# 39-статья. Банктык жөнгө салуулар

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/560)
- Документтеги орду: V бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 29-июлундагы № 60 "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 29.07.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 26 мая 2009 года № 167 "О внесении дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банках и банковской деятельности в Кыргызской Республике""](https://aqlex.ai/kg/doc/205080)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 26.05.2009 [Закон КР от 26 мая 2009 года № 167 "О внесении дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банках и банковской деятельности в Кыргызской Республике""](https://aqlex.ai/kg/doc/205080); 01.12.2005 [Закон КР от 1 декабря 2005 года №158 " О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банках и банковской деятельности в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/1757); 26.03.2003 [Закон КР от 26 марта 2003 года № 63 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банках и банковской деятельности в Кыргызской Республике".](https://aqlex.ai/kg/doc/1187)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/560#diff=764625..764626>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/560/st-39>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-529/edition/764613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/560/st-39.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө, 39-статья (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/560/st-39

---

1. Туруктуу финансы тутумун сактап туруу, Кыргыз Республикасындагы

банктардын аброюн көтөрүү, кредиторлордун жана аманатчылардын кызыкчы- лыгын коргоо максатында, ошондой эле, банктар тарабынан Кыргыз Респуб- ликасынын банктык мыйзамдарынын, "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди ачыкка чыгарууга (адалдоого) каршы ара- кеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана Кыргыз банкынын нормативдик актыларынын сакталышын камсыздоо үчүн Кыргыз банкы банктар- дын ишин жөнгө салууну жүзөгө ашырат.

2. Банктардын ишин жөнгө салуу менен байланышкан өз милдеттерин

жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз банкы төмөндөгү чаралардын кайсынысын болбосун колдонууга:

1) экономикалык нормативдерди белгилөөгө;

2) банктардын, алардын филиалдарынын жана туунду банктарынын ишин

текшерүүгө же бул ишти көз карандысыз аудиторлорго же аудитордук фирма- ларга тапшырууга;

3) финансылык абалды оњдоо боюнча көрсөтмөлөрдү берүүгө;

4) банк ишинде орун алган укук бузууларды жана кемчиликтерди чет-

тетүү жөнүндө сөзсүз түрдө аткарылууга тийиш болгон көрсөтмөлөрдү жи- берүүгө;

5) банк мыйзамдарында каралган алдын ала эскертүү чараларын жана

санкцияларды колдонууга;

6) баланстарды жана отчетторду жана банк иши жөнүндөгү башка доку-

менттерди же маалыматтарды талап кылууга жана алууга;

7) айрым банк иш-аракеттерин жүргүзүүнү убактылуу токтотууга, чек-

төөгө же тыюу салууга;

8) банк лицензиясынын колдонулушун токтото турууга жана аны кайта-

рып алууга;

9) консервациялоо жол-жобосу колдонулсун.

2-1. Кыргыз банкы кыянаттык иштердин алдын алуу максатында кредит- терди берүүдө жана активдүү салымдарды (инвестициялар жана ушуга окшогондор) жүзөгө ашырууда банктар үчүн адилеттүүлүк принцибинин тала- бын коет. Банк тарабынан адилеттүүлүктүн принцибин бузууга жол берилген учурда Кыргыз банкы төмөндө саналып өтүүчү чаралардын бирин же бир не- чесин колдонууга укуктуу:

1) банкка ушундай кредиттердин же салымдардын категориялары боюнча

лимиттерди белгилөө;

2) кошумча күрөө менен камсыз кылууну талап кылуу;

3) капиталдын адекваттуулугуна баа берүү үчүн капиталдан ушундай

кредиттерди же салымдарды эсептен чыгарып салуу;

4) мындай ката кетирүүлөргө тиешеси бар кызмат адамдарын алмашты-

рууну талап кылуу;

5) коомчулукка банк тарабынан адилеттүүлүктүн принцибин жана мый-

замдардын талабын бузууга жол берилгендиги тууралу маалымдоо;

6) ушундай кредиттер боюнча материалдарды укук коргоо органдарына

адилеттүүлүктүн принцибинин талаптарын бузуу менен кредиттерди берүүгө тиешеси бар жактардын жоопкерчилигин кароо үчүн берүү;

7) адилеттүүлүк принцибин дайыма (б.а. 12 ай ичинде эки жолудан

көбүрөөк) бузулууга жол берилген учурларда банктар үчүн ушул Мыйзамда жана "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республика- сынын Мыйзамында каралган лицензияны кайтарып алуу жана банкты мажбур- лоо жолу менен жоюу процессинин башталышына чейинки бардык чараларды кабыл алуу.

3. Капиталга карата чет өлкө банкынын филиалдарына көзөмөлдүк, не-

гизги банк (түпкү банк) уюштурулган өлкөнүн банктык көзөмөл органдарына берилет же ошол көзөмөл органы менен келишимге ылайык жүзөгө ашырылат.

4. Банктардын ишин жөнгө салуу айрым банктардай эле консолидация-

ланган негизде, башкача айтканда, банктын банктык топторуна жана аффи- лирленген жактарына карата жүзөгө ашырылышы мүмкүн. Консолидацияланган көзөмөлдүктүн эрежелери Кыргыз банкы тарабынан белгиленет. (Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 26-мартындагы N 63, 2005-жыл- дын 1-декабрындагы N 158,2009-жылдын 26-майындагы № 167 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [38-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/560/st-38)  
Кийинки берене: [39-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/560/st-39-1)
