# 39-2-статья. Таасир этүүнүн чектөөчү чаралары

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/560)
- Документтеги орду: V бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 29-июлундагы № 60 "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 29.07.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/560/st-39-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-529/edition/764613/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө, 39-2-статья (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/560/st-39-2

---

1. Кыргыз банкы ченемдик жана милдеттүү түрдө сактала турган че-

немдердин жана лимиттердин, Кыргыз банкынын ченемдик укуктук актылары- нын бузулушун, анын ичинде банктын кызмат адамдары, кызматкерлери жана аффилирленген жактары тарабынан анын финансылык коопсуздугуна жана ту- рукташтыгына, ошондой эле аманатчылардын таламдарына коркунуч алып ке- лиши мүмкүн болгон укук ченемсиз иш-аракеттеринин (иш-аракетсиздигинин) натыйжасы болуп саналуучу ката кетирүүлөрдү тапкан учурда, Кыргыз банкы банкка жана анын аффилирленген жактарына карата мыйзамдар тарабынан белгиленген таасир этүүнүн чектөөчү чараларын колдонууга укуктуу. Таасир этүүнүн чектөөчү чараларын колдонуунун тартиби Кыргыз банкы тарабынан белгиленет.

2. Ушул Мыйзамды аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук

банкы менен банктардын же банк операцияларынын айрым түрлөрүн жүзөгө ашыруучу уюмдардын жана алардын уюмдаштыруучуларынын (катышуучулары- нын), юридикалык жактардын жана жеке адамдардын ортосундагы келип чыгу- учу бардык талаш-тартыш маселелери талаш-тартыштарды жөнгө салуунун сотко чейинки тартибин милдеттүү түрдө сактоо менен Кыргыз Республика- сынын мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте чечилет. (Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 26-мартындагы N 63 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [39-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/560/st-39-1)  
Кийинки берене: [40-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/560/st-40)
