# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 20-январындагы № 24 "ОREMI" ачык акционердик коомунун Исламдык өнүктүрүү банкынын кредити боюнча карызын реструктуралоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 20-январындагы № 24 "ОREMI" ачык акционердик коомунун Исламдык өнүктүрүү банкынын кредити боюнча карызын реструктуралоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 24
- Кабыл алынган күнү: 20.01.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.01.2005
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/56129>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-10607/edition/324904/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/56129.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2005 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 20-январындагы № 24 "ОREMI" ачык акционердик коомунун Исламдык өнүктүрүү банкынын кредити боюнча карызын реструктуралоо жөнүндө" токтому (20.01.2005 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/56129

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 20-январы № 24

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"ОREMI" ачык акционердик коомунун Исламдык өнүктүрүү

банкынын кредити боюнча карызын реструктуралоо жөнүндө

"ОREMI" ачык акционердик коомунун ийгиликтүү иштешинин Кыргыз Рес-

публикасындагы өзгөчө маанисин жана социалдык-экономикалык мазмунун

белгилеп, Исламдык өнүктүрүү банкынын кредити боюнча карызды реструкту-

ралоонун экономикалык ылайыктуулугун жана зарылдыгын эске алып, ошондой

эле ишкананын финансылык-экономикалык абалын жакшыртуу максатында Кыр-

гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "ОREMI" ачык акцио-

нердик коомунун 2001-жылдын 20-январындагы карыздык милдеттенме боюнча

карызынын калдыгын төмөнкүдөй шарттарда аныкталган тартипте реструкту-

раласын:

- карызды жоюу мөөнөтү 2005-жылдын 15-июнунан баштап 2020-жылдын

15-декабрына чейин белгиленсин;

- мөөнөтү кечиктирилген карыздын проценттер боюнча суммасы

2004-жылдын 15-декабрына карата капиталдаштырылсын. Бүткүл карыз

2004-жылдын 15-декабрына карата 6829345,93 АКШ долларын түзөт, анын

ичинде негизги сумма боюнча 5765351,05 АКШ доллары, мөөнөтү кечиктирил-

ген проценттер 1063994,88 АКШ доллары;

- негизги сумманы жоюунун жењилдетилген мезгили 2005-жылдын 15-ию-

нунан 2010-жылдын 15-декабрына чейин белгиленсин;

- 2005-жылдын 15-июнунан 2010-жылдын 15-декабрына чейинки мезгилде

проценттерди төлөөнүн туруктуу суммасы белгиленсин, 2005-жылдын 15-ию-

нунан 2010-жылдын 15-декабрына чейинки мезгилде эсептелген проценттер-

дин калдыгы капиталдаштырылсын;

- проценттер 2004-жылдын 15-декабрынан баштап жылдык 7,1 процент

өлчөмдөгү ставка боюнча эсептелсин, проценттерди жоюуну баштоочу күн

2005-жылдын 15-июну;

- кредит боюнча мөөнөтү кечиктирилген төлөмдөр үчүн айыптык санк-

циялар 1 процент жылдык өлчөмүндө белгиленсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын экономика, өнөр жай жана соода башкар-

малыгына жүктөлсүн.

Премьер-министр Н.Танаев
