# Постановление Правительства КР от 28 декабря 2004 года № 965 "О внесении изменений в постановление Правительства Кыргызской Республики от 2 августа 2001 года № 406 "О типовой структуре и штатной численности аппаратов мэрий городов областного подчинения"

- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 965
- Кабыл алынган күнү: 28.12.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.04.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/56102>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-10588/edition/580480/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/56102.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.04.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Постановление Правительства КР от 28 декабря 2004 года № 965 "О внесении изменений в постановление Правительства Кыргызской Республики от 2 августа 2001 года № 406 "О типовой структуре и штатной численности аппаратов мэрий городов областного подчинения" (14.04.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/56102

---

КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-апрелинин № 230 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ 2004-жылдын 28-декабры № 965

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 2-августундагы № 406 "Областтык баш ийүүдөгү шаарлардын мэрияларынын аппараттарынын типтүү структурасы жана штаттык саны жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-июнундагы № 285 токтомунун редакциясына ылайык)

"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик ад- министрациялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Рес- публикасынын Президентинин 2003-жылдын 5-августундагы № 259 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 28-декабрындагы "Кыргыз Рес- публикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын структурасын андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндөгү" Указына өзгөртүүлөрдү жана толук- тоолорду киргизүү тууралуу" Жарлыгына, ошондой эле Кыргыз Республикасы- нын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 21-июнундагы № 367 "Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусунун жана Аксуу районунун Каракол шаарынын мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарын уюштуруу боюнча чаралар жөнүндө" жана 2003-жылдын 4-августундагы № 488 "Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Токмок шаарынын жана Чүй районунун мамлекеттик бийлик жана башкаруу ор- гандарын уюштуруу боюнча чаралар жөнүндө", 2004-жылдын 6-сентябрындагы № 666 "Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Нарын районунун мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарын уюштуруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомдоруна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ток- том кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 2-августундагы №

406 "Областтык баш ийүүдөгү шаарлардын мэрияларынын аппараттарынын типтүү структурасы жана штаттык саны жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- аталышында жана бүткүл тексти боюнча "областтык баш ийүүдөгү"

деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдө "облустук маанидеги" деген сөздөргө ал- маштырылсын. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-июнундагы № 285 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана региондук өнүктүрүү иштери боюнча министрине жүктөлсүн.
