# 2-1-статья. Негизги түшүнүктөр

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/560)
- Документтеги орду: I бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 29-июлундагы № 60 "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 29.07.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/560/st-2-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-529/edition/764613/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө, 2-1-статья (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/560/st-2-1

---

Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат: Аффилирленген жактар:

- банктарды кошо алганда, юридикалык жактардын олуттуу катышуучу-

лары;

- банктарды кошо алганда, башка юридикалык жактар олуттуу катышуу-

чу болуп саналган юридикалык жактар;

- банктарды кошо алганда, юридикалык жактарда олуттуу катышуучу

болуп саналган башка юридикалык жактар. Банктык топ банктардан жана анын туунду жана/же ага караштуу ком- паниялардан жана/же банктык холдингдик компаниялардан жана анын туунду жана/же ага караштуу компанияларынан турат. Аталган жактар банктык топ- тун катышуучулары болуп саналышат. Банктык холдингдик компания - банк, анын туунду компаниясы же ту- унду компаниясынын бири болуп саналган башкы компания. Туунду компания

- башка юридикалык жак тарабынан (башкы компания) контролдонуучу юриди-

калык жак. Башка туунду компаниянын туунду компаниясы да башкы компани- янын туунду компаниясы (биринчи) катары каралат. Туунду банк - башка банк же башка юридикалык жак (башкы компания) тарабынан контролдонуучу банк. Туунду банктын туунду банкы да башкы компаниянын туунду банкы катары каралат. Банктын кызмат адамдары - банктын Директорлор кењешинин төрагасы жана башка мүчөлөрү, Башкармалыктын төрагасы, банктын Башкармасынын мүчөлөрү, финансы, кредит боюнча банктын башкы кызматкерлери. Банктын саясатын аныктаган же бул адамдар акысыз негизде иштешеби же сыйакы алышабы ага карабастан, банктын саясатын жүргүзгөн негизги операциялар- га катышууга ыйгарым укугу бар же реалдуу катыша алышкан жактарды да "банктын кызмат адамдары" деп түшүнүүгө болот. Бул аныктама банктын башкы компаниясынын кызмат адамдарына да таркатылат. Караштуу компания - бул анда кандайдыр бир жак жеке же башка жак- тар менен бирдикте бардык юридикалык жактын добуш берүүчү акцияларынын жыйырма процентинен көбүрөөгүнө же капиталындагы үлүшүнө тике же кыйыр түрдө ээлик кылууну же башкарууну жүзөгө ашырган юридикалык жак. Олуттуу катышуу - бул жеке, болбосо башка жактар менен бирдикте:

- акционердик коомдун добуш берүүчү акцияларынын (бардык түрүнүн)

он же андан көбүрөөк процентине, акционердик коом болуп саналбаган юри- дикалык жактын уставдык капиталынын он же андан көбүрөөк процентине ти- ке же кыйыр түрдө ээлик кылуу же башкаруу;

- же юридикалык жактын уставдык капиталына катышканына карабастан,

келишимдин же башкача негизде ошол юридикалык жактын жетекчилигине жа- на/же саясатына олуттуу таасир тийгизүү мүмкүнчүлүгү. Олуттуу катышуучу - ушул Мыйзамга ылайык юридикалык жакта олуттуу катышууну жүзөгө ашырган жак. Банктын инсайдерлери (ички жактар) - Башкарманын мүчөлөрү, Дирек- торлор кењешинин мүчөлөрү, Шарияттык кењештин мүчөлөрү башка кызмат адамдары, олуттуу катышуучулар жана аталган адамдар менен жалпы кызык- чылыктын негизинде байланышы болгон бардык башка жеке жактар. Компания - бардык юридикалык жак. Контроль - жеке, болбосо башка жактар менен бирдикте:

- акционердик коомдун добуш берүүчү акцияларынын элүү же андан

көбүрөөк процентине же акционердик коом болуп саналбаган юридикалык жактын уставдык капиталына тике же кыйыр түрдө ээлик кылуу же башкаруу, же;

- юридикалык жактын Директорлор кењешинин (байкоочу органынын) жок

эле дегенде тењ жарымын тандоо мүмкүнчүлүгү, же;

- юридикалык жактын капиталга катышканына карабастан келишимдин же

башкача негизде аталган юридикалык жактын жетекчилигине же саясатына белгилүү таасир көрсөтүү мүмкүнчүлүгү. Контролдоочу жак - юридикалык жакка контролду жүзөгө ашырган жак. Башкы компания - башка юридикалык жакты контролго алуучу юридика- лык жак. Эки жана/же андан көп жеке жана юридикалык жактардын ортосундагы жалпы кызыкчылыктар төмөндөгүдөй шарттардын бири эле болгон учурда таа- нылат:

- бир юридикалык же жеке жак башка жакты контролдоого алса;

- аталган жактар аффилирленген юридикалык жактар же инсайдерлер

болуп саналса;

- бул жактардын бири башка жакка караштуу компания болуп саналса.

Караштуу компаниянын олуттуу катышуучусун жана контролду аныктоо максаты үчүн:

- бир жактын караштуу компаниясы болуп саналган же бир жак тарабы-

нан контролдукка алынган компаниялардын ээлигинде турган акциялар ошол жактын кыйыр ээлигинде турган катары кароого алынат жана ошол жакка та- андык болгон акциялардын жалпы саны аныкталган шартта аталган жактын тике ээлигинде турган акциялар менен бириктирилет;

- бир жакка же анын жакын туугандарына (жарандык мыйзамдарга ыла-

йык биринчи жана экинчи кезектеги мурасчылар) таандык болгон акциялар ошол жактын түздөн-түз ээлигинде турган катары каралат. Төмөндөгү жактар банктын акцияларына бирдиктүү ээлик кылган жактар катары таанылат:

- жакын туугандар болуп саналгандар;

-түзүлгөн келишимден улам же башкача түрүндө акцияларга биргелешип ээлик кылгандар;

- өз алдынча же биргелешип олуттуу катышуучулар болуп саналгандар;

- эгерде алардын бири акцияларды сатып алуу үчүн башка жакка заем

(кредит же ага тењештирилген каражат) берсе;

- эгерде алардын бири кызмат адамы же башка жактын өкүлү болуп са-

налса. Ишеним боюнча башкаруу - ушул Мыйзамдын максаттары үчүн ошол жак- тан активдерин башкаруучу ошол жак менен жалпы кызыкчылыктарга ээ эмес дегенди түшүндүрөт жана:

- ошол жак тарабынан эч кандай негизде контролдукка алынбайт же

ошол жактын активдерин башкарууда андан көзкаранды болбойт;

- ошол жактын кызматкери же анын иш боюнча өнөктөшү болгон эмес

жана болуп да саналбайт;

- ошол жактын жакын тууганы болуп саналбайт;

- ишеним боюнча башкаруу жөнүндөгү келишимде ошол жактын активде-

рин же мүлкүн башкарууга алуу учурунда башкаруучу ошол мүлктөрдү башка- рууга жана контролдоого ала тургандыгы жана мында ал ошол жак менен эч кандай негизде консулътацияларды жүргүзүүгө жана ага билдирип турууга тийиш эмес экендиги көрсөтүлүшү зарыл. Исламдык банк" - Кыргыз Банкынын тийиштүү лицензиясы болгондо, өзүнүн ишин банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптерине ылайык жүргүзүүчү банк. "Исламдык терезеси" бар банк - Кыргыз Банкынын тийиштүү лицензиясы болгондо, тийиштүү бөлүмчөнүн ("исламдык терезенин") алкагында банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптерине ылайык кызматтарды көрсөтүүчү банк. Банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптери - банктык опера- цияларды Шарияттын стандарттарына ылайык, Кыргыз Банкынын нормативдик актыларында белгиленген тартипте жүргүзүү эрежелери. "Исламдык терезе" - операцияларды банк ишинин жана каржылоонун ис- ламдык принциптерине ылайык жүргүзүүчү банктын тийиштүү бөлүмчөсү. Шарияттын стандарттары - исламдык банк ишин алып барууда стандарт- тарды белгилөөчү эл аралык уюмдар (Исламдык финансы институттары үчүн бухгалтердик эсепке алуу жана аудит уюму менен Исламдык финансы кызмат көрсөтүү кењеши) тарабынан иштелип чыккан жана бекитилген экономикалык жана башка ишти жүргүзүүнүн эрежелеринин жыйнагы. Шарияттык кењеш - операцияларды банк ишинин жана каржылоонун ис- ламдык принциптерине ылайык жүргүзүүчү, банктын бүтүмдөрү (келишимдери) Шарияттын стандарттарына ылайык болушу үчүн жооптуу банк органы. (КР 2005-жылдын 1-декабрындагы N 158, 2009-жылдын 28-марты № 93

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/560/st-2)  
Кийинки берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/560/st-3)
