# 18-статья. Банктын туунду жана караштуу компанияларына талаптар

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/560)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 29-июлундагы № 60 "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 29.07.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 1 декабря 2005 года №158 " О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банках и банковской деятельности в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/1757)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/560#diff=764617..764618>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/560/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-529/edition/764613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/560/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө, 18-статья (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/560/st-18

---

1. Банк тарабынан туунду компанияны түзүү же сатып алуу төмөнкүдөй

шарттар орун алган учурда Кыргыз банкынын жазуу жүзүндөгү уруксатынын негизинде жүзөгө ашырылат:

1) туунду компаниянын менчиктик структурасы жана башкаруусу, фи-

нансылык мүмкүнчүлүктөрү Кыргыз банкы тарабынан белгиленген критерий- лерге ылайык келсе;

2) банкта туунду компаниялардын ишинен улам келип чыккан тобокел-

дикти контролдоо процедуралары жана банктын жана туунду компаниялардын корпоративдик өз алдынчалыгын колдоого багытталган процедуралар иштелип чыкса;

3) туунду компанияны түзүү же сатып алуу банктын финансылык ста-

билдүүлүгү үчүн олуттуу тобокелдиктерди алып келбесе;

4) Кыргыз банкы тарабынан белгиленген башка талаптар аткарылса.

Туунду компанияны түзүү же иштеп жаткан компанияны сатып алууга ниетин билдирген банк тарабынан берилүүгө тийиш маалыматтар жана банк- тын өтүнүчүн кароонун тартиби Кыргыз банкынын ченемдик актыларында аныкталат. Банктын туунду компаниялары банктык жана/же финансылык ишти, ошон- дой эле банктык жана/же финансылык ишти жүзөгө ашырууга байланыштуу иш- ти ушул Мыйзамда аныкталган негиздерде жана тартипте жүзөгө ашыра алат.

2. Кыргыз банкы, эгерде алардын негизинде банкты түзүүгө уруксат

берүүдөн баш тартууга негиз болгон фактылар ага белгилүү болгондо, же туунду компания ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында уруксат берилбеген ишке катышкан болсо, туунду компанияны түзүүгө же аларды сатып алууга берген макулдугун кайтарып алышы мүмкүн. Кыргыз банкы өзүнүн берген уруксатын кайтарып алган учурда банк туунду компа- ниялардын ага тиешелүү акцияларын банк менен байланышы болбогон жактар- га Кыргыз банкы тарабынан аныкталган убакыт ичинде сатууга тийиш.

3. Банк Кыргыз банкынын макулдугу менен караштуу компанияларды са-

тып алышы же түзүшү мүмкүн. Ага макулдук алуу үчүн берилген маалыматтар Кыргыз банкынын ченемдик укуктук актыларында аныкталат жана эч болбоду дегенде төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:

- караштуу компаниялардын аталышын;

- компаниянын ишинин түрүн;

- компаниянын ээлик кылуу структурасын (олуттуу катышуучуларын жа-

на контролдоочу жактарын кошо алганда) жана банктык инвестициялардын суммасын. Банкка караштуу компаниялар Кыргыз банкынын ченемдик укуктук акты- ларында аныкталган банктык жана/же финансылык ишке байланыштуу ишти ко- шо алганда, банктык жана/же финансылык ишти жүзөгө ашыра алышат. (Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 1-декабрындагы N 158 Мыйзамы- нын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/560/st-17)  
Кийинки берене: [19-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/560/st-19)
