Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 31 января 2012 года № 68 "О медико-социальной экспертизе в Кыргызской Республике"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-01-31.
КР Өкмөтүнүн
2012-жылдын 31-январындагы №68 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 3-февралы № 56
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү
жана толуктоолорду киргизүү
жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Окмотунун токтомунун
2008-жылдын 11-июль № 372 редакциясында)
Республиканын медициналык-социалдык экспертиза тармагындагы мый-
замдарын өркүндөтүү максатында, медициналык-социалдык экспертиза кызма-
тында жүргүзүлгөн өзгөртүп уюштурууну эске алуу менен Кыргыз Республи-
касынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 31-декабрындагы №
915 "Кыргыз Республикасында медициналык-социалдык экспертиза жөнүндө"
токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
а) 2-пунктунда:
- төртүнчү абзацындагы "он алты" деген сөздөр "он сегиз" деген
сөздөргө алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- Эмгектик мертинүүгө дуушар болгон адамдардын атайын транспорт-
тук каражат алуусу үчүн медициналык көрсөткүчтөрдүн тизмеси";
- токтом ушул токтомдун № 1 тиркемесине ылайык редакциядагы "Эм-
гектик мертинүүгө дуушар болгон адамдардын атайын транспорттук каражат
алуусу үчүн медициналык көрсөткүчтөрдүн тизмеси" менен толукталсын;
б) аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында медици-
налык-социалдык эксперттик комиссиялардын структурасында:
- "Бишкек шаары" бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы позиция менен толук-
талсын:
"Райондор аралык педиатриялык МСЭК";
в) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында
медициналык-социалдык экспертиза мекемелери жөнүндө жободо:
- 25-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"25. МСЭК саламаттык сактоонун оорулууларды ар тараптуу изилдөө
үчүн керектүү шарттары (ар кыл адистиктеги врачтар, диагностикалык ка-
бинеттер, лабораториялар) бар дарылоочу-алдын алуучу мекемелеринин ба-
засында, ижара акысын төлөбөстөн жайгаштырылат.";
г) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Он алты жашка чейинки
майып балдарга ай сайын пособие алууга укук берүүчү медициналык
көрсөткүчтөрдө:
- аталышында жана бүткүл тексти боюнча "он алты" жана "16 жаш" де-
ген сөздөр тийиштүү жөндөмөдөгү "он сегиз" жана "18 жаш" деген сөздөргө
алмаштырылсын;
- "6 айдан 2 жылга чейинки мөөнөткө майыптык белгилөөгө укук бере
турган патологиялык абалдар" деген 1 бөлүмүнүн 2-пункту төмөнкүдөй ре-
дакцияда баяндалсын:
"Калыбына келтирүүчү жана реабилитациялык дарылоону узакка талап
кылуучу абалдар.";
- "2 жылдан 5 жылга чейинки мөөнөткө майыптык белгилөөгө укук бере
турган патологиялык абалдар" деген II бөлүмүндө:
- "А" бөлүмчөсү төмөнкүдөй мазмундагы 1.8-пункт менен толукталсын:
"1.8. Аныкталган оорулардагы жана анык эмес генездеги, акыл-эстин
бир аз артта калышына барабар деменция.";
- "Б" бөлүмчөсү төмөнкүдөй мазмундагы 7 жана 8-пункт менен толук-
талсын:
"7. Көрүүнүн, угуунун, сүйлөөнүн, туруу-басуу аппаратынын айкалыш-
кан тубаса патологиясы.
8. Көздүн алдыњкы жана арткы бөлүгүнүн дарылоого кыйын болгон тез
кайталануучу сезгенүү процесстери.";
д) аталган токтом менен бекитилген Медициналык-социалдык эксперти-
заны жүргүзүүдө колдонулуучу классификация жана критерийлерде:
- "Кайтадан күбөлөндүрүү мөөнөтү коюлбаган майыптыкты аныктоо кри-
терийлери" деген бөлүмдүн 6-пунктунун "б)" жана "в)" пунктчалары "Чер-
нобыль катастрофасынан жабыр тарткан Кыргыз Республикасынын жарандарын
социалдык коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына" деген
сөздөрдөн кийин "жана Мамлекеттик социалдык пенсиялык камсыздандыруу
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына" деген сөздөр менен толуктал-
сын;
е) аталган токтом менен бекитилген Адамды майып деп таануу жөнүндө
жободо:
- бүткүл тексти боюнча "16 жаш" жана "он алты" деген сөздөр ти-
йиштүү жөндөмөлөрдө "18 жаш" жана "он сегиз" деген сөздөргө алмаштырыл-
сын;
"Медициналык-социалдык экспертизага жолдомо берүүнүн тартиби" де-
ген II бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы 13-пункт менен толукталсын:
"13. Психикасында мандеми бар, мажбурлап дарылоодогу адамдар МСЭК
жөнүндө колдонуудагы жоболорго ылайык МСЭКтен күбөлөндүрүүдөн жалпы не-
гиздерде өтүүгө укуктуу.";
"13. Психикасында мандеми бар, мажбурлап дарылоодогу адамдар МСЭК
жөнүндө колдонуудагы жоболорго ылайык МСЭКтен күбөлөндүрүүдөн жалпы не-
гиздерде өтүүгө укуктуу.";
- 13-40-пункттары иретине жараша 14-41-пункттар деп эсептелсин.
2. Кучун жоготту Кыргыз Республикасынын Окмотунун токтомунун
2008-жылдын 11-июль № 372 редакциясында).
3. Ушул токтомдун 2-пунктунда каралган кызматтык маяналар Кыргыз
Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлигинин Меди-
циналык-социалдык экспертиза жана майыптарды реабилитациялоо борборуна
2005-жылга каралган каражаттардын чегинде 2005-жылдын 1-январынан баш-
тап жогорулатылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 7-июлундагы № 412
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 19-ноябрындагы № 717
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарынын
карамагындагы органдарда, мекемелерде, уюмдарда иштеген кызматкерлерге
эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү туура-
луу" токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.
Премьер-министр Н.Танаев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2005-жылдын 3-февралындагы № 56
токтомуна № 1 тиркеме
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2002-жылдын 31-декабрындагы
№ 915 токтому менен
бекитилген
Эмгектик мертинүүгө дуушар болгон адамдардын
атайын транспорттук каражат алуусу үчүн
медициналык көрсөткүчтөрдүн
тизмеси
1. Эки сандын же шыйрактын мултугу, анын ичинде Пирогов, Сайм бо-
юнча операциялардан кийинкилер.
2. Бир сандын мултугу кайсы дењгээлде экенине жана протездөөгө жа-
рактуулугуна карабастан.
3. Бир шыйрактын мултугу кайсы дењгээлде экенине жана протездөөгө
жарактуулугуна карабастан.
4. Эки тамандын мултугу Шопар муунунун дењгээлинде же андан жого-
рураак дењгээлдеги мултуктар.
5. Сөөктөрдүн жана муундардын оорулары, буттун турууну жана басуу-
ну орчундуу кыйындаткан деформациялары.
6. Сандын же шыйрактын эки сөөгүнүн тењ жалган мууну же чоњ кемти-
ги, жамбаш-сан муундун же тизенин мууну шалакташы, жамбаш-сан муундун
же тизенин муундарынын ачык чыккан контрактурасы же анкилозу, бир бут-
тун функциясы сакталган шартта экинчи буттун 10 см же андан ашык кыска-
рышы.
7. Эки буттун тењ кызыл ашык муундарынын анкилозу же ачык көрүнгөн
контрактурасы.
8. Эки буттун тењ шалдыгы жана парези, басууну орчундуу кыйындат-
кан параплегия, гемипарез, гемиплегия.
9. Бир буттун шалдыгы же ачык көрүнгөн парези.
10. Бир буттун нерв-кан тамыр түйүнү орчундуу трофикалык мандем
менен бузулушу (айыкпаган чоњ жаралар).
11. Омуртканын басууну жана турууну орчундуу кыйындаткан оорулары,
деформациясы.
12. Буттардын чоњ муундарына тарап анкилозго айланган спондилоарт-
рит.
13. Буттун ылдыйкы бөлүктөрүнүн артерияларынын тромба уюп, II же
андан жогорку даражалардагы артериялык өнөкөт жетишсиздик оорулары.
14. Эки буттун тењ ылдыйкы бөлүктөрүнүн веналарынын тромбофлебит
же трофикалык бузулуу менен татаалдашкан варикоздук кењейүүсү, хирурги-
ялык дарылоо мүмкүн эмес же ийгиликсиз болгон шартта.
15. Эки буттун тењ ылдыйкы бөлүктөрүнүн дулайы.
16. Өпкөнүн эмфиземасынын оор формалары (II даражадагы кардиопуль-
мондук жетишсиздик болгон пневмосклероздор).
17. Өпкөнүн катып калышы.
18. Ачык көрүнгөн атаксия, гиперкинетикалык, амиостатикалык синд-
ром.
19. Жамбаш-сан муундардын же эки тизенин тењ муундарынын эндопро-
тези.
20. Бир буттун патологиясынын өнөкөт (2 жылдан ашык) остеомиелит
менен коштолгон, тешиги бар, секвестр көњдөйлүү патологиясы.".
Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин
Аппарат жетекчиси-манистр Б.Талгарбеков
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2005-жылдын 3-февралындагы
№ 55 токтомуна
№ 2 тиркеме
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык
жактан коргоо министрлигинин Медициналык-
социалдык экспертиза жана майыптарды
реабилитациялоо борборунун
кызматкерлеринин кызмат-
тык маяналары
| Кызмат орун | Кызматтык |
| маяна | |
| (сом) | |
| МСЭ жана МР борборунун директору | 3500 |
| Башкы бухгалтер | 2900 |
| Башкы адис | 2000 |
| Жетектөөчү адис | 1800 |
| I категориядагы адис | 1300 |
| МСЭ жана МР борборунун жогорку категориядагы эксперт-врачы, | 2500 |
| реабилитолог-врачы, методист-врачы | |
| МСЭ жана МР борборунун 1-категориядагы эксперт-врачы, реа- | 2300 |
| билитолог-врачы, методист-врачы | |
| МСЭ жана МР борборунун категориясыз эксперт-врачы, реабили- | 1900 |
| толог-врачы, методист-врачы | |
| Региондор аралык МСЭКтин төрагасы | 2500 |
| Облустук МСЭКтин төрагасы | 2400 |
| Облустар аралык жана адистештирилген | |
| облустук МСЭКтин төрагасы | 2300 |
| Райондор аралык МСЭКтин төрагасы | 2100 |
| Жогорку квалификациялык категориядагы эксперт врач | 1900 |
| Биринчи квалификациялык категориядагы врач-эксперт | 1800 |
| Экинчи квалификациялык категориядагы эксперт врач | 1700 |
| Квалификациялык категориясыз эксперт врач | 1600 |
| Жогорку квалификациялык категориядагы медсестра | 1100 |
| Биринчи квалификациялык категориядагы медсестра | 1000 |
| Экинчи квалификациялык категориясыз медсестра | 900 |
| Квалификациялык категориясыз медсестра | 800 |
| Медициналык билими жок медициналык регистратор | 700 |
| Жогорку квалификациялык категориядагы медициналык билимдүү | 950 |
| медрегистратор | |
| Биринчи квалификациялык категориядагы медициналык билимдүү | 850 |
| медрегистратор | |
| Экинчи квалификациялык категориядагы медициналык билимдүү | 750 |
| медрегистратор | |
| Бардыгы: | 41550 |
| Реабилитациялык-диагностикалык стационар | |
| Башкы врач | 2800 |
| Стационардын башчысы | 2000 |
| Жетектөөчү адис | 1600 |
| 1-категориядагы адис | 1200 |
| Врач-травматолог-ортопед | 1600 |
| Врач-психотерапевт | 1600 |
| Врач-педиатр | 1600 |
| Врач-невропатолог | 1600 |
| Врач-стоматолог | 1600 |
| Врач-эмгектик терапевт | 1600 |
| Врач-оккупациялык терапевт | 1600 |
| Врач-логопед | 1600 |
| Врач-физиотерапевт | 1600 |
| Врач-кан тамырлар хирургу | 1600 |
| Врач-отоларинголог | 1600 |
| Врач-офтальмолог | 1600 |
| Врач-реабилитолог | 1600 |
| Врач-методист | 1600 |
| Врач-психолог | 1500 |
| Врач-протезист | 1600 |
| Тиш техник | 1600 |
| Тарбиячылар | 1500 |
| Эмгек боюнча нускоочу | 1500 |
| Окутуучу | 1500 |
| Массажист | 1500 |
| Дарылоочу дене тарбиянын нускоочусу | 1500 |
| Башкы медсестра | 1200 |
| Улук медсестра | 1000 |
| Медсестра | 800 |
| Медрегистратор | 700 |
| Бардыгы: | 45900 |
| жыйынтыгы: |
Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин
Аппарат жетекчиси - министр Б.Талгарбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 7 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (5)
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 31-январындагы № 68 "Кыргыз Республикасындагы медициналык-социалдык экспертиза жөнүндө" токтомуПостановление · 31.01.2012 · № 68
- Постановление Правительства КР от 31 декабря 2002 года № 915 "О медико-социальной экспертизе в Кыргызской Республике"Постановление · 31.12.2002 · № 915 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-июлундагы № 372 "Мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген жана мамлекеттик…Постановление · 11.07.2008 · № 372 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 30-июнундагы №254 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарынын карамагындагы органдарда, мекемелерде…Постановление · 19.11.2001 · № 717 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 7 июля 2003 года № 412 "О внесении изменения в постановление Правительства Кыргызской Республики от 19 ноября 2001 года N 717 "Об условиях…Постановление · 07.07.2003 · № 412 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (7)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылынын 3-февралынын № 55 "Аскер кызматчыларынын жана окуу менен атайын жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөрдүн жана аларга…Постановление · 03.02.2005 · № 55
- Чернобылдагы ькыйроонун натыйжасында жапа чеккен Кыргыз Республикасынын граждандарын социалдык жактан коргоо жөнүндөЗакон · 07.05.1993 · № 1196-XII
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 31-январындагы № 68 "Кыргыз Республикасындагы медициналык-социалдык экспертиза жөнүндө" токтомуПостановление · 31.01.2012 · № 68
- Постановление Правительства КР от 31 декабря 2002 года № 915 "О медико-социальной экспертизе в Кыргызской Республике"Постановление · 31.12.2002 · № 915 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-июлундагы № 372 "Мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген жана мамлекеттик…Постановление · 11.07.2008 · № 372 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 30-июнундагы №254 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарынын карамагындагы органдарда, мекемелерде…Постановление · 19.11.2001 · № 717 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 7 июля 2003 года № 412 "О внесении изменения в постановление Правительства Кыргызской Республики от 19 ноября 2001 года N 717 "Об условиях…Постановление · 07.07.2003 · № 412 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндөЗакон · 21.07.1997 · № 57