# 48-статья. Банк иштеринин айрым түрлөрүн чектөө

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/560)
- Документтеги орду: V бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 29-июлундагы № 60 "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 29.07.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 20 ноября 2008 года № 243 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банках и банковской деятельности в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/202459)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 20.11.2008 [Закон КР от 20 ноября 2008 года № 243 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банках и банковской деятельности в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/202459); 26.03.2003 [Закон КР от 26 марта 2003 года № 63 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банках и банковской деятельности в Кыргызской Республике".](https://aqlex.ai/kg/doc/1187)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/560#diff=764622..764623>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/560/st-48>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-529/edition/764613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/560/st-48.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө, 48-статья (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/560/st-48

---

1. Кыргыз банкы банктын, анын филиалынын, туунду банкынын

(компаниянын) же банктык холдингдик компаниянын ишинде Кыргыз банкы тарабынан:

1) банктык иштерди жүргүзүүдө ишенимсиз жана алгылыксыз иш тажрый-

басына тартылуусуна байланышкан укук бузуулар табылса же эгерде Кыргыз банкында банктын мындай ишке тартылышынын мүмкүндүгүнө жетишээрлик не- гиздер болсо;

2) банктык мыйзамдарды, экономикалык нормативдерди бузууларга бай-

ланышкан укук бузуулар табылса же эгерде Кыргыз банкында банк мындан ары Кыргыз банкынын нормативдик актыларын же анын көрсөтмөлөрүн, ошон- дой эле ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз банкы менен банктын ортосунда түзүлгөн макулдашууну бузушу мүмкүн деп эсептөөгө жетиштүү негиздер болсо Кыргыз банкы банк иш-аракеттеринин кээ бир түрлөрүн токтото туруу же аларга чек коюу же тыюу салуу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.

2. Кыргыз банкы банк иш-аракеттеринин айрым түрлөрүн токтото туруу

же чектөө жөнүндөгү маселе боюнча чечим кабыл алуу максатында түзүлгөн абалды банк менен алдын ала талдоону жүргүзүүгө укуктуу.

3. (КР 2003-жылдын 26-мартындагы N 63 Мыйзамынын редакциясына

ылайык алынып салынган)

1) банк же анын өкүлү алдын ала талкуулоого келбесе кабыл алынат.

Мындай учурда, банк өзү жүргүзүп жаткан банк иштеринин айрым түрлөрүн чектөө же токтото туруу тууралу чечим менен макул деп эсептелинет;

2) банк даярдап жаткан же баштаган аракеттер банк мыйзамдарын бу-

зууларга алып келиши мүмкүн деп эсептөөгө Кыргыз банкында жетиштүү не- гиздер болсо же банк ишенимсиз жана алгылыксыз банктык тажрыйбаны жүзөгө ашырып жатса кабыл алынат.

4. Банк иштеринин айрым түрлөрүн токтото туруу же болбосо аларга

чек коюу жөнүндөгү чечим, эгерде, мындай чара кабыл алынбаса ал орду толгус кесепеттерге алып келиши мүмкүндүгү же болбосо банктын аманатчы- ларынын жана кредиторлорунун кызыкчылыгына коркунуч келтириши жөнүндө Кыргыз банкында анык жана жетиштүү маалымат болгон учурда токтоосуз түрдө кабыл алынат.

5. Кыргыз банкынын чечиминде банк ишиндеги конкреттүү укук бузуу-

ларды баяндоону жана мындай укук бузуулар банктын ишенимдүү жана турук- туу иштешине, ошондой эле, анын аманатчыларынын жана кредиторлорунун кызыкчылыктарына коркунуч келтире тургандыгы жөнүндө негиздүү далилдөө- лөр камтылууга тийиш. Ошондой эле, чечимде кээ бир банк иштерин чектөө- лөргө же токтото турууга байланышкан айрым талаптар (чаралар), алардын ичинде:

1) эгерде, банк же аны менен байланышы болгон кандайдыр тарап банк

мыйзамдарын, Кыргыз банкынын нормативдик актыларын же анын көрсөтмөлө- рүн бузуулардын натыйжасында адилетсиз түрдө байышса, банк тарабынан гарантияланган шарттарда ордун толтурууну, төлөөлөрдү камсыз кылууну жүзөгө ашыруу жөнүндө талап кылуу;

2) дивиденддерди төлөөгө чек коюуну;

3) банк филиалдарын ачууга тыюу салуу аркылуу банктын өсүшүнө чек

коюуну;

4) банк активдеринин кээ бир түрлөрүн сатууну;

5) банк менен түзүлгөн ар бир контракттарды жана макулдашууларды

жокко чыгарууну;

6) Кыргыз банкы ошол жагдайларда керек деп эсептеген башка аракет-

терди көрүүнү талап кылууну караган талаптардын бири же бир нечеси кам- тылышы мүмкүн.

6. Эгерде чечимдин өзүндө башкасы көрсөтүлбөсө, Кыргыз банкы тара-

бынан кабыл алынган чечим, бекитилген учурдан тартып күчүнө кирет. Кыр- гыз банкынын банк операцияларынын айрым түрлөрүн токтотуу, чектөө, тыюу салуу жөнүндөгү чечими боюнча сотко даттануу анын иш-аракетин токтото албайт. (КР 2003-жылдын 26-мартындагы N 63, 2008-жылдын 20-ноябрындагы N 243 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [47-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/560/st-47)  
Кийинки берене: [49-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/560/st-49)
