# 51-статья. Чектер, векселдер жана башка төлөө каражаттары

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/560)
- Документтеги орду: VI бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 29-июлундагы № 60 "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 29.07.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/560/st-51>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-529/edition/764613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/560/st-51.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө, 51-статья (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/560/st-51

---

1. Банк эл аралык банктык тажрыйбада колдонулган ар кайсы эсепте-

шүү системаларын, анын ичинде:

1) чектерди жана чектик китепчелерди;

2) эсепте болгон сумма жөнүндө маалыматтарды камтыган жана аны

көрсөтүү менен акчаларды алууга укук берген сактык китепчелерин;

3) төлөө документи катары колдонулуучу кредиттик карточкалар

(эгерде, эсепте кардардын каражаты жетиштүү болбосо да банк ага товар сатып алуусу же кандайдыр бир көрсөтүлгөн кызматтарга төлөөсү үчүн бел- гилүү өлчөмдө кредиттерди бере алат);

4) кардардын банктагы эсебинде каражаты жетиштүү болгон учурларда

гана төлөө документи катары колдонулуучу дебеттик (эсептешүү) карточка- ларды;

5) чек берүүчү менен мурдатан шартташкан сумманы белгилүү бир чек-

ке чейин карточка боюнча банктын төлөй тургандыгын ырастоочу чек китеп- чеси боюнча кепилдик карточкаларды;

6) эл аралык банктык тажрыйбада колдонулган жана мыйзамдарга каршы

келбеген башка төлөө каражаттарын колдоно алат.

2. Банк ошондой эле, кардарларга атайын коддорду жана карточкалар-

ды колдонуу менен атайын автоматтардан акча алууга мүмкүндүк берген карточкаларды пайдалана алат. Мындай карточкаларды пайдалануу алдын ала Кыргыз банкына билдирүү менен жүргүзүлүүгө тийиш.

---

Мурунку берене: [50-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/560/st-50)  
Кийинки берене: [52-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/560/st-52)
