюнча № 1 тиркемеге ылайык курамда Республикалык штаб
түзүлсүн.
Республикалык штабдын жумушчу органы болуп Кыргыз Республикасынын
Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги аныкталсын.
3. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары республи-
канын бардык облустарында жана райондорунда тиешелүү штабдарды түзүү
боюнча иштерди уюштурсун жана жазгы талаа жумуштарын даярдоонун жана
өткөрүүнүн жүрүшү тууралуу Республикалык штабга жума сайын маалымат бе-
рип турууну камсыз кылышсын.
4. Айыл чарба техникаларын өз учурунда даярдоо, чарбакер субъект-
терди үрөн, минералдык жер семирткич, өсүмдүктөрдү коргоо каражаттары,
күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздоо, ирригациялык жана коллек-
тордук-дренаждык тармактарын айыл чарба өсүмдүктөрүн сугарууга даярдыгы
жана күздүк дан өсүмдүктөрүн кошумча азыктандырууну оптималдуу агротех-
никалык мөөнөттөрдө жүргүзүү, ошондой эле колдонулбай жаткан айдоо жер-
лерин болушунча ишке киргизүү үчүн жергиликтүү мамлекеттик администра-
ция башчыларына жекече жоопкерчилик жүктөлсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр
жай министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ал-
дындагы Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду жергиликтүү мамле-
кеттик администрациялар менен бирдикте бюджеттик ссуда жана анын ичинде
"2004-жылы дан жана башка айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноону өз
учурунда жана уюшкандыкта өткөрүү боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Рес-
публикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 8-июлундагы № 513 токтомуна жана
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 24-сентябрындагы № 611-б
буйругуна ылайык Япония Өкмөтүнүн гранттарынын линиясы боюнча берилген
чет өлкөлүк кредиттер боюнча карыздарын чарбакер субъекттердин төлөө
эсебине айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сорттуу үрөнүнүн республикалык мамле-
кеттик үрөн фондуна жаздык дан жана башка айыл чарба өсүмдүктөрүнүн
үрөнүн топтоо боюнча иштерди күчөтүшсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр
жай министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин
алдындагы Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондуна ушул токтомдун
5-пунктунда көрсөтүлгөн үрөндү айылдык товар өндүрүүчүлөргө 2005-жылдын
түшүмүнөн 2005-жылдын 1-декабрына чейин төлөө мөөнөтү менен процентсиз
товардык кредитке берүү үчүн белгиленген тартипте пайдаланууга уруксат
берилсин.
7. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана
соода министрлигине караштуу Монополияга каршы саясат боюнча департа-
мент данга рынок баасынын жогорулашына байланыштуу жана айыл чарба
өсүмдүктөрүнүн сортгуу үрөнүнүн республикалык мамлекеттик үрөн фондунда
жаздык дан өсүмдүктөрүнүн үрөнүнүн жетишпеген көлөмүн топтоо үчүн
ыњгайлуу шарттарды түзүү максатында алардын баасын көбөйтүү жагын бир
жумалык мөөнөттө кайра карап чыксын.
8. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр
жай министрлиги облустардын мамлекеттик администрациялары менен бирдик-
те төмөнкүдөй максаттарда чараларды көрсүн:
- "Кыргыз Республикасынын тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын
өнүктүрүү жана айыл чарба продукцияларын сатып алуу, кайра иштетүү жана
сатуу системасын өнүктүрүүнүн маркетингдик стратегиясын бекитүү боюнча
Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай ми-
нистрлиги жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар тарабынан
жүргүзүлүүчү иштер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жыл-
дын 2-сентябрындагы № 662 токтому менен бекитилген Кыргыз Республика-
сында соя дан буурчактарын өндүрүү жана кайра иштетүү, үрөндөрдү издеп
табуу жана № 2 тиркемеге ылайык 2005-жылы сояны өндүрүштүк себүүлөр жа-
гынан тапшырмаларды аткаруу боюнча программанын баштапкы этабын ишке
ашыруу;
- кыртыштын асылдуулугун сактоо жана жакшыртуу үчүн бедени себүү
аянтын кењейтүү, мал чарбасы үчүн ишенимдүү тоют базасын түзүү, ошондой
эле Чүй облусунун үрөнчүлүк чарбаларында беденин үрөнүн сатып алууну
уюштуруу, анын үрөнүн экспорт үчүн өндүрүүнү көбөйтүү жана № 2 тиркеме-
ге ылайык 2005-жылы анын өндүрүштүк себүүлөр боюнча тапшырмаларды атка-
руу.
9. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- айылдык товар өндүрүүчүлөргө айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүн,
айыл чарба техникасын жана химиялаштыруу каражаттарын процентсиз кре-
дитке берүү үчүн 133,4 млн. сом, анын ичинде үрөн сатып алууга - 27
млн. сом, универсалдуу адистештирилген жер айдоочу тракторлорду, айыл
чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү үчүн сеялкаларды жана культиваторлорду сатып
алууга 50 млн. сом, айыл чарба машиналарын сатып алууга 34,4 млн. сом,
химиялаштыруу каражаттарын сатып алууга 22 млн.сом суммасында Кыргыз
Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
үчүн финансы каражаттарын издеп тапсын;
- каржылоонун жылдык көлөмүнүн 70 проценти өлчөмүндөгү каражаттар-
ды 2005-жылдын I кварталында бөлүүнү кароо менен Кыргыз Республикасынын
Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин Суу чарба
департаментинин объекттерин оњдоо-калыбына келтирүү иштерин биринчи ке-
зекте каржылоону камсыз кылсын;
- мамлекеттик насостук станциялар, скважиналар керектөөчү электр
энергиясына төлөөгө жана Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана
кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин Суу чарба департаментинин
өндүрүштүк-тиричиликтик муктаждыктарына 150,0 млн. сом (КНСти кошпогон-
до) суммасында каржылоону республиканын 2005-жылга мамлекеттик бюдже-
тинде карасын.
10. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр
жай министрлиги тендердик сатып алуулар ыкмасы менен республикада жана
анын чегинен сырткары төмөнкүлөрдү белгиленген тартипте сатып алсын:
- 14 млн. сом суммасына жаздык буудайдын үрөнүн;
- 2 млн. сом суммасына гречиха үрөнүн;
- 4 млн. сом суммасына пахта үрөнүн;
- 3 млн. сом суммасына соя дан буурчагынын үрөнүн;
- 2 млн. сом суммасына чет өлкөлөрдөн (кыргыз үрөнүн келечекте ке-
ректөөчүлөр) беденин оригиналдуу үрөнүн;
- 20 млн. сом суммасына минералдык жер семирткичтерди;
- 2 млн. сом суммасына соя үрөнүн себүү алдында иштетүү үчүн нит-
рагинди;
- 38 млн. сом суммасына универсалдуу адистештирилген айдап-себүү
тракторлорун;
- 12 млн. сом суммасына адистештирилген пахта сеялкаларын жана
культиваторлорду;
- 10 млн. сом суммасына соя үрөнүн себүүчү сеялкаларды;
- 8 млн. сом суммасына кызылча сеялкаларын;
- 12 млн. сом суммасына КРН-4,2 жана КОН-2,8 маркасындагы трактор-
дук культиваторлорду;
- 4,4 млн. сом суммасына тиштүү соколорду.
11. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр
жай министрлиги Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы
Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду менен бирдикте "Минералдык
жер семирткичтер, күйүүчү-майлоочу материалдар, өсүмдүктөрдү коргоо ка-
ражаттары түрүндө товардык кредиттерди жана мамлекет тарабынан товардык
жана финансылык жардам катарында алынуучу же тартылуучу мамлекеттик
кредиттердин эсебинен сатып алынуучу башка материалдык-техникалык ре-
сурстарды берүүнүн жана бөлүштүрүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жобону бе-
китүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 15-нояб-
рындагы № 670 токтомуна ылайык сатылып алынган үрөндөрдү, химиялаштыруу
каражаттарын, тракторлорду жана башка айыл чарба техникаларын белгилен-
ген тартипте бөлүштүрүүнү жүргүзсүн.
12. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана
соода министрлиги:
- жазгы талаа жумуштарын жүргүзүүдө айыл чарба техникаларынын
үзгүлтүксүз иштеши үчүн № 3 тиркемеге ылайык көлөмдө республиканын ре-
гиондорунда жүйүүчү-майлоочу материалдарды ташып жеткирүүнү жана топто-
ону камсыз кылсын;
- айыл чарба техникасына запастык бөлүктөрдү, түйүндөрдү жана аг-
регаттарды даярдоону жана чакан механизация каражаттарын чыгарууну рес-
публиканын өнөр жай ишканаларында жөнгө салуу боюнча тиешелүү уюштуруу
иштерин жүргүзсүн;
- Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр
жай министрлиги менен бирдикте "Кошой" жана "Кайыњды-Кант" акционердик
коомдорунун жетекчилиги менен макулдашуу боюнча 2005-жылдын түшүмүнөн
кант кызылчасын кабыл алууга жана кайра иштетүүгө келишимдердин шартта-
рын иштеп чыгып жана 2005-жылдын 20-февралына чейин жалпыга маалымдоо
каражаттарында жарыялоо менен кийин аларды республиканын кызылчачылары-
нын арасында кењири түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
13. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып
алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик комиссия үрөн,
күйүүчү-майлоочу материалдарды, жер семирткичтерди жана өсүмдүктөрдү
коргоо каражаттарын сатып алуу максатында кийин айылдык товар
өндүрүүчүлөргө товардык кредит катары берүү үчүн 10,0 мињ тонна
азык-түлүк буудай данын брондон чыгарсын.
14. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр
жай министрлиги Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы
Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду менен бирдикте ушул токтом-
дун 11-пунктунда аныкталган тартипте брондон чыгарылган азык-түлүк буу-
дай данын жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын, айыл
өкмөттөрүнүн жана айылдык товар өндүрүүчүлөрүнүн суроо-талаптарына ыла-
йык процентсиз товардык кредит катары 2005-жылдын 1-декабрына чейинки
мөөнөттө азык-түлүк даны менен төлөп берүү шартында бөлүштүрүп берсин.
15. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Энергетика боюнча
мамлекеттик агентство төмөнкүлөрдү бекитсин:
- Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр
жай министрлигинин Суу чарба департаментине 246,1 млн. кВт. саат, анын
ичинде насостук станциялар жана скважиналар үчүн - 230,0 млн. кВт. са-
ат, өндүрүштүк-тиричиликтик муктаждыктарына - 16,1 млн. кВт. саат
көлөмүндө электр энергиясын керектөө лимитин;
- 2002-жылдын тарифтеринде жалпы суммасы 74,7 млн. сомго 155,5
млн. кВт. саат көлөмүндө ички чарбалык насостук станциялар жана скважи-
налар үчүн облустардын мамлекеттик администрацияларына электр энергия-
сын керектөөнүн жењилдетилген лимитин.
16. Төмөнкүлөр сунуш кылынсын:
- Кыргыз айыл чарба финансы корпорациясына жазгы талаа жумуштарын
жүргүзүү үчүн айылдык товар өндүрүүчүлөргө кредиттерди артыкчылыктуу
тартипте берүү;
- "Кыргызайылтехсервис" лизинг компаниясы" ачык акционердик коому-
на жазгы талаа жумуштарын жүргүзүү мезгилинде айылдык товар
өндүрүүчүлөргө көрсөтүлүүчү кызматтардын көлөмдөрүн жана түрлөрүн
кењейтүү.
17. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
18. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү жана
жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жана Кыргыз Республикасынын Айыл, суу
чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр Н.Танаев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2005-жылдын 9-февралындагы № 69
токтомуна № 1 тиркеме
2005-жылы жазгы талаа, жыйноо жана күзгү талаа
жумуштарынын бүткүл комплексин даярдоого жана
өткөрүүгө байланыштуу маселелерди оперативдүү
чечүү боюнча республикалык штабдын
КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри - штабдын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай
министри - штабдын төрагасынын орун басары;
штабдын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин төрагасы
(макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соода
министринин биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кењешчиси;
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын агроөнөр
жай комплексин өнүктүрүү жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктар-
ды каттоо боюнча мамлекеттик агентствонун директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Энергетика боюнча мамле-
кеттик агентствонун директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар
жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Экономика-
ны өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондунун директору;
Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соода
министрлигине караштуу Монополияга каршы саясат боюнча департаментинин
директору;
Кыргыз айыл чарба финансы корпорациясынын аткаруучу директору;
"Кыргызайылтехсервис" лизинг компаниясы" ачык акционердик коомунун
президенти (макулдашуу боюнча);
Баткен облусунун мамлекеттик администрация башчысынын айыл чарба
маселелерин тейлөөчү орун басары;
Жалалабат облусунун мамлекеттик администрация башчысынын айыл чар-
ба маселелерин тейлөөчү орун басары;
Ысыккөл облусунун мамлекеттик администрация башчысынын айыл чарба
маселелерин тейлөөчү орун басары;
Нарын облусунун мамлекеттик администрация башчысынын айыл чарба
маселелерин тейлөөчү орун басары;
Ош облусунун мамлекеттик администрация башчысынын айыл чарба масе-
лелерин тейлөөчү орун басары;
Талас облусунун мамлекеттик администрация башчысынын айыл чарба
маселелерин тейлөөчү орун басары;
Чүй облусунун мамлекеттик администрация башчысынын айыл чарба ма-
селелерин тейлөөчү орун басары.
Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин
Аппарат жетекчиси - министр Б.Талгарбеков
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2005-жылдын 9-февралындагы № 69
токтомуна № 2 тиркеме
2005-жылы сояны өндүрүштүк себүүлөргө
коюу боюнча тапшырма
| Облустар | Үрөндүн көлөмү, тонна | Аянты, га |
| Жалалабат | 50 | 500 |
| Ош | 50 | 500 |
| Талас | 100 | 1000 |
| Чүй | 400 | 4000 |
| Республика боюнча | 600 | 6000 |
2005-жылы бедени өндүрүштүк себүүлөргө
коюу боюнча тапшырма
| Облустар | Үрөндүн көлөмү, тонна | Аянты, га |
| Баткен | 6,0 | 400 |
| Жалалабат | 37,5 | 2500 |
| Ысыккөл | 7,5 | 500 |
| Ош | 37,5 | 2500 |
| Талас | 20,0 | 1300 |
| Чүй | 86,0 | 5700 |
| Республика боюнча | 232,0 | 15400 |
Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин
Аппарат жетекчиси - министр Б.Талгарбеков
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2005-жылдын 9-февралындагы № 69
токтомуна № 3 тиркеме
2005-жылы жазгы талаа жумуштарын
жүргүзүүдө күйүүчү-майлоочу
материалдарды
КЕРЕКТӨӨ
(тонна)
| Облустар | Дизель | Автобензин | Дизель | Автол |
| отуну | майы | |||
| Баткен | 3638 | 1289 | 157 | 54 |
| Жалалабат | 7782 | 2312 | 380 | 81 |
| Ысыккөл | 4842 | 1452 | 169 | 43 |
| Ош | 5155 | 2060 | 206 | 82 |
| Талас | 2695 | 855 | 125 | 51 |
| Чүй | 9300 | 732 | 361 | 27 |
| Республика боюнча | 36412 | 9200 | 1523 | 378 |
Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин
Аппарат жетекчиси - министр Б.Талгарбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (4)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 22-августундагы № 392 " Кыргыз Республикасынын мамлекеттик резервине 2005-жылдын түшүмүнөн буудай данын сактоого коюу жөнүндө" токтомуПостановление · 22.08.2005 · № 392 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 14 апреля 2005 года N 157 "О мерах по своевременному и качественному проведению весенне-полевых работ в Кыргызской Республике в 2005 году"Постановление · 14.04.2005 · № 157 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 23-августундагы №606 "2006-жылдын түшүмүнөн алынган аштык буудайды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик резервине коюу жөнүндө" токтомуПостановление · 23.08.2006 · № 606 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- Постановление Правительства КР от 2 сентября 2004 года № 662 " О работе, проводимой Министерством сельского, водного хозяйства и перерабатывающей промышленности Кыргызской…Постановление · 02.09.2004 · № 662 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 15 ноября 2000 года N 670 " Об утверждении Типового положения о порядке выдачи и распределения товарных кредитов в виде минеральных удобрений…Постановление · 15.11.2000 · № 670 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 18 мартынын № 140 "Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Экология жана жаратылышты пайдалануу…Постановление · 18.03.2005 · № 140 · Күчүн жоготкон