# 56-статья. Банктардагы акча каражаттарына жана башка

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/560)
- Документтеги орду: VI бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 29-июлундагы № 60 "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 29.07.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 26 мая 2009 года № 167 "О внесении дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банках и банковской деятельности в Кыргызской Республике""](https://aqlex.ai/kg/doc/205080)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/560#diff=764625..764626>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/560/st-56>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-529/edition/764613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/560/st-56.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө, 56-статья (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/560/st-56

---

баалуулуктарга камак салуу жана аларды төлөмгө коюу, кардарлардын эсептери боюнча иш-аракеттерди токтото туруу

1. Юридикалык жактардын банктардагы акча каражаттарына жана башка

баалуулуктарына республиканын мыйзамдарына ылайык соттун аныктамасы (өкүмү) же чечими, тергөө органдарынын токтому боюнча гана камак салы- нышы мүмкүн. Өндүрүп алуу сот тарабынан берилген аткаруу документтери- нин негизинде гана жүргүзүлүшү мүмкүн.

2. Жеке адамдардын банктардагы акча каражаттарына жана башка баа-

луулуктарына соттун аныктамасы, чечими, өкүмү, өндүрүштө турган иштер боюнча прокурордун санкциясы менен тергөө органдарынын токтому боюнча гана камак салынышы мүмкүн, ал эми өндүрүү соттун өкүмү же чечими менен гана жүргүзүлүшү мүмкүн. Банктагы документтерди алуу соттун чечими боюнча же прокурордун санкциясы боюнча тергөө органдары тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн.

3. Граждандардын акча каражаттарын жана башка баалуулуктарын кон-

фискациялоо мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмдүн же соттун мүлктү конфиска- циялоо жөнүндө мыйзамга ылайык чыгарылган норманы камтыган токтомунун негизинде гана жүргүзүлүшү мүмкүн.

4. Банктар террористтик же экстремисттик ишке (терроризмди же экс-

тремизмди каржылоого) катышкандыгы тууралуу маалыматтар бар болгон жеке жана юридикалык жактардын операцияларын же бүтүмдөрүн "Терроризмди кар- жылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди ачыкка чыгарууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын- да каралган тартипте жана мөөнөттө токтотот. (Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-майындагы № 167 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [55-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/560/st-55)  
Кийинки берене: [57-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/560/st-57)
