# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 25-январындагы № 37 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 25-январындагы № 37 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 37
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.05.2005
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/56112>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-10596/edition/324880/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/56112.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.05.2005 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 25-январындагы № 37 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому (12.05.2005 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/56112

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2005-жылдын 12-майындагы № 183 токтомуна

ылайык күчүн жоготкон

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 25-январы № 37

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү

жана толуктоолорду киргизүү

жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 21-июнундагы № 286

"Кадрлык маселелер боюнча нормативдик документтерди бекитүү жөнүндө"

токтому менен бекитилген Дайындоо, бекитүү (бошотуу) Кыргыз Республика-

сынын Премьер-министринин буйругу менен ишке ашырылуучу кызмат орундар-

дын номенклатурасынын I бөлүмүнө төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-

лекеттик комитети" деген бөлүмчө төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"--------------------------------------------------------------------

| Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу |  |  |
| --- | --- | --- |
| боюнча мамлекеттик комитети |  |  |
| Төраганын биринчи орун басары | 1 |  |
| Төраганын орун басары | 1 |  |
| Мамлекеттик мүлк фондунун директору | 1 |  |
| Коллегия мүчөлөрү (\*) | 11 |  |

--------------------------------------------------------------------";

- "Бардыгы кызмат орундар" деген позициядагы "326" деген сан "327"

деген санга алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 26-майындагы № 383

"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик

комитети жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мам-

лекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети жөнүндө жобого

төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:

- 12-пунктунун 12.6-пункту "жана анын бардык ведомстволук органда-

рынын" деген сөздөрдөн кийин "Мамлекеттик мүлк фондунун директорунан

башка" деген сөздөр менен толукталсын;

- 22-пунктундагы "Маммүлккомдун төрагасы дайындаган" деген сөздөр

"Кыргыз Республикасынын Премьер-министри дайындаган" деген сөздөргө ал-

маштырылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-

лекеттик комитети өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

Премьер-министр Н.Танаев
