# 39-1-статья. Экономикалык ченемдер

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/560)
- Документтеги орду: V бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 29-июлундагы № 60 "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 29.07.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/560/st-39-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-529/edition/764613/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө, 39-1-статья (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/560/st-39-1

---

1. Кыргыз банкы экономикалык ченемдерди жана банктар менен компа-

ниялар тарабынан милдеттүү түрдө сакталуучу эл аралык банк тажрыйбасын- да, ошондой эле банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптерине ылайык операцияларды жүргүзүүчү банктар үчүн стандарттарды белгилөөчү эл аралык уюмдар тарабынан иштелип чыккан пайдаланылуучу башка ченем- дерди жана лимиттерди белгилейт.

2. Ченемдик маанилер жана экономикалык нормативдерди эсептөөнүн

усулдары жана милдеттүү түрдө сактала турган ченемдер жана лимиттер, банктын уставдык жана өздүк капиталдарынын өлчөмдөрү, ачык валюта пози- цияларын эсептөөнүн тартиби жана лимиттери, резервдик талаптардын нор- малары, тиешелүү отчеттуулуктун формалары жана аны берүүнүн мөөнөттөрү Кыргыз банкы тарабынан белгиленет. Кыргыз банкы Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык, бан- ктын жетекчилерин жана (же) алардын олуттуу катышуучуларын, болбосо алардын кызмат адамдарын банк тарабынан экономикалык ченемдердин жана (же) башка милдеттүү түрдө сактала турган ченемдердин жана лимиттердин бузулушуна жол бергендиги үчүн жоопкерчиликке тартуу боюнча чараларды көрүүгө укуктуу.

3. Кыргыз банкы өз бийлик укугунун чегинде банктардын ишине

көзөмөлдүк жана укуктук жөнгө салуу функциясын жүзөгө ашыруу максатында бардык банктар, юридикалык жана жеке жактар, ошондой эле мамлекеттик бийлик органдары жана башкаруусу тарабынан милдеттүү түрдө аткарыла турган ченемдик укуктук актыларды чыгарат. (КР 2003-жылдын 26-мартындагы N 63, 2009-жылдын 28-марты № 93

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [39-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/560/st-39)  
Кийинки берене: [39-2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/560/st-39-2)
