Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Постановление Правительства КР « О заключении Правительства Кыргызской Республики на проект Закона Кыргызской Республики «О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики»
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2004-11-10.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-марты № 166
токтомуна ылайык күчүн жоготту
Бишкек шаары, Окмот Уйу
2004-жылдын 10-ноябры, №830
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ОКМОТУНУН ТОКТОМУ
«Кыргыз Республикасынын Салык кодексине озгортуулорду
киргизуу жонундо» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна
Кыргыз Республикасынын Окмотунун корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 3-пунктуна
ылайык Кыргыз Республикасынын Окмоту токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Мыйзам чыгаруу
жыйынынын депутаты А.У.Жапаров демилге кылган «Кыргыз Республикасынын
Салык кодексине озгортуулорду киргизуу жонундо» Кыргыз Республикасынын
Мыйзам долбооруна тиркелген корутундунун негизинде макулдук
берилбесин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешине
жиберилсин.
Премьер-министр Н.Танаев
10-ноябры 2004-жыл № 17-2339
Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кенешинин
Мыйзам чыгаруу жыйыны
«Кыргыз Республикасынын Салык кодексине озгортуулорду
киргизуу жонундо» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна
корутунду
Кыргыз Республикасынын Окмоту Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кенешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты А.У.Жапаров демилге кылган
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 76, 89 жана 106-статьяларына
озгортуулорду киргизууну кароочу «Кыргыз Республикасынын Салык
кодексине озгортуулорлу киргизуу жонундо» Кыргыз Республикасынын
Мыйзам долбоорун карап чыгып жана Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 65-статьясынын 3-пунктун жетекчиликке алып аны кабыл
алууга томонку негиздер боюнча макулдук бербейт.
Жеке киреше салыгынын бирдиктуу ставкасын 13,5 процент олчомундо
белгилоо жана салык алынбоочу минимумду айлык эмгек акынын тогуз
минимум олчомуно чейин кобойтуу бюджеттин 100 млн. сомго азайышына
алып келет, анын ичинен иш жузундо 70 млн. сом «Кумтор» долбоорунун
кызматкерлерине туура келет. Бул учурда уруксат берилген эсептен
чыгаруу олчому кобойгонуно карабастан копчулук салык толоочулор учун
салыктын оорчулугу осот, бул болсо салык салуудан качуунун дагы
кобуроок осушуно алып келет. Алсак, калктын кыйла олуттуу болугун
камтыган, айына 2000 сомдон 8000 сомго чейиики олчомдо эмгек акы
алуучу кызматкерлер учун салыктын оорчулгу кобойот. Айына 9-11 мин сом
эмгек акы алуучу кызматкерлер уччн жуктун бир аз кыскарышы кутулот
жана андан ары эмгек акынын денгээлинин жогорулашы менен салык
оорчулугу томондойт. Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын
Социаллык фондуна чегеруулордун колдонулган ставкасы учурунда жеке
киреше салыг боюнча жуктун ушул бир аз азайышыш ошол эле учурда
социалдык чегеруулор боюнча жуктун кыйла жогору осушу менен коштолот
жана жеке киреше салыгы боюнча пайданы жабат, бул легалдаштыруу учун
стимулдарды толук жокко чыгарат.
Ошентип бул чараны коруу азыркы учурдагы проблеманы чече албайт:
салык оорчулугун болуштурууну жакшыртпайт, кирешелерди легалдаштырууга
стимул боло албайт жана бюджеттин коромжуга учурашына алып келет.
Пайдага салыктын ставкасын 10 процентке чейин азайтуу болугундо.
Сунуш кылынган чарага баа беруу 2002 - 2003-жылдары салык ставкасын
ЗОдан 20 процентке чейин азайтуудан жетишилген натыйжаларга жараша
жургузулгон.
Салык ставкасын азайтуунун негизги максатынын бири салык оорчулугун
кыскартуу жана чарбакер субъекттерди салыкты толук толоого стимулдоо
болгон. Бул учурда бюджеттин мумкун болгон бир аз эле коромжусу
учурунда салык алынуучу базаны кенейтуу кутулгон.
Монополиялар боюнча жана башка ишканалар боюнча оз озунчо
натыйжалар каралган. Алсак, 2002-жылы ушундай чараны коруунун
натыйжасында табигый жана уруксат берилген монополияларды кошпогондо
ишканалардын 45 проценттен ашыгына салык алынуучу база кенейтилген,
бул салык чогултуунун номиналдык денгээлин сактоого мумкундук берген.
2003-жылы ушул сектор боюнча салык базасынын осушу жайлаган, бул
учурда анын кенейиши 10 проценттен ашык болгону белгиленген. Мындай
натыйжалар кирешелерди жашыруунун жарым жартылай кыскарышын айгинелейт
жана корулгон чарага он баа берууто негиз боло албайт.
Акыркы 2 жыл учун кирешелерди легалдаштырууну эске алуу менен
ставкаларды андан ары азайтуу 2002-жылы биринчи жолу алынган денгээлде
натыйжа бере албайт жана оптимисттик божомол боюнча салык базасын
кенейтууго жана 30 процентке чейин кирешелерди легалдаштырууга алып
келет. 2003-жылы 450,0 млн. сом олчомундо салык толоочулордун ушул
категориясынан пайдага салыктын иш жузундогу тушуусуно жараша жана
2005-жылга 488,0 млн. сом коломундо болжолдоодо базаны ушундай
кенейтуу кирешелердин томондошун компенсациялай албайт жана баа
беруучу маалыматтар боюнча коромжулар 180-200 млн. сомду тузот.
Премьер-министр Н.Танаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Налоговый кодекс КРКодекс · 26.06.1996 · № 25 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон