# 3-статья. Кыргыз Республикасынын банк тутуму

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/560)
- Документтеги орду: I бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 29-июлундагы № 60 "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 29.07.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 26 марта 2003 года № 63 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банках и банковской деятельности в Кыргызской Республике".](https://aqlex.ai/kg/doc/1187)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/560#diff=764613..764614>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/560/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-529/edition/764613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/560/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө, 3-статья (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/560/st-3

---

Кыргыз Республикасынын банк тутуму Кыргыз Республикасынын Улуттук (Борбордук) банкынан жана коммерциялык банктардан турат. Кыргыз банкынын милдеттери, иш принциптери, укуктук статусу жана ыйгарым укуктары "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы тарабынан аныкталат. Кыргыз банкына карата ушул Мыйзамдын жоболору ушул Мыйзамда түздөн-түз каралган учурларда гана колдонулат. Банктардын иши ушул Мыйзам, "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзам, Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актылары, Кыргыз банкынын нормативдик актылары жана банктын уставы аркылуу жөнгө салы- нат.

2. Ишинин түрү боюнча банк универсалдуу же адистештирилген болушу

мүмкүн. Универсалдуу банк болуп инвестициялоону кошуп алганда банк иштери- нин бардык түрүн жүзөгө ашырган банк эсептелет. Адистештирилген банк болуп банк иштеринин чектелген гана чөйрөсүн жүзөгө ашырган банк саналат. Адистештирилген банктардын иши ушул Мый- замдын, ошондой эле алардын ишин жөнгө салуучу айрым мыйзам актыларынын негизинде жүргүзүлөт.

3. Менчигинин формасы боюнча банк мамлекеттик жана жеке менчик бо-

лушу мүмкүн. Мамлекеттик банк өзүнчө нормативдик укуктук актылардын негизинде почталык, инвестициялык, сактык жана ушул банктарга негизинен окшош келген формаларда түзүлөт. Мамлекеттик банк өз ишин республиканын банк мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырат.

4. Мамлекеттер аралык банк Кыргыз Республикасынын белгиленген тар-

типте ратификацияланган эл аралык келишиминин (макулдашуусунун) неги- зинде түзүлөт. Ушул Мыйзамдын жоболору аны түзүү жөнүндөгү эл аралык келишимде (макулдашууда) каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен ага да тиешелүү болот. (Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 26-мартындагы N 63 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [2-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/560/st-2-1)  
Кийинки берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/560/st-4)
