# 7-статья. Банктар бирликтери жана ассоциациялары

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/560)
- Документтеги орду: I бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 29-июлундагы № 60 "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 29.07.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 1 декабря 2005 года №158 " О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банках и банковской деятельности в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/1757)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 01.12.2005 [Закон КР от 1 декабря 2005 года №158 " О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банках и банковской деятельности в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/1757); 26.03.2003 [Закон КР от 26 марта 2003 года № 63 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банках и банковской деятельности в Кыргызской Республике".](https://aqlex.ai/kg/doc/1187)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/560#diff=764617..764618>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/560/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-529/edition/764613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/560/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө, 7-статья (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/560/st-7

---

1. Кыргыз Республикасындагы банктар өз ишин координациялоо, жалпы

кызыкчылыктарды коргоо жана ага таламдаш болуу, биргелешкен долбоорлор- ду иштеп чыгуу жана башка жалпы милдеттерди чечүү үчүн чет өлкө банкта- рынын киришине да уруксат берилүүчү бирликтерди, ассоциацияларды жана башка бирикмелерди түзө алышат. Мына ушундай уюмдардын иши алардын уюш- туруу документтерине ылайык жүргүзүлөт жана Кыргыз банкынын лицензиясын талап кылбайт.

2. Банктар ушул Мыйзамдын негизинде ишин жүзөгө ашыруучу банктык

холдинг-компанияларды уюштурууга укуктуу. Бул уюмдар Кыргыз банкында катталууга жана ал тарабынан жөнгө салынууга тийиш. Банктык топко кирген компанияларды башкаруу максатында гана түзү- лүүчү банктык холдингдик компаниялар (башкаруу компаниялары) акционер- дик коом формасында түзүлүүгө тийиш. 2-1. Союздар, ассоциациялар жана банктардын башка бирикмелери мам- лекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып беш жумуш күнүнүн ичинде өздө- рүнүн түзүлгөндүгү тууралу Кыргыз банкына билдирүүгө тийиш.

3. Банктарга банк ишинде атаандаштыкты чектөөгө жана проценттик

ставкаларды жана далдалчылык акы өлчөмдөрүн белгилөө маселелеринде банк иштеринин рыногун монополиялаштырууга, ошондой эле банктын кардарларына зыян келтирүүчү шарттарды камтыган келишимге жетишүү үчүн өз бирликте- рин, ассоциацияларын жана башка бирикмелерин (анын ичинде холдинг-ком- панияларды) пайдаланууга тыюу салынат.

4. Банктарга жана ушул Мыйзамга ылайык ал аркылуу жөнгө салынуучу

башка финансы мекемелерине карата монополияга каршы мыйзамдын сакталышы Кыргыз банкы тарабынан контролдукка алынат. Кыргыз банкы мына ушул мак- саттарда милдеттүү аткарылууга тийиш болгон нормативдик актыларды жана көрсөтмөлөрдү чыгарышы мүмкүн.

5. Банктар капитал рыногунда, монополияга каршы мыйзамдарга ылайык

аныкталган акча жана валюта рынокторунда алардын жеке өзүнө же башка жактар менен бирдикте үстөмдүк кылуучу абалды камсыз кылган бүтүмдөргө келишүүгө же ошондой иштерди жүзөгө ашырууга тийиш эмес жана алар үчүн же үчүнчү жактар үчүн адилетсиз артыкчылыктарды камсыз кылышы мүмкүн болгон операциялардын жана иштердин ар кандай түрлөрүнө катышууга тийиш эмес. (Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 26-мартындагы N 63, 2005-жыл- дын 1-декабрындагы N 158 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/560/st-6)  
Кийинки берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/560/st-8)
