# 20-статья. Банктын өкүлчүлүктөрүн ачуу

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/560)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 29-июлундагы № 60 "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 29.07.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/560/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-529/edition/764613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/560/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө, 20-статья (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/560/st-20

---

1. Банктын өкүлчүлүгү - юридикалык жак болуп саналбаган жана ошол

банктын кызыкчылыктарын коргоону жана өкүлчүлүктү жүзөгө ашырган, депо- зиттерди кабыл алуу, кредиттерди берүү, эсептешүү иштерин жүргүзүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык банк лицензиясын талап кыл- ган башка иштерден тышкары, ошол банктын атынан бүтүмдөр же башка укук- тук негиздеги аракеттерди жасаган анын бөлүмү болуп саналат. Өкүлчүлүк банк менен бирдиктүү баланска, ошондой эле, банктын ата- лышына толугу менен дал келген, бирок "өкүлчүлүк" деген сөз кошуп жа- зылган бирдей аталышка ээ болот.

2. Республиканын аймагында жана анын чегинен тышкарыда банктын

өкүлчүлүгү Кыргыз банкына алдын ала билдирүүдөн кийин жана төмөндөгүдөй документтер:

1) банктын тиешелүү органынын өкүлчүлүктү ачуу тууралу чечими;

2) өкүлчүлүк жөнүндөгү жобо берилгенде ачылат.

3. Чет өлкөлүк банктын өкүлчүлүгү Кыргыз банкынын уруксаты менен

ачылат. Өкүлчүлүк ачууга ниеттенип жаткан чет өлкөлүк банк, өз өкүлчү- лүгүн ачуудан эки ай мурда бул тууралу Кыргыз банкына билдирүүгө тийиш. Өкүлчүлүк ачууга уруксатты алуу үчүн резидент эмес-банк төмөндөгү- дөй документтерди:

1) өкүлчүлүк ачуу тууралу белгиленген түрдөгү арыз;

2) резидент эмес-банктын уюштуруу документтерин;

3) өкүлчүлүк жүзөгө ашырчу иштин тизмеси камтылган өкүлчүлүк жө-

нүндөгү жобону;

4) тиешелүү мамлекеттин банктык көзөмөл органынын арыз берген бан-

ктын банк ишин жүргүзүүгө лицензиясы бардыгы жөнүндөгү кат жүзүндөгү ырастоосун;

5) арыз берген банктын жетекчилеринин кол тамгалары түшүрүлгөн,

нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн карточканы;

6) арыз берген банктын тиешелүү органынын Кыргыз Республикасынын

аймагында өкүлчүлүк ачуу тууралу чечимин;

7) аудитордук фирма тарабынан күбөлөндүрүлгөн акыркы финансы жылы

үчүн арыз берген банктын жылдык отчетун (консолидацияланган балансты, киреше жана чыгаша жөнүндөгү отчетторду кошуу менен);

8) өкүлчүлүктүн жетекчиси тууралу маалыматтарды берүүгө тийиш.

4. Өкүлчүлүктүн аталышын, жайгашкан жерин жана иш түрлөрүн өзгөр-

түү Кыргыз банкы менен алдын ала макулдашуудан кийин гана жүзөгө ашыры- лышы мүмкүн.

5. Кыргыз банкы банктардын өкүлчүлүктөрүнүн жүргүзгөн ишине тие-

шелүү кошумча маалыматтарды талап кылууга жана актыларды чыгарууга уку- гу бар. Чет өлкөлүк банктардын өкүлчүлүктөрүн ачуунун жана анын иштешинин тартиби жөнүндөгү жобо Кыргыз банкы тарабынан бекитилет.

6. Банктын өкүлчүлүгү аны түзгөн банктын мүлкүн алышы мүмкүн жана

банк тарабынан бекитилген жоболордун негизинде иштейт. Алардын аракети алар мыйзамдуу бөлүгү болуп саналган юридикалык жактын аракети катары каралат, мында ошол өкүлчүлүктүн аткарган иши үчүн юридикалык жак (банк) толук жоопкерчилик тартат.

---

Мурунку берене: [19-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/560/st-19)  
Кийинки берене: [21-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/560/st-21)
