# 22-статья. Чогулуштун материалдарын даярдоо жана жөнөтүү

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/560)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 29-июлундагы № 60 "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 29.07.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/560/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-529/edition/764613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/560/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө, 22-статья (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/560/st-22

---

1. Жалпы чогулуштун боло тургандыгы жөнүндө банктын акционерлерине

акционерлердин реестринде көрсөтүлгөн дарек боюнча атайын кат менен ар бирине жеке же жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу, ошондой эле, бан- ктын өзүнүн ичинде жарыялоо жолу менен маалымдалат жана анда: чогулушту өткөрүүнүн датасы, өткөрүлүүчү жай; күн тартибиндеги маселелер; банктын акционерлеринин жылдык чогулушуна байланыштуу кошумча маа- лыматтарды жана акционерлердин тизмеси менен таанышууга, ошондой эле добуш берүү үчүн бюллетендерди алууга мүмкүндүк берген каттоо борборло- рунун жайгашкан жерлеринин даректери камтылууга тийиш. Жогорудагы маалымдоо ачык типтеги акционердик коом түрүндө түзүлгөн банктын жалпы чогулушун чакырууга чейин жыйырма күн, жабык типте түзүлгөн банктар үчүн он күн мурда таркатылууга тийиш, бул банк- тын акционерлерине чогулуштун кароосуна коюлган маселелер боюнча маалы- маттык чечим кабыл алууга мүмкүндүктөр берет. Чогуу алганда он проценттен ашык добушка ээ болушкан акционерлер, чогулуштун күн тартиби боюнча өз сунуштарын киргизе алышат, бирок алар ачык типтеги акционердик коом түрүндө түзүлгөн банктын акционерлеринин чогулушун чакырууга он күн калганга чейин, жабык типтеги акционердик коом түрүндө түзүлгөндөрдүн чогулушуна беш күн калганга чейин кирги- зилүүгө тийиш. Алдыда боло турган чогулуш жөнүндө банктын бардык акционерлерине билдирүү же мүмкүн болуучу өзгөрүүлөр тууралу маалымдоо милдеттүү түрдө ишке ашырылууга тийиш. Чогулуш өткөрүү жөнүндө маалымдоо жөнөкөй акциялар боюнча бардык төлөмдөрдү төлөгөн бардык акционерлерге, ошондой эле банктын аудиторуна жана адистештирилген каттоочуга жөнөтүлөт.

2. Ушул Мыйзамга ылайык каттоо күнүнүн датасына карата банктын ак-

ционерлеринин тизмесине киргизилген акционерлер жалпы чогулуш боюнча маалыматтарды алууга укуктуу.

3. Акционерлердин жалпы чогулушу тууралу маалыматтарда чогулуштун

күн тартибине киргизилген маселелер боюнча акционерлерге даярданууга мүмкүнчүлүк берүүчү зарыл материалдар жана/же документтер камтылууга тийиш. Жылдык чогулушту өткөрүүдө банктын акционерлерине:

1) күн тартибинде келтирилген жана чогулуштун кароосуна коюлган

маселелер баяндалган маалыматтык отчет, анын ичинде, банктын Директор- лор кењешинин мүчөлүгүнө кандидаттардын иш тажрыйбасына тиешелүү мате- риалдар жана башка материалдар;

2) банктын финансылык документтери, анын ичинде, банктын жылдык

отчету, өткөн финансы жылындагы маалыматтар жана финансылык маалымат- тардын жана мурдагы жылга салыштырганда жана алардагы өзгөрүүлөрдүн түшүндүрмөлөрү;

3) аудит жүргүзгөн фирма жөнүндөгү маалымат, бүткөрүлгөн иштер бо-

юнча кыскача баяндамалар жана аудитордук фирмага акы төлөөнүн негиздери тууралу маалыматтар берилет.

4. Ушул статьянын 3-пунктунда келтирилген бардык документтер жалпы

чогулушту өткөрүү жөнүндөгү маалымдоо менен кошо акционерлерге жөнөтүлүүгө тийиш.

---

Мурунку берене: [21-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/560/st-21)  
Кийинки берене: [23-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/560/st-23)
