# 11-статья. Банк капиталы

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/560)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 29-июлундагы № 60 "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 29.07.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 16 мая 2008 года № 88 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банках и банковской деятельности в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/202299)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 16.05.2008 [Закон КР от 16 мая 2008 года № 88 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банках и банковской деятельности в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/202299); 30.05.2007 [Закон КР от 30 мая 2007 года № 75 "О внесении изменнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202108); 26.03.2003 [Закон КР от 26 марта 2003 года № 63 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банках и банковской деятельности в Кыргызской Республике".](https://aqlex.ai/kg/doc/1187)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/560#diff=764620..764621>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/560/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-529/edition/764613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/560/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө, 11-статья (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/560/st-11

---

1. "Банк капиталы" банктын кирешелүү жана туруктуу өнүгүшүн камсыз

кылуу, банк ишине мүнөздүү келген мүмкүн болуучу жоготуулардын ордун толтуруу үчүн кызмат кылып, банктын кардарларынын ага болгон ишениминин гаранты болуп саналат жана банк ишин жүзөгө ашырууда келип чыгышы мүм- күн болгон тобокелдиктерден коргонуу чарасы катары аракет кылат. Банктын капиталы бухгалтердик баланстын статьяларына ылайык анын активдери менен милдеттенмелеринин ортосундагы айырмачылыкты билдирүү- чү, бухгалтердик эсепке алуунун белгиленген принциптерин чагылдырган таза наркты же банктын өздүк каражаттарын билдирет.

2. Банк капиталынын негизин толук төлөнгөн уставдык капитал түзөт.

Банк капиталынын курамына акционерлер тарабынан салынган каражаттарды кайтаруу боюнча милдеттенмелери болбогон уставдык капитал гана кирет. Акционерлер (катышуучулар, уюштуруучулар) тарабынан салынган бул каражаттар, алар тарабынан өткөрүп берүү же акцияларды сатуу жолу менен гана алынышы мүмкүн.

3. Банктын уставдык капиталы уюмдаштыруучулардын (акционерлердин)

акча каражаттарынын эсебинен, Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы түрүндө гана түзүлөт жана Кыргыз банкы тарабынан белгиленгенден аз эмес өлчөмдө төлөнүүгө тийиш. Уставдык капиталды түзүү үчүн негизги каражат- тарды жана материалдык эмес активдерди пайдаланууга жол берилбейт. Банктардын уставдык капиталын түзүүгө карата талаптар Кыргыз банкы тарабынан белгиленет. Банк өздүк акцияларын сатып алууга жана күрөөгө кабыл алууга укуктуу эмес.

4. Банк операцияларын жүргүзүүгө лицензия алганга чейин банк Кыр-

гыз банкында ачылган эсепке эњ төмөнкү уставдык капиталды салууга мил- деттүү.

5. Кыргыз банкы банктын капиталынын адекваттуулугун аныктоо боюнча

экономикалык ченемдерди, уставдык капиталдын эњ төмөнкү өлчөмүн, капи- талдын (өздүк каражаттардын) эњ төмөнкү өлчөмүн белгилейт, ошондой эле банктын түзүмүн аныктайт.

6. Кыргыз банкы банктардын капиталын түзүү жана көбөйтүү маселеле-

ри боюнча нормативдик актыларды чыгарууга жана банк ишинде келип чыгуу- чу тобокелдикке жараша капиталды же капиталдын адекваттуулугунун коэф- фициентин кармап турууну банктардан талап кылууга укуктуу. Банктар үчүн нормативдик актыларды иштеп чыгууда Кыргыз банкы банк капиталына тиешелүү эл аралык стандарттарды, атап айтканда, Банктык көзөмөлдүктүн Базель Комитетин жана Европа Шериктештиги өздөрүнүн ди- рективаларында жана банк ишине тиешелүү башка документтеринде кабыл алышкан стандарттарды эске алышы мүмкүн. (Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 26-мартындагы N 63 Мыйзамынын, 2007-жылдын 30-майындагы N 75 Мыйзамынын, 2008-жылдын 16-майындагы N 88 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/560/st-10)  
Кийинки берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/560/st-12)
