# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылынын 3-февралынын № 55 "Аскер кызматчыларынын жана окуу менен атайын жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөрдүн жана аларга теңештирилген адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" Токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылынын 3-февралынын № 55 "Аскер кызматчыларынын жана окуу менен атайын жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөрдүн жана аларга теңештирилген адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" Токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 55
- Кабыл алынган күнү: 03.02.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.02.2005
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/56131>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-10609/edition/324906/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/56131.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.02.2005 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылынын 3-февралынын № 55 "Аскер кызматчыларынын жана окуу менен атайын жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөрдүн жана аларга теңештирилген адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" Токтому (03.02.2005 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/56131

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 3-февралы № 55

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Аскер кызматчыларынын жана окуу менен атайын

жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөрдүн

жана аларга тењештирилген адамдардын өмүрүн

жана саламаттыгын милдеттүү мамлекеттик

камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Респуб-

ликасынын Мыйзамын ишке ашыруу

боюнча чаралар тууралуу

"Аскер кызматчыларынын жана окуу менен атайын жыйындарга чакырыл-

ган аскерге милдеттүүлөрдүн жана аларга тењештирилген адамдардын өмүрүн

жана саламаттыгын милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом

кылат:

1. Тиркелгендер бекитилсин:

- окутуучу жана атайын жыйындарга чакырылган аскер кызматчыларынын

жана аскерге милдеттүүлөрдүн жана аларга тењештирилген адамдардын

өмүрүн жана ден соолугун милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу боюнча

камсыздалгандарга камсыздандыруу суммаларын төлөө жөнүндө чечим кабыл

алуу үчүн керектүү документтердин тизмеси;

- окутуучу жана атайын жыйындарга чакырылган аскер кызматчыларына

жана аскерге милдеттүүлөргө жана аларга тењештирилген адамдарга өмүрүн

жана саламаттыгын милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу боюнча камсыз-

далгандарда камсыздандыруу учуру пайда болгону жөнүндө чечим кабыл алы-

на турган оор же жењил мертинүүлөрдүн (травмалардын, жаракаттардын,

контузиялардын) тизмеси.

2. Күчүн жоготту деп эсептелсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 4-сентябрындагы №

544 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларын жа-

на машыктыруучу жана атайын жыйындарга чакырылган аскерге мил-

деттүүлөрдүн өмүрүн жана ден соолугун милдеттүү мамлекеттик камсыздан-

дыруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 26-декабрындагы №

814 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 4-сентябрындагы № 544

"Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларын жана

машыктыруучу жана атайын жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөрдүн

өмүрүн жана ден соолугун милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу жөнүндө

жобону бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү

киргизүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 31-декабрындагы №

915 "Кыргыз Республикасында медициналык-социалдык экспертиза жөнүндө"

токтомунун 5-пунктунун экинчи абзацы;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 12-январындагы № 14

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана

толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту.

Премьер-министр Н.Танаев
