# 28-статья. Банктын акциялары

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/560)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 29-июлундагы № 60 "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 29.07.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 1 декабря 2005 года №158 " О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банках и банковской деятельности в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/1757)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 01.12.2005 [Закон КР от 1 декабря 2005 года №158 " О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банках и банковской деятельности в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/1757); 26.03.2003 [Закон КР от 26 марта 2003 года № 63 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банках и банковской деятельности в Кыргызской Республике".](https://aqlex.ai/kg/doc/1187)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/560#diff=764617..764618>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/560/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-529/edition/764613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/560/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө, 28-статья (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/560/st-28

---

1. Банк акцияларды эмиссиялоону республиканын мыйзамдарына ылайык

жүзөгө ашырат. Акцияларды эмиссиялоонун ар биринен кийин, банк өз каттоочусунан жүгүртүүгө чыгарылган акциялары үчүн акы төлөнгөн учурдан тартып үч күндүн ичинде, бардык акционерлерге, анын ичинде, жањыларга да эмиссия- дан улам акциялардын санынын көбөйгөндүгү же алардын номиналдык наркын көтөрүү тууралу маалыматтар берүүсүн жана акцияларды ээлөө укуктарын ырастоону талап кылууга милдеттүү. Акциялар боюнча ар бир сертификаттагы же көчүрмөдөгү кол тамгалар факсимилдүү болушу мүмкүн.

2. Акциялардын наркы Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында

көрсөтүлөт. Банктын уставында банктын кызматкерлеринин банктык акцияларын са- тып алуусуна чек коюулар каралышы мүмкүн. Эгерде акцияларды сатып алуу, өткөрүп берүү, ээликтен ажыратуу бо- юнча бүтүмдөр он жана андан көп пайыздан ашса, каттоочу акцияны сатып алуучу жактан Кыргыз банкынын уруксатын талап кылууга милдеттүү.

3. Банктын акциясы бөлүнбөйт. Бир эле акция бир нече акционерге

таандык болгон учурларда, ошол акционерлердин бардыгы банк тарабынан бир акционер катары таанылат жана алардын укуктары алардын бирөөсү же жалпы өкүлү аркылуу жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

4. Банктын акциялары жөнөкөй жана артыкчылыктуу акциялар болушу

мүмкүн. Банк энчилүү гана акцияларды чыгарышы мүмкүн.

5. Банк акционерлерге жөнөкөй акциялар боюнча дивиденддерди төлөө

тууралу гарантия берүүгө тийиш эмес. Банктын стабилдүүлүгүнө, ошондой эле кредиторлор менен аманатчы- лардын кызыкчылыгына коркунуч туулган учурда, Кыргыз банкы;

1) эгерде, ал Кыргыз банкы тарабынан белгиленген экономикалык нор-

мативдерди бузууларга алып келсе;

2) (Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 1-декабрындагы N 158 Мыйза-

мына ылайык күчүн жоготту)

3) эгерде, банктын капиталынын адекваттуулугунун коэффициенти,

ошол банк үчүн Кыргыз банкы белгилеген эњ төмөнкү чектен төмөн болсо;

4) эгерде, ал мүмкүн болуучу кредиттик, лизингдик жоготууларды жа-

на чыгашаларды жабууга каралган резервдерге тиешелүү чегерүүлөрдүн көлөмүн кыскартууга алып келсе;

5) эгерде, банктын бөлүштүрүлбөгөн пайдасынын өлчөмү нөлгө барабар

же нөлдөн төмөн болуп калса;

6) (Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 1-декабрындагы N 158 Мыйза-

мына ылайык күчүн жоготту)

7) эгерде, банк үстүдөгү жылдын өткөн мезгилинде, отчеттук жылда

жана/ же отчеттук жылдан мурдагы жылда чыгым тартса;

8) эгерде банктын финансылык абалы начарласа.

(Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 26-мартындагы N 63, 2005-жыл- дын 1-декабрындагы N 158 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [27-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/560/st-27)  
Кийинки берене: [29-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/560/st-29)
