# 13-статья. Банк иштерин лицензиялоо

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/560)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 29-июлундагы № 60 "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 29.07.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 марта 2009 года № 93 "О внесении дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банках и банковской деятельности в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/202639)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 28.03.2009 [Закон КР от 28 марта 2009 года № 93 "О внесении дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банках и банковской деятельности в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/202639); 01.12.2005 [Закон КР от 1 декабря 2005 года №158 " О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банках и банковской деятельности в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/1757); 26.03.2003 [Закон КР от 26 марта 2003 года № 63 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банках и банковской деятельности в Кыргызской Республике".](https://aqlex.ai/kg/doc/1187)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/560#diff=764623..764624>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/560/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-529/edition/764613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/560/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө, 13-статья (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/560/st-13

---

1. Банк республиканын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик каттоодон

өткөн учурдан тартып юридикалык жактын статусун алат.

2. Өз ишин баштоо үчүн банк Кыргыз банкынан банк иштерин жүргүзүү-

гө укук берүүчү лицензияны аны төлөп алууга тийиш, мындай төлөмдүн өл- чөмдөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет.

3. Кыргыз банкы Кыргыз Республикасынын аймагындагы банк операция-

ларын, анын ичинде банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптерине ылайык келген операцияларды жүргүзүүгө лицензия берүүгө ыйгарым укуктуу бирден бир орган болуп саналат. Банк операцияларын жүргүзүүгө лицензия Кыргыз банкы тарабынан белгиленген тартипте берилет. Кыргыз банкы банк иштерин жүргүзүүгө лицензия алышкан банктардын реестрин жүргүзөт. Кыр- гыз банкынын лицензиясын алышкан банктар жөнүндөгү маалыматтар жалпыга маалымдоо каражаттарында жылына бир жолу жарыяланып турат.

4. Банк, анын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү жергиликтүү бийлик ор-

гандарында катталбайт.

5. Ушул Мыйзамдын 14-статьясында каралган документтерди карап чык-

кандан кийин Кыргыз банкы лицензия алууга алдын ала уруксат бериши мүм- күн, бул банк өзүнүн кадрдык курамын аныктап, тиешелүү минималдык капи- талын төлөп, мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралу Күбөлүгүн берген- де, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Кыргыз бан- кында каралган башка талаптарды аткарганда лицензия берилет дегендикке жатат. 5-1. Алдынала уруксат алынгандан жана Кыргыз банкы төмөндөгүлөрдүн аткарылгандыгына ынангандан кийин гана арыз берүүчүгө лицензия берилет:

1) мамлекеттик каттоо жөнүндөгү күбөлүк көрсөтүлсө;

2) тиешелүү минималдуу уставдык капитал толугу менен төлөнсө;

3) банктын имараты жана жабдуулары аманатчылардын каражаттарынын

коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Кыргыз банкы тарабынан белгиленген та- лаптарга ылайык келсе;

4) уюмдаштыруучулар алдыдагы финансылык жылга банк үчүн көзкаран-

дысыз тышкы аудиторду тандап алышса;

5) банк Кыргыз банкынын талаптарына ылайык өзүнүн кадрдык курамын

аныктап жана банк ишин жүзөгө ашыруу үчүн маалыматтык системаларын тесттен өткөрсө;

6) колдонуудагы мыйзамдарга ылайык белгиленген башка талаптарды

аткарса.

6. Кыргыз банкы тарабынан берилген банктык лицензиялар жана чексиз

мөөнөткө ыйгарылат жана Кыргыз Республикасынын бардык аймагында колдо- нулат.

7. Кыргыз банкы тарабынан берилген лицензиялар энчиленип берилет

(алынып коюлбайт) жана аны үчүнчү жакка берүүгө болбойт.

8. Банк иштеринин бардык түрлөрү, аларды жүргүзүү укугу лицензияда

түздөн-түз көрсөтүлгөндө гана жүзөгө ашырылат.

9. Кыргыз банкынын лицензиясы жок ишке ашырылган банк иш-аракетте-

ри жетишсиз деп эсептелинет. Банк ишин лицензиясыз жүргүзгөндүк үчүн мыйзамдарда каралган жоопкерчиликтер келип чыгат. (КР 2003-жылдын 26-мартындагы N 63, 2005-жылдын 1-декабрындагы N 158, 2009-жылдын 28-марты № 93 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/560/st-12)  
Кийинки берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/560/st-14)
