# 58-статья. Банктагы эсепке алуу жана отчеттуулук

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/560)
- Документтеги орду: VII бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 29-июлундагы № 60 "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 29.07.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 10 марта 2005 года № 46 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О банках и банковской деятельности в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/1641)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 10.03.2005 [Закон КР от 10 марта 2005 года № 46 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О банках и банковской деятельности в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/1641); 18.12.2003 [Закон КР от 18 декабря 2003 года № 235 " О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1366); 26.03.2003 [Закон КР от 26 марта 2003 года № 63 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банках и банковской деятельности в Кыргызской Республике".](https://aqlex.ai/kg/doc/1187)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/560#diff=764616..764617>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/560/st-58>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-529/edition/764613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/560/st-58.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө, 58-статья (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/560/st-58

---

1. Банктын финансы жылы 1-январдан 31-декабрды кошуп белгиленет.

Эгерде, банкты каттоо 1-январдан кийинки күнү жүргүзүлгөн болсо, анда банктын биринчи финансы жылы ал мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн баш- талып, ошол эле жылдын 31-декабрында аяктайт.

2. Бухгалтердик эсепке алуу тартиби, отчет берүүнүн мүнөзү, көлө-

мү, түрлөрүнүн тизмеси жана мөөнөттөрү Кыргыз банкы тарабынан белгиле- нет.

3. Уюштуруу документтерине ылайык банктын атынан чыгууга укуктуу

болгон Башкарманын Төрагасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилген маалыматтын аныктыгы менен толуктугу жана отчеттуулук үчүн жоопкер болот. Банктын башкы бухгалтери финансылык отчеттуулукта бухгалтердик операциялардын жана окуялардын туура чагылдырылышы үчүн жоопкер болот.

4. Банктын жылдык отчетту берүүсүнүн структурасы жана мөөнөттөрү

Кыргыз банкы тарабынан белгиленет.

5. Банктар жүргүзүлгөн операцияларын эсепке алууну жана аларды фи-

нансылык отчеттуулук боюнча эл аралык стандарттарга ылайык финансылык отчетторунда чагылдырууну жүзөгө ашырышат. Бухгалтердик, банктык жана консолидацияланган отчетторду кошуп ал- ганда, башка отчеттордун тизмесин, берүү мөөнөттөрүн, ошондой эле алар- га тиешелүү коюлган талаптарды бузууга жол бергендик үчүн жоопкерчилик- тер Кыргыз банкы тарабынан аныкталат.

6. Банктын отчетторунда пруденциалдык ченемдердин жана милдеттүү

түрдө аткарылууга тийиш болгон ченемдердин жана лимиттердин банк тара- бынан аткарылбай жаткандыгы туурасында туура эмес маалыматтардын жана ой-жүгүртүүлөрдүн түптөлүшүнө алып келген так эместиктердин жана кара- ма-каршылыктардын орун алышы учурунда, Кыргыз банкына мурда берилген отчетторго өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн зарылдыгын көрсөтүү менен бул жөнүндө белгиленген мөөнөттө билдирүүгө милдеттүү. Өзгөртүүлөрдүн киргизилишине банк тиешелүү негиздөөлөрдү бербесе же Кыргыз банкынын расмий макулдугу жок болсо, банк үчүн пруденциалдык ченемдерди жана милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон ченемдерди жа- на лимиттерди эсептөөлөр, анын негизинде жүргүзүлгөн отчеттук маалымат- тар артыкчылыктуу деп эсептелет.

7. Банктар өз каражаттары, анын ичинде мамлекеттин чегинен тышка-

рыдагы (корреспонденттик счеттору, банктар аралык депозиттери ж.б.) ка- ражаттары, кабыл алынган депозиттеринин өлчөмү жана берилген кредитте- ри, жүргүзүлгөн жана жүргүзүлүп жаткан операциялары жана банктык сырды камтыган маалыматтарды кошо алганда, бардык тиешелүү маалыматтарды Кыр- гыз банкынын суроо-талабы боюнча берүүгө милдеттүү. (Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 26-мартындагы N 63 Мыйзамынын, 2003-жылдын 18-декабрындагы N 235 Мыйзамынын, 2005-жылдын 10-мартындагы N 46 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [57-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/560/st-57)  
Кийинки берене: [59-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/560/st-59)
