# 30-статья. Акцияларды берүүнүн эрежелери

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/560)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 29-июлундагы № 60 "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 29.07.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 1 декабря 2005 года №158 " О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банках и банковской деятельности в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/1757)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/560#diff=764617..764618>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/560/st-30>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-529/edition/764613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/560/st-30.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө, 30-статья (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/560/st-30

---

1. Банктын акциялары алардын ээсинин менчиги болуп саналат жана

республиканын мыйзамдарына жана ушул Мыйзамга ылайык берилиши мүмкүн. Банк мыйзамдарга каршы келбеген эрежелерди жана талаптарды ошондой эле, ошол банк тарабынан чыгарылган акцияларды жайгаштыруунун тартибине тиешелүү мөөнөттөрдү жана жол-жоболорду белгилөөгө укуктуу.

2. Акцияларды өткөрүп берүүгө чектөөлөргө мыйзамдарда каралган

учурларда жол берилет. Кыргыз банкы банктын акцияларынын контролдук пакетин өткөрүп берүү боюнча чектөөлөрдү белгилей алат. Акцияларды берүүгө чектөөлөр акциялардын сертификатында же банктын акционерине берилүүчү көчүрмөдө чагылдырылууга тийиш.

3. Банктын акцияларынын он же андан ашык процентин күрөөгө коюуда

бүтүм жүргүзүүнүн болжолдуу белгиленген датасына чейин отуз күн калган- да Кыргыз банкынын алдын ала макулдугун алуу зарыл. Банктын күрөөгө коюлган акцияларынан мажбурлап же өз эрки боюнча өндүрүүнү жүргүзүүгө, ушул Мыйзамдын 44-статьясына ылайык, Кыргыз бан- кынын макулдугусуз жол берилбейт. Кыргыз банкынын макулдугусуз күрөөгө коюлган акциялардан мажбурлап же өз эрки боюнча өндүрүүнү жүргүзүүгө байланыштуу банктын күрөөгө коюлган акцияларын ажыратып алуу боюнча бү- түмдөр аны жүзөгө ашырган учурдан тартып жетишсиз делип саналат. (Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 1-декабрындагы N 158 Мыйзамы- нын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [29-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/560/st-29)  
Кийинки берене: [31-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/560/st-31)
