# 9-статья. Банктын уюштуруу документтери

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/560)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 29-июлундагы № 60 "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 29.07.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 26 марта 2003 года № 63 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банках и банковской деятельности в Кыргызской Республике".](https://aqlex.ai/kg/doc/1187)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/560#diff=764613..764614>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/560/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-529/edition/764613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/560/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө, 9-статья (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/560/st-9

---

1. Банк уюштуруу келишиминин негизинде түзүлөт жана өз уставына

ылайык иш жүргүзөт.

2. Банктын уставы мыйзамдарда каралган маалыматтардан тышкары,

милдеттүү түрдө:

1) толук жана кыскартылган түрдөгү банктын фирмалык аталышын;

2) банктын уюштуруу-укуктук түрү жана менчигинин түрү тууралу маа-

лыматтарды;

3) банктын башкаруу органдары тууралу жоболорду;

4) банктын башкаруу органдарынын чечимдер кабыл алуусунун тарти-

бин, анын ичинде акционерлердин квалификациялуу көпчүлүк добушу зарыл болгон маселелердин тизмесин;

5) чет өлкөдө уюштурулган чет өлкө банкынын филиалы ачылган учурда

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын аткарылышы жөнүндөгү жобону;

6) банк ишинин өзгөчөлүктөрүнө байланышкан Кыргыз Республикасынын

мыйзамдарына каршы келбеген башка жоболорду камтууга тийиш.

3. Банк банктын уюштуруу документтерине киргизилүүчү бардык өзгөр-

түүлөр жана толуктоолор тууралу, тиешелүү чечим кабыл алынган күндөн тартып бир айдын ичинде Кыргыз банкына билдирүүгө милдеттүү. Мыйзамдарда каралган учурларда банктын уставына киргизилүүчү бар- дык өзгөртүүлөр жана толуктоолор мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш. Банк банктык уставына киргизилген мамлекеттик каттоодон өткөн өзгөртүү- лөр жана толуктоолор тууралу бир иш жуманын ичинде Кыргыз банкына ка- барлоого милдеттүү.

4. Банктын аталышы, башкаруу органдарына, анын ишин башкарууга жа-

на контролдук кылууга таасир берүүчү банктын катышуучуларынын курамын- дагы өзгөрүүлөргө, банкты кайра түзүүгө байланышкан өзгөртүүлөр жана толуктоолор, банктын жайгашкан жеринин өзгөрүүлөрү алдын ала Кыргыз банкы менен макулдашылууга тийиш. Ушул маселелер боюнча уюштуруу доку- менттерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө макулдук берүү маселеси Кыргыз банкы тарабынан бир айдын ичинде каралат. Уюштуруу документтерине сунуш кылынып жаткан өзгөртүүлөр жана то- луктоолор Кыргыз банкы тарабынан төмөндөгүдөй учурларда:

1) уюштуруу документтерине сунуш кылынып жаткан өзгөртүүлөрдө жана

толуктоолордо ушул Мыйзам тарабынан каралган лицензия берүүдөн баш тар- тууга негиздер болсо;

2) уюштуруу документтерине өзгөртүүлөргө жана толуктоолорго карата

айтылган сын-пикирлерди четтетүү тууралу Кыргыз банкынын көрсөтмөлөрүн аткаруудан банк баш тартса кабыл алынбашы мүмкүн.

3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда.

5. Банктын уюштуруу документтерине банк капиталынын өлчөмү менен

байланышкан өзгөртүүлөрдү киргизүүдө, банк баалуу кагаздар жөнүндөгү мыйзам актыларына ылайык банктын баалуу кагаздарынын эмиссиясынын акыр- кы катталышынын жыйынтыгы тууралу, ал чыгарылыш таанылган учурдан тар- тып бир айдын ичинде Кыргыз банкына билдирүүгө жана баалуу кагаздарды чыгаруунун жыйынтыгы тууралу отчетту каттоодон өткөрүүгө милдеттүү.

6. Банктын финансылык абалын оњдоо максатында банктын уюштуруу до-

кументтерине капиталдаштырууга байланышкан өзгөртүүлөрдү жана толуктоо- лорду киргизүүгө жол берилет (банктын капиталын көбөйтүү, жањы инвес- торлорду тартуу). (Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 26-мартындагы N 63 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/560/st-8)  
Кийинки берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/560/st-10)
