# 61-статья. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү жөнүндө

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/560)
- Документтеги орду: VII бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 29-июлундагы № 60 "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 29.07.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 26 марта 2003 года № 63 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банках и банковской деятельности в Кыргызской Республике".](https://aqlex.ai/kg/doc/1187)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/560#diff=764613..764614>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/560/st-61>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-529/edition/764613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/560/st-61.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө, 61-статья (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/560/st-61

---

1. Ушул Мыйзам жарыяланган учурдан тартып колдонууга киргизилсин.

2. 8-статьянын 3-пунктунун 4-пунктчасы иштеп жаткан банктар үчүн

Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы тарабынан коммерциялык банктар ме- нен макулдашуу боюнча бекитилүүчү программага ылайык 2003-жылга чейин этаптар боюнча колдонууга киргизилет. "Кредиттик бирликтер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынганга чейин Кыргыз банкы лицензияларды берүүгө, лицензиялоонун жана жөнгө салуунун эрежелерин белгилөөгө, ошондой эле кредиттик бирликтер- дин ишинин маселелери боюнча нормативдик актыларды чыгарууга укуктуу. 2-1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын банк ишине жана банктар- дын жана башка финансы-кредиттик мекемелердин банкрот болушу (кудурет- сиздиги) маселесине тиешелүү бөлүгүндө ченемдердин карама-каршы келип калган учурунда, ушул Мыйзамдын жана банктар жөнүндөгү мыйзамдардын че- немдери колдонула тургандыгы белгиленсин

3. Төмөндөгүлөр:

- 1992-жылдын 12-декабрындагы "Кыргыз Республикасындагы банктар

жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын N 1057-XII Мыйзамы;

- "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүүнүн тартиби тууралу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин 1992-жылдын 12-декабрындагы N 1058-XII токтому күчүн жоготту деп табылсын. (Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 26-мартындагы N 63 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев

1997-жылдын 16-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган

1997-жылдын 2-июлунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Эл өкүлдөр жыйыны тарабынан жактырылган

---

Мурунку берене: [60-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/560/st-60)
