# 55-статья. Кардарлардын кызыкчылыктарын коргоо

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/560)
- Документтеги орду: VI бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 29-июлундагы № 60 "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 29.07.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/560/st-55>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-529/edition/764613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/560/st-55.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө, 55-статья (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/560/st-55

---

1. Юридикалык жактардын жана жеке адамдардын иш-аракеттери, эсеп-

тери жана аманаттары боюнча маалымдамалар эсептердин ээлерине жана алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнө гана берилет.

2. Юридикалык жактардын эсепкорлорундагы акча каражаттарынын кал-

дыктары жана алардын жүгүртүлүшү жөнүндөгү маалымдамалар:

1) өндүрүштө турган иштер боюнча прокурордун санкциясы менен офи-

циалдуу талап кылуунун негизинде тергөө органдарына;

2) алардын өндүрүшүндө турган кылмыш-жаза иштерине байланыштуу

соттун аныктамасы боюнча сотторго берилет.

3. Жеке адамдардын эсебиндеги акча каражаттарынын калдыктары жана

алардын жүгүртүлүшү тууралу маалымдамалар:

1) нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн ишеним каттын негизинде -

жеке адамдын өзүнүн өкүлдөрүнө;

2) алардын иш өндүрүшүндөгү кылмыш-жаза иштери боюнча прокурордун

санкциясынын негизинде - тергөө органдарына;

3) алардын өндүрүшүндө турган иштер боюнча соттун аныктамасынын

негизинде - сотторго берилет.

4. Юридикалык жактардын жана жеке адамдардын эсептериндеги акча

каражаттарынын калдыктары тууралу салыктык текшерүүнү жүргүзүүгө байла- нышкан маселелер боюнча, расмий суроо талаптын негизинде маалымдамалар салык инспекцияларына берилет.

5. Ушул статьянын 2, 3 жана 4-пункттарында келтирилген юридикалык

жактар жана алардын кызматкерлери өз милдеттерин аткаруунун жүрүшүндө алынган купуя сырларды ачыкка чыгаргандыктары үчүн Кыргыз Республикасы- нын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартылат.

6. Көзү өтүп кеткен учурда ээсинин эсептери боюнча маалымдамалар

мыйзамдарга ылайык таанылган мурасчыларга, ошондой эле өлгөн аманатчы- лардын аманаттары жөнүндөгү мурастык иштер кароосунда турган мамлекет- тик нотариалдык контораларга жана чет өлкөлүк консулдук мекемелерге бе- рилет. (Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 1-декабрындагы N 158 Мыйзамы- нын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [54-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/560/st-54)  
Кийинки берене: [56-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/560/st-56)
