# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 19-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 26-апрелиндеги № 296 токтому менен бекитилген 2004-2006-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасында муниципалдык менчикти башкаруу концепциясын ишке ашыруу боюнча рекомендацияларды жактыруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 19-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 26-апрелиндеги № 296 токтому менен бекитилген 2004-2006-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасында муниципалдык менчикти башкаруу концепциясын ишке ашыруу боюнча рекомендацияларды жактыруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 19.01.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 19.01.2005
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/56109>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-10593/edition/1149086/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/56109.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.01.2005 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 19-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 26-апрелиндеги № 296 токтому менен бекитилген 2004-2006-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасында муниципалдык менчикти башкаруу концепциясын ишке ашыруу боюнча рекомендацияларды жактыруу жөнүндө" токтому (19.01.2005 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/56109

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 19-январы № 23

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын

26-апрелиндеги № 296 токтому менен бекитилген

2004-2006-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасында

муниципалдык менчикти башкаруу концепциясын ишке

ашыруу боюнча рекомендацияларды жактыруу

жөнүндө

"2004-2006-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасында муниципалдык

менчикти башкаруу концепциясын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн 2004-жылдын 26-апрелиндеги № 296 токтомуна ылайык, ошондой

эле муниципалдык менчикти башкаруу натыйжалуулугун жогорулатуу макса-

тында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 26-апрелиндеги №

296 токтому менен бекитилген 2004-2006-жылдар мезгилине Кыргыз Респуб-

ликасында муниципалдык менчикти башкаруу концепциясын ишке ашыруу боюн-

ча тиркелген Рекомендациялар (мындан ары - Рекомендациялар) жактырь-

шсын.

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана жергиликтүү

мамлекеттик администрацияларга өз ишинде ушул токтомду жетекчиликке

алуу сунушталсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын башкармалыктарына жана бөлүмдөрүнө,

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана региондук

өнүктүрүү иштери боюнча министрине жүктөлсүн.

Премьер-министр Н.Танаев
