# 54-статья. Банктын купуя сыры

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/560)
- Документтеги орду: VI бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 29-июлундагы № 60 "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 29.07.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 17 октября 2008 года № 217 "О внесении дополнений и изменения в Закон Кыргызской Республики "О банках и банковской деятельности в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/202432)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 17.10.2008 [Закон КР от 17 октября 2008 года № 217 "О внесении дополнений и изменения в Закон Кыргызской Республики "О банках и банковской деятельности в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/202432); 26.03.2003 [Закон КР от 26 марта 2003 года № 63 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банках и банковской деятельности в Кыргызской Республике".](https://aqlex.ai/kg/doc/1187)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/560#diff=764621..764622>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/560/st-54>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-529/edition/764613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/560/st-54.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө, 54-статья (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/560/st-54

---

1. Банкка (Кыргыз банкын кошо алганда), анын уюштуруучуларына, ак-

ционерлерге, Директорлор кењешинин жана Башкарманын мүчөлөрүнө, банктын аткаруучу кызмат адамдарына, кызматкерлерине, ошондой эле банкка иштеп жаткан адамдарга аларга ишенип берилген маалыматтарды же банк менен кардардын ортосундагы мамилелердин жүрүшүндө дайын болгон маалыматтарды үчүнчү жакка билдирүүсүнө же кандайдыр бир максаттарга пайдалануусуна тыюу салынат же мыйзамдарында каралган негиздер боюнча. Мындай тыюу салуу банктын мурдагы кардарларына жана мындай кардар- лардан алынган бардык маалыматтарга да таркатылат. Мындан тышкары, бул тыюу салуу, банкта эсептери бар-жогуна карабай банк кызмат көрсөткөн бардык жактарга да тиешелүү болот.

2. Банктык маалыматтарды таркатууга тыюу салуу төмөндөгүлөрдү:

1) эгерде буга кардардын уруксаты же нускамалары болбосо алынган

маалыматтарды банктын же кандайдыр бир башка жактын кызыкчылыгы үчүн колдонууга жол бербөөнү;

2) аткарган милдеттерине байланыштуу Кыргыз банкына, терроризмди

каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер боюнча ыйгарым укуктуу органга жана ауди- торлорго маалыматтарды берүү учурларынан, ошондой эле, "Банктык сыр жө- нүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурлардан тышкарыда колдо болгон маалыматтын үчүнчү жакка берилбешин камтыйт.

3. Банктар терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган

кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракет кылуу боюнча ый- гарым укуктуу органдын расмий суроо-талабынын негизинде "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык кошумча маалымат беришет. (КР 2003-жылдын 26-мартындагы N 63, 2008-жылдын 17-октябрындагы N 217 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [53-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/560/st-53)  
Кийинки берене: [55-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/560/st-55)
