# Үч-Терек айылдык кенешинин 2021-жылдын 14-июлундагы № 8 "Үч-Терек инженердик техникалары муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгүнүн мыйзамдуулугун жана техникалардын техникалык абалын текшертүү боюнча тиешелүү органдарга кат жолдоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Үч-Терек айылдык кенешинин 2021-жылдын 14-июлундагы № 8 "Үч-Терек инженердик техникалары муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгүнүн мыйзамдуулугун жана техникалардын техникалык абалын текшертүү боюнча тиешелүү органдарга кат жолдоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 8
- Кабыл алынган күнү: 14.07.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.07.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/560032>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-76942/edition/1169589/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.07.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үч-Терек айылдык кенешинин 2021-жылдын 14-июлундагы № 8 "Үч-Терек инженердик техникалары муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгүнүн мыйзамдуулугун жана техникалардын техникалык абалын текшертүү боюнча тиешелүү органдарга кат жолдоо жөнүндө" токтому (14.07.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/560032

---

ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад облусу,Токтогул району, Эл депутаттарынын Үч-Терек айылдык кеӊешинин VIII-чакырылышынын кезектеги-IV сессиясы

2021-жылдын 14-июлу № 8 Үч-Терек инженердик техникалары муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгүнүн мыйзамдуулугун жана техникалардын техникалык абалын текшертүү боюнча тиешелүү органдарга кат жолдоо жөнүндө Үч-Терек айылдык кеӊешинин VIII-чакырылышынын кезектеги IV–сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Мыйзамдуулук, бюджет жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиялардын биргелешкен отурумунун чечими эске алынсын.

2. Үч-Терек инженердик техникалары муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгүнүн мыйзамдуулугун жана техникалардын техникалык абалын текшертүү боюнча тиешелүү органдарга кат жолдоо жагы мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.

4. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды .

Үч-Терек айылдык кенешинин төрагасы:

А. Дөөлөткелдиев
