# 47-статья. Айып акы санкциялары

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/560)
- Документтеги орду: V бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 29-июлундагы № 60 "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 29.07.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 27 января 2006 года № 22 "О внесении изменения в Закон КР "О банках и банковской деятельности в КР"](https://aqlex.ai/kg/doc/1810)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 27.01.2006 [Закон КР от 27 января 2006 года № 22 "О внесении изменения в Закон КР "О банках и банковской деятельности в КР"](https://aqlex.ai/kg/doc/1810); 26.03.2003 [Закон КР от 26 марта 2003 года № 63 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банках и банковской деятельности в Кыргызской Республике".](https://aqlex.ai/kg/doc/1187)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/560#diff=764618..764619>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/560/st-47>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-529/edition/764613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/560/st-47.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө, 47-статья (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/560/st-47

---

1. Банк тарабынан ушул Мыйзамдын талаптары аткарылбаган учурда же

банктын аманатчыларынын жана башка кредиторлорунун кызыкчылыктары үчүн коркунуч келтирген абал келип чыкса Кыргыз банкы төмөндөгүдөй учурлар- да:

1) банк тарабынан банктык мыйзамдар жана Кыргыз банкынын норматив-

дик актыларын бузганда;

2) Кыргыз банкынын көрсөтмөлөрү аткарылбаганда;

3) банктын өзүнүн өтүнүчү же арызы боюнча банк менен Кыргыз банкы-

нын ортосундагы кат жүзүндөгү макулдашуу бузулса;

4) ушул Мыйзамдын 45-статьясынын 3-пунктуна ылайык банк менен Кыр-

гыз банкынын ортосунда түзүлгөн макулдашуу бузулса;

5) банк тарабынан маалыматтар берилбесе, же анык эмес маалымат же

толук эмес көлөмдөгү маалымат берилсе;

6) банк кооптуу жана алгылыксыз банктык ишке тартылган учурда ар

бир айкын укук бузуу үчүн банктын төлөнгөн уставдык капиталынын бир процентинен ашпаган өлчөмдө акчалай айып акы өндүрүп алууга укуктуу.

2. Эгерде, банк ушул статьянын 1-пунктунда каралган укук бузуулар-

га тартылса жана алар банктын олуттуу жоготууларына алып келсе же алып келиши мүмкүн болсо жана/же банкты ушул ишке тарткан тараптын пайда көрүүсүнө же киреше алуусуна алып келсе, Кыргыз банкы банктан жана аф- филирленген жактан акчалай айып акыларды өндүрүп алышы мүмкүн.

3. Кыргыз банкы банктын Директорлор кењешинин айрым мүчөлөрүнөн

жана банктын аткаруучу кызмат адамдарынан банк мыйзамдарын жана Кыргыз банкынын нормативдик актыларын жана көрсөтмөлөрүн сактабагандыктары үчүн айып санкциясы колдонулган учурдагы республиканын мыйзамдарына ылайык белгиленген эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма эсе өлчөмүндөгү ак- чалай айып акы өндүрүп алууга укуктуу.

4. Айып акы санкциялары Кыргыз банкы тарабынан банкка алдын ала

көрсөтмөлөрдү (билдирмелерди) жибергенден кийин колдонулат.

5. Айып акы санкцияларын салуудан улам түшкөн акчалай каражаттар

республикалык бюджетке которулат.

6. Акчалай айыптарды өндүрүп алуу жөнүндөгү Кыргыз банкынын чечи-

мин аткаруунун тартиби мыйзамдарына ылайык Кыргыз банкынын нормативдик актыларында белгиленет. (Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 26-мартындагы N 63 Мыйзамынын, 2006-жылдын 27-январындагы N 22 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [46-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/560/st-46)  
Кийинки берене: [48-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/560/st-48)
