# 26-статья. Банкты аудитордук текшерүү

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/560)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 29-июлундагы № 60 "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 29.07.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 1 декабря 2005 года №158 " О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банках и банковской деятельности в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/1757)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 01.12.2005 [Закон КР от 1 декабря 2005 года №158 " О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банках и банковской деятельности в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/1757); 15.12.2004 [Закон КР от 15 декабря 2004 года № 192 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1593); 26.03.2003 [Закон КР от 26 марта 2003 года № 63 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банках и банковской деятельности в Кыргызской Республике".](https://aqlex.ai/kg/doc/1187)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/560#diff=764617..764618>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/560/st-26>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-529/edition/764613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/560/st-26.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө, 26-статья (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/560/st-26

---

1. Банкта компетенциясына, банкты уюштуруунун ички контролунун

системасынын адекваттууллугуна жана натыйжалуулугуна баа берүү жана текшерүү, ошондой эле, бекитилген кызматтык нускамаларга ылайык банктын аткаруучу кызмат адамдарынын аларга жүктөлгөн милдеттерди аткаруусунун сапаты, мыйзамдардын сакталышы жана эсепке алуунун адекваттуулугу жана банктык стандартка ылайык башка маселелер кирген ички аудит жүзөгө ашы- рылууга тийиш. Ички аудитор Директорлор кењешине отчет берип турат, аудитти жүр- гүзүү тартиби жана ага коюлуучу талаптар Директорлор кењеши тарабынан жана мыйзамдардын талаптарына ылайык банктын уставы менен аныкталат.

2. Банк иши жылына тышкы аудитордук уюмдар тарабынан текшерилүүгө

тийиш. Банктын аудити Кыргыз банкы тарабынан белгиленген банкты ауди- тордук текшерүү үчүн эњ төмөнкү критерийлерге ылайык келүүгө тийиш.

3. Банкта акционерлердин жалпы чогулушу тарабынан бир жылдык мөө-

нөткө дайындалуучу Директорлор кењешинин үч көзкарандысыз мүчөсүнөн турган Аудит боюнча комитет болууга тийиш. Аудит боюнча комитет банктын Директорлор кењеши же Аудит боюнча комитеттин эки мүчөсү тарабынан кварталда кеминде бир жолу чакырылууга тийиш. Аудит боюнча комитеттин негизги функциялары болуп төмөндөгүлөр са- налат:

1) тиешелүү бухгалтердик жол-жоболорду жана ички контролду түзүүнү

жана колдоп турууну камсыз кылуу;

2) акционерлердин жалпы чогулушунун тышкы аудиторлорду дайындоо

маселеси боюнча жолдомолорун иштеп чыгуу, жана зарылчылыкка жараша, банкты атайын аудитордук текшерүүгө демилге көтөрүү, Комитетке көмөк көрсөтүү үчүн банктын эсебинен эксперттерди тартуу;

3) мыйзамдардын, алардын ичинде Кыргыз банкынын ченемдик укуктук

актыларынын аткарылышына көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу жана ушул маселе боюнча банктын Директорлор кењешине отчет берүү.

4) ушул Мыйзамда каралган банктык холдингдик компаниялардын Аудит

боюнча Комитетинин функцияларын жүзөгө ашыруу. (Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 26-мартындагы N 63 Мыйзамынын, 2004-жылдын 15-декабрындагы N 192 Мыйзамынын, 2005-жылдын 1-декабрында- гы N 158 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [25-2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/560/st-25-2)  
Кийинки берене: [27-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/560/st-27)
