# Ленин айылдык кеңешинин 2021-жылдын 17-мартындагы № 6 "Компенсация күйүчү май жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ленин айылдык кеңешинин 2021-жылдын 17-мартындагы № 6 "Компенсация күйүчү май жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 6
- Кабыл алынган күнү: 17.03.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.03.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/560071>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-76981/edition/1169727/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.03.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ленин айылдык кеңешинин 2021-жылдын 17-мартындагы № 6 "Компенсация күйүчү май жөнүндө" токтому (17.03.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/560071

---

ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ленин айылдык Кеңешинин XXIX сессиясы

2021-жылдын 17-марты № 6 Компенсация күйүчү май жөнүндө Күн тартибиндеги маселе боюнча Ленин айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Жолдошева Айнура чыгып билдирүү жасады. Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Ленин айылдык Кеңешинин XXIX сессиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызматтык кыдыруулар үчүн айыл өкмөт башчысынын жеке менчик “Тойота-РАФ-4” маркасындагы автоунаасы пайдаланууга алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 18-сентябрындагы № 672 токтомунун:

5-пунктуна ылайык документтер бухгалтерияга тапшырылсын; 1,3,7,8-пунктарынын негизинде компенсациянын өлчөмүн эсептеп чыгаруу жагы каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Жолдошева Айнурага милдеттендирилсин.

3. Компенсация күйүүчү май (бензин) катары мамлекеттик сатып алуулар порталына берилип, алынып берилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

Ленин айылдык кеңешинин төрагасы:

М. Кеңешбаев
