# 31-статья. Банк ишин уюштуруу

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/560)
- Документтеги орду: IV бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 29-июлундагы № 60 "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 29.07.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 марта 2009 года № 93 "О внесении дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банках и банковской деятельности в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/202639)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 28.03.2009 [Закон КР от 28 марта 2009 года № 93 "О внесении дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банках и банковской деятельности в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/202639); 16.05.2008 [Закон КР от 16 мая 2008 года № 88 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банках и банковской деятельности в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/202299)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/560#diff=764623..764624>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/560/st-31>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-529/edition/764613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/560/st-31.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө, 31-статья (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/560/st-31

---

1. Банк ушул Мыйзамга, республиканын мыйзамдарына, ошондой эле,

өзүнүн уюштуруу документтерине ылайык ага тиешелүү болгон акча каражат- тарына, имараттарга, курулуштарга, башка материалдык жана материалдык эмес каражаттарга ээлик кылат, пайдаланат жана аларды тескей алат.

2. Банкка:

1) лицензияда белгиленген;

2) ушул Мыйзамга ылайык уруксат берилген;

3) республиканын мыйзамдарына ылайык банк ишин жүзөгө ашыруу үчүн

зарыл болгондон тышкары иштердин бардык түрлөрү боюнча өз алдынча иш жүргүзүүгө тыюу салынат.

3. Банк төмөндөгүдөй шарттар сакталганда, коммерциялык же башка

банктык эмес уюмдарда жана финансы мекемелеринде өз каражаты менен ка- тыша алат:

1) 1) ар бир банктык эмес уюмга кандай болбосун инвестициялардын,

кандай болбосун финансылык салымдарды жана кредиттерди кошо алгандагы өлчөмү банктын капиталынын жыйырма пайызынан азын түзүүгө тийиш. Ал эми, ушундай инвестициялардын жалпы өлчөмү ушул Мыйзамдын 11-статьясын- да аныкталгандай банк капиталынын алтымыш пайызынан ашпайт;

2) эгерде, лицензия банкка банк эмес уюмдардын акциялары менен со-

ода жүргүзүүгө жол бербесе, катышуу банк эмес уюмдун акциялары менен активдүү соода жүргүзүү максатында эмес, узак мөөнөткө инвестициялоо катары каралат. Операцияларды банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптерине ылайык жүргүзүүчү банктын коммерциялык жана башка банктык эмес уюмдарга инвестиция салуу тартибин жана шарттарын Кыргыз Банкы белгилейт. Кыргыз банкы ушул пунктту чечмелөөчү жана аны өнүктүрүп толуктаган нормативдик актыларды чыгара алат. 3-1. Кыргыз банкы баалуу кагаздарды жигердүү сатуу максатында банк көрүп жаткан инвестициялоо жагынан ченемдик актыларды чыгарууга укук- туу.

4. Банктарга "кумар оюну" сыяктуу иш түрлөрүнө, анын ичинде банк

имараттарында акча-лотереяларын ойнотууну өткөрүү же аларды жарыялоо- лорду кошо алганда, акча-буюм лотереяларын ойнотууну уюштурууга жана өткөрүүгө катышууга тыюу салынат. (КР 2008-жылдын 16-майындагы N 88, 2009-жылдын 28-марты № 93 Мый- замдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [30-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/560/st-30)  
Кийинки берене: [32-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/560/st-32)
