# 14-статья. Лицензия алуу үчүн зарыл документтер

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/560)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 29-июлундагы № 60 "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 29.07.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 1 декабря 2005 года №158 " О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банках и банковской деятельности в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/1757)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 01.12.2005 [Закон КР от 1 декабря 2005 года №158 " О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банках и банковской деятельности в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/1757); 26.03.2003 [Закон КР от 26 марта 2003 года № 63 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банках и банковской деятельности в Кыргызской Республике".](https://aqlex.ai/kg/doc/1187)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/560#diff=764617..764618>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/560/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-529/edition/764613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/560/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө, 14-статья (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/560/st-14

---

1. Банк иштерин жүргүзүүгө лицензия алуу үчүн арыз берүүчү төмөн-

дөгүдөй документтерди:

1) Кыргыз банкы тарабынан белгиленген түрдөгү лицензияны берүү жө-

нүндө өтүнүчтү;

2) түзүлүп жаткан банктын уюштуруу документтерин (уюштуруу келиши-

ми, банктын уставы, уставды кабыл алуу жана банктын Директорлор кењеши- нин мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө протоколду); банк ишинин максаттарына жетишүү иш ыкмаларын чагылдырган жана банкты уюштурууда экономикалык негиздөөлөрү менен Кыргыз банкы тарабы- нан белгиленген тартипте түзүлгөн бизнес-планды;;

4) төмөнкүлөрдү кошо алганда, Кыргыз банкы тарабынан белгиленген

жана уюмдаштырууга (акционерлерге) тиешелүү болгон маалыматтар:

- ар бир акционердин банктын капиталына катышуусунун болжолдуу өл-

чөмү;

- алардын иши жана кесиптик тажрыйбалары тууралу маалыматтар;

- аудитордук уюмдун отчету же финансылык абал жөнүндөгү башка маа-

лыматтар;

- алар уставдык капиталга өз салымдары үчүн пайдаланууга ниеттенип

жатышкан каражаттардын булагын аныктоого мүмкүндүк берген маалыматтар;

- уюмдаштыруучулар же акционерлер менен жалпы таламдары бар бардык

жактар жөнүндө маалыматтар;

5) банктын Директорлор кењешинин мүчөлөрүнүн жана аудит боюнча Ко-

митеттин төрагасы менен анын орунбасарларын көрсөтүү менен алардын тиз- месин, ошондой эле аудит боюнча Комитеттин Директорлор кењешинин ар бир мүчөсүнүн аты-жөнү жана дареги жөнүндөгү маалыматтарды, жана ошондой эле алардын Кыргыз банкы тарабынан белгиленген талаптарына ылайыктуулу- гун ырастоочу маалыматтарды;

6) төрага жана анын биринчи орун басары ар бир адамдын аты-жөнү

жана дареги жөнүндө кабарларды, ошондой эле, Кыргыз банкы тарабынан белгиленген жарактуулук талаптарына алардын ылайыктуулугун далилдеген маалыматтарды камтыган банк башкармасынын мүчөлөрүнүн тизмесин;

7) ички аудит бөлүмүнүн жетекчисин, кредит бөлүмүнүн жетекчисин,

банктын активдери менен пассивдерин башкаруучусун кошо, банк Башкарма- сынын мүчөлөрү жана/же банктын ири бөлүмдөрүнүн жетекчилери болуп да- йындалган адамдар үчүн ушул статьянын 6-пунктчасында көрсөтүлгөн маалы- маттар, ошондой эле, мурдагы иштеген иши тууралу маалыматтар берилүүгө тийиш;

8) уюшулуп жаткан банктын толук уюштуруу структурасын;

9) (Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 1-декабрындагы N 158 Мыйза-

мына ылайык күчүн жоготту)

10) эгерде банк банктык топтун бөлүгү болсо, төмөнкүлөр кошумча

берилүүгө тийиш:

- банктык топтун түзүмү жөнүндө маалыматтар;

- алардын финансылык абалы жана иши жөнүндө маалыматтарды кошо ал-

ганда, банктык топтун катышуучулары тууралу маалыматтар;

- тобокелдиктерди башкаруу жана ички контроль боюнча банктык топ-

тордун саясаты;

- банктык топтун катышуучуларын контролдоочу жактар жөнүндө маалы-

маттар;

- банктык топто реалдуу контролду жүзөгө ашырышкан жактар жөнүндө

маалыматтар;

11) лицензия үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген

өлчөмдө төлөнгөндүгүн ырастоочу документтерди;

12) мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн тапшырууга

тийиш. Ушул статьянын 6 жана 7-пунктчаларында көрсөтүлгөн адамдардын жа- рактуулугунун критерийлери Кыргыз банкы тарабынан аныкталат. Жањы да- йындалуучу кызмат адамдарынын кесиптик сапаттарын ырастоочу документ- тер, банктын башкаруу звеносунун кадрлары алмаштырылган учурда Кыргыз банкына берилет. Ушул пункттун 4-7-пунктчаларында көрсөтүлгөн адамдардын жарактуу- лугу жөнүндөгү талаптар Кыргыз банкы тарабынан аныкталат. Жањы дайында- луучу кызмат адамдарынын кесиптик сапаттарын ырастоочу документтер, банктын кызмат адамдарынын курамында кадрдык өзгөрүүлөр болуп өткөн учурда Кыргыз банкына берилет. 1-1. Уюмдаштыруучулар - юридикалык жактар ушул статьянын 1-пункту- нун 4-пунктчасында көрсөтүлгөн маалыматтарга кошумча төмөндөгүлөрдү бе- рүүгө тийиш:

- өзүнүн бардык акционерлери жана контролду реалдуу жүзөгө ашырыш-

кан контролдоочу жактары жөнүндөгү маалыматты;

- өзүнүн бардык акционерлерине жана контролдоочу жактарына тие-

шелүү болгон, ушул статьянын 1-пунктунун 4-пунктчасында көрсөтүлгөн ма- алыматтарды;

- Директорлор кењешинин (байкоочу органынын) жана Башкармалыктын

(аткаруу органынын) бардык мүчөлөрүнүн Кыргыз банкы тарабынан белгилен- ген минималдуу критерийлерге ылайык келе тургандыгын тастыктаган маалы- матты;

- юридикалык жактын статусун тастыктаган уставды же башка доку-

ментти;

- банкты түзүүгө катышуу тууралу уюмдаштыруучунун ыйгарым укуктуу

башкаруу органынын чечимин. Четөлкөлүк уюмдаштыруучулар - өзү келген мамлекетте (каттоодон өткөн) көзөмөлгө алынууга тийиш болгон юридикалык жактар, эгерде бул өзү келген өлкөнүн (каттоодон өткөн) мыйзамдарына ылайык талап кылынса, түзүлүп жаткан банкты инвестициялоо үчүн тиешелүү четөлкөлүк көзөмөл органынын жазуу жүзүндөгү макулдугун же мындай макулдук уюмдаштыруучу мамлекеттин мыйзамы боюнча талап кылынбагандыгы тууралу жазуу жүзүндөгү тастыктоону кошумча берүүгө тийиш.

2. Ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн документтерге кошумча,

Кыргыз банкы четөлкө банкынын филиалын же туунду компаниясын түзүү ар- кылуу банктык банк операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия (уруксат) алууга ниеттенип жатышкан четөлкө компаниясынан же банкынан белгиленген тартипте легализацияланган төмөндөгү документтерди талап кыла алат:

- ошол четөлкө банкынын же компаниясынын Кыргыз Республикасынын

аймагында четөлкө банкынын филиалын ачууга же банктын туунду компания- сын түзүүгө тиешелүү банктык көзөмөл органынын жазуу жүзүндөгү макулду- гун же мындай макулдук ошол мамлекеттин мыйзамы боюнча талап кылынба- гандыгы тууралу жазуу жүзүндөгу тастыктоону;

- тиешелүү мамлекеттин банктык көзөмөл органынын уюмдаштыруу-

чу-банк ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген тиешелүү банктык ли- цензияга ээ экендиги жана консолидацияланган негизде көзөмөлгө алына тургандыгынын жазуу жүзүндөгү тастыктоосун;

- юридикалык жактын статусун тастыктаган уставды же башка доку-

ментти жана көзкарандысыз аудитор тарабынан тастыкталган жана күбөлөндүрүлгөн акыркы үч жыл үчүн анын финансылык отчеттуулугун;

- Кыргыз Республикасынын аймагында туунду банкты же филиалды ачуу

тууралу четөлкөлүк уюмдаштыруучу-банкынын (катышуучунун) тиешелүү орга- нынын чечимин. (Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 26-мартындагы N 63, 2005-жыл- дын 1-декабрындагы N 158 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/560/st-13)  
Кийинки берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/560/st-15)
