# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 31-январындагы № 45 "Кыргыз Республикасында асыл тукум мал чарбачылыкты өнүктүрүүнүн 2010-жылга чейинки концепциясы жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 31-январындагы № 45 "Кыргыз Республикасында асыл тукум мал чарбачылыкты өнүктүрүүнүн 2010-жылга чейинки концепциясы жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 45
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.03.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/56122>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-10602/edition/753397/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/56122.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.03.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 31-январындагы № 45 "Кыргыз Республикасында асыл тукум мал чарбачылыкты өнүктүрүүнүн 2010-жылга чейинки концепциясы жөнүндө" токтому (28.03.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/56122

---

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 28-мартындагы N 151 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 31-январы № 45

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасында асыл тукум мал

чарбачылыкты өнүктүрүүнүн 2010-жылга

чейинки концепциясы жөнүндө

Асыл тукум мал чарбачылыкты өнүктүрүү, ошондой эле асыл тукум жа-

ныбарлардын сапатын жакшыртуу үчүн шарттарды түзүү жана асыл тукум чар-

балардын материалдык-техникалык базасын чыњдоо максатында Кыргыз Рес-

публикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Тиркелген: Кыргыз Республикасында асыл тукум мал чарбачылыкты

өнүктүрүүнүн 2010-жылга чейинки концепциясы бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр

жай министрлиги "Кыргыз Республикасынын асыл тукум мал чарбачылыкты

өнүктүрүүнүн 2010-жылга чейинки концепциясында" каралган иш-чаралардын

аткарылышын камсыздасын.

3. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар:

- асыл тукум жаныбарлардын санын көбөйтүү боюнча керектүү чаралар-

ды көрүшсүн жана генофонддун сакталышын камсыздашсын;

- асыл тукум чарбаларга Айыл чарбалык жерлерди кайра бөлүштүрүү

фондунун жерлерин биринчи кезекте, асыл тукум мал чарбачылыкты

өнүктүрүүнү камсыздоочу көлөмдөрдө, ижара келишимин жењилдиктүү шартта

түзүү менен бөлүп беришсин.

4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасы-

нын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги менен бир-

дикте асыл тукум мал чарба тармагын өнүктүрүү боюнча иш-чараларды кар-

жылоонун альтернативдүү булактарын аныктасын.

5. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана

соода министрлиги Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иш-

тетүү өнөр жай министрлиги тапшырган конкреттүү инвестициялык долбоор-

лордун негизинде эл аралык, донорлук жана демөөрчүлүк уюмдардын кара-

жаттарын асыл тукум мал чарбачылыкты кармоо, сактоо жана өнүктүрүү үчүн

тартсын.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын агроөнөржай комплексин өнүктүрүү жана

жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр Н.Танаев
