Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «ОREMI» ачык акционердик коомунун Исламдык өнүктүрүү банкынын кредити боюнча карызын реструктуралоо жөнүндө» токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 20-январы № 24
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"ОREMI" ачык акционердик коомунун Исламдык өнүктүрүү
банкынын кредити боюнча карызын реструктуралоо жөнүндө
"ОREMI" ачык акционердик коомунун ийгиликтүү иштешинин Кыргыз Рес-
публикасындагы өзгөчө маанисин жана социалдык-экономикалык мазмунун
белгилеп, Исламдык өнүктүрүү банкынын кредити боюнча карызды реструкту-
ралоонун экономикалык ылайыктуулугун жана зарылдыгын эске алып, ошондой
эле ишкананын финансылык-экономикалык абалын жакшыртуу максатында Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "ОREMI" ачык акцио-
нердик коомунун 2001-жылдын 20-январындагы карыздык милдеттенме боюнча
карызынын калдыгын төмөнкүдөй шарттарда аныкталган тартипте реструкту-
раласын:
- карызды жоюу мөөнөтү 2005-жылдын 15-июнунан баштап 2020-жылдын
15-декабрына чейин белгиленсин;
- мөөнөтү кечиктирилген карыздын проценттер боюнча суммасы
2004-жылдын 15-декабрына карата капиталдаштырылсын. Бүткүл карыз
2004-жылдын 15-декабрына карата 6829345,93 АКШ долларын түзөт, анын
ичинде негизги сумма боюнча 5765351,05 АКШ доллары, мөөнөтү кечиктирил-
ген проценттер 1063994,88 АКШ доллары;
- негизги сумманы жоюунун жењилдетилген мезгили 2005-жылдын 15-ию-
нунан 2010-жылдын 15-декабрына чейин белгиленсин;
- 2005-жылдын 15-июнунан 2010-жылдын 15-декабрына чейинки мезгилде
проценттерди төлөөнүн туруктуу суммасы белгиленсин, 2005-жылдын 15-ию-
нунан 2010-жылдын 15-декабрына чейинки мезгилде эсептелген проценттер-
дин калдыгы капиталдаштырылсын;
- проценттер 2004-жылдын 15-декабрынан баштап жылдык 7,1 процент
өлчөмдөгү ставка боюнча эсептелсин, проценттерди жоюуну баштоочу күн
2005-жылдын 15-июну;
- кредит боюнча мөөнөтү кечиктирилген төлөмдөр үчүн айыптык санк-
циялар 1 процент жылдык өлчөмүндө белгиленсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын экономика, өнөр жай жана соода башкар-
малыгына жүктөлсүн.
Премьер-министр Н.Танаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 24.06.2022 · № 335
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 29-майындагы № 384 " 2006-жылдын I кварталы үчүн Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө" токтомуПостановление · 29.05.2006 · № 384 · Күчүн жоготкон