# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 30-октябрындагы № 798 "Бюджеттик мекемелер менен уюмдардын толук бюджеттик каржылоого этабы менен өтүшү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 30-октябрындагы № 798 "Бюджеттик мекемелер менен уюмдардын толук бюджеттик каржылоого этабы менен өтүшү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 798
- Кабыл алынган күнү: 30.10.2004
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.12.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/55947>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-10446/edition/861643/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/55947.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.12.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 30-октябрындагы № 798 "Бюджеттик мекемелер менен уюмдардын толук бюджеттик каржылоого этабы менен өтүшү жөнүндө" токтому (20.12.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/55947

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2004-жылдын 30-октябры № 798 Бюджеттик мекемелер менен уюмдардын толук бюджеттик каржылоого этабы менен өтүшү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-сентябрындагы № 427, 2006-жылдын 8-июнундагы № 414, 2009-жылдын 12-июнундагы № 371, 2011-жылдын 25-майындагы № 244, 2011-жылдын 13-июнундагы № 305 , 2017-жылдын 20-декабрындагы № 826токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Милдеттүү төлөмдөрдүн системасын тартипке келтирүү жана "Экономиканы кошумча жөнгө салуунун концепциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 5-февралындагы № 25 Жарлыгында аныкталган ишкердик кылууну өнүктүрүү чөйрөсүн жакшыртуу жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 15-январындагы № 9 буйругу менен бекитилген мамлекеттик башкаруудагы структуралык кайра түзүүлөр үчүн программалык кредиттин (GSAC) жана мамлекеттик башкаруудагы техникалык жардам кредитинин (GTAG) шарттарын аткаруу боюнча иш-чаралардын планын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Толук бюджеттик каржылоого өткөрүлүүчү министрликтер менен ведомстволордун тиркелген Тизмеси бекитилсин (мындан ары - Тизме).

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агентствосун жана Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департаментин, лицензиялоо боюнча көзөмөлдөөчү функцияларды аткаргандык үчүн лицензиаттан лицензияланчу ишкердигинен жана Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Мамлекеттик техникалык башкы инспекцияны кошпогондо алынчу акчанын 0,15 проценти өлчөмдөгү жыл сайынкы акы бөлүгүндө кошпогондо республикалык бюджеттен каржылануучу министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, администрациялык ведомстволорго, мамлекеттик комиссияларга жана башка аткаруу бийлигинин органдарына "Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык подразделениелери тарабынан берилүүчү уруксат кылуучу документтердин реестрин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 25-февралындагы бекитилген ар кандай мамлекеттик уруксаттарды, сертификаттарды, ишкердик кылуу ишинин жана анын натыйжаларынын милдеттүү мамлекеттик талаптарга ылайык келиши жөнүндө документтерди берүүдөн, инвестициялык жана башка документтерди милдеттүү макулдашуудан, контролдоочу-көзөмөлдөөчү иш-чаралардан (текшерүүлөрдөн) түшкөн кирешелерди, ошондой эле финансылык санкциялардан, айып акылардан, пенялардан чегерүүлөрдү ушул токтом менен бекитилген Тизмеге ылайык республикалык бюджеттин кирешесине толугу менен чегеришсин.

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-июнундагы № 371, 2011-жылдын 25-майындагы № 244 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

3. Жол берилген финансылык тартип бузуулар үчүн жекече жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, мамлекеттик комиссиялардын жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилерине жүктөлсүн.

4. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери, администрациялык ведомстволору, мамлекеттик комиссиялары жана аткаруу бийлигинин башка органдары:

- уруксаттарды (эл аралык автомобилдик ташууларга уруксаттарды кошпогондо) жана сертификаттарды арыз берүүчүгө республикалык бюджеттин кирешесине тиешелүү төлөөнү жүргүзгөндүгү жөнүндө банктын белгиси коюлган документтин көчүрмөсү болгон учурда берүүнү жүзөгө ашырышсын;

- финансылык санкциялар, айып акылар жана пенялар эсептелгенде мекемелерге, уюмдарга ишканаларга, ошондой эле жеке жактарга алар тарабынан тиешелүү төлөм тапшырмасын жазуу жана ал каражаттарды кийин республикалык бюджеттин кирешесине чегерүү үчүн зарыл болгон банк реквизиттерин беришсин;

- мамлекеттик уруксаттарды, сертификаттарды, ишкердик кылуу ишинин жана анын натыйжаларынын милдеттүү мамлекеттик талаптарга ылайык келиши жөнүндө документтерди, инвестициялык жана башка документтерди милдеттүү макулдашуудан, контролдоочу-көзөмөлдоөчү иш-чараларды (текшерүүлөрдөн) түшкөн акчалай каражаттардын, ошондой эле финансылык санкциялардан, айып акылардан, пенялардан чегерүүлөрдүн республикалык бюджеттин кирешесине өз убагында чегерилишине контролдук жүргүзүшсүн.

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-сентябрындагы № 427 токтомунун редакциясына ылайык)

5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:

- "Кыргыз Республикасынын 2005-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштарды жана кирешелер боюнча операциялардын классификациялык структурасын даярдасын;

- министрликтерди, мамлекеттик комитеттерди, администрациялык ведомстволорду, мамлекеттик комиссияларды жана аткаруу бийлигинин башка органдарын республикалык бюджеттен учурдагы финансылык жылга чыгашалардын бекитилген сметаларына ылайык каржылоону жүзөгө ашырсын;

- жогоруда көрсөтүлгөн Уруксат берүүчү документтердин реестрин жана Тизмесин ар дайым жаңыртып туруу максатында министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, мамлекеттик комиссиялардын жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын уруксат берүүчү-жөнгө салуучу функцияларына системалуу контролдук жана мониторинг жүргүзүп турсун.

6. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, мамлекеттик комиссиялар жана аткаруу бийлигинин башка органдары бир айлык мөөнөттө:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мурда кабыл алынган чечимдерин жана ведомстволук нормативдик-укуктук актыларын ушул токтомго ылайык келтирүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуштарды киргизишсин;

- өздөрүнүн карамагында болгон бюджеттен тышкаркы фонддорду жана толук өз алдынча финансылоодо иш жүргүзүп жаткан баш ийген уюмдарда санактан өткөрүүнү жүргүзсүн жана анын натыйжаларын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соода министрлигине берсин.

7. Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соода министрлиги Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен биргелешип, санактан өткөрүү боюнча берилген материалдарды жалпылагын жана 2005-жылдын 1-мартына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш киргизсин.

8. "Бюджеттик мекемелер менен уюмдарды 2003-жылдын 1-январынан тартып толук бюджеттик каржылоого этабы менен өткөрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 18-апрелиндеги № 229 токтому күчүн жоготту деп табылсын.

9. Токтом 2005-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

10. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын финансы бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

Н.Танаев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 30-октябрындагы № 798 токтому менен бекитилген

Толук бюджеттик финансылоого өткөрүлүүчү министрликлер менен ведомстволордун тизмеси

(КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-июнундагы № 414, 2011-жылдын 13-июнундагы № 305, 2017-жылдын 20-декабрындагы № 826 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

| № | Контролдоо-көзөмөлдөө иш-чараларын (текшерүүлөрдү) жүргүзүүдөн жана финансылык санкциялардан, айыптардан жана пенялардан түшүүчү кирешелердии түрлөрү | Атайын каражаттарды түзүү үчүн негиздер (нормативдик- укуктук актынын аталышы) |  |
| --- | --- | --- | --- |
| Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы |  |  |  |
| 1 | Алар тарабынан жазыктык-процесстик тартипте алынып коюлган, мамлекеттин кирешесине өткөрүлгөн мүлктү жана баш- ка баалуулуктарды сатуудан түшкөн ак- чалай каражаттардын, анын ичинде чет өлкөлүк валютадага каражаттардын 30 проценти | "Кыргыз Республикасынын Про- куратурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы |  |
| Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасы |  |  |  |
| 1 | Келтирилген зыяндан 30 проценттик че- герүүлөр | "Кыргыз Республикасынын Про- куратурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы |  |
| Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |  |  |  |
| Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти |  |  |  |
| 1 | Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу үчүн айыптар | "Калктын санитардык-эпидеми- ологиялык коопсуздугу жөнүндө Кыргыз Республикасы- нын Мыйзамы | \| |
| Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги |  |  |  |
| Ички аудит башкармалыгы |  |  |  |
| 1 | Бюджетке өндүрүлгөн жана орду толту- рулган зыяндын жана бюджетке кошумча түшүүлөрдүн суммасынан 10 процентке чейинки өлчөмүндө чегерүүлөр | "Кыргыз Республикасынын Эм- гек жана социалдык жактан коргоо министрлиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 23.02.04-ж № 86 токтому | \| |
| Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик токой кызматы |  |  |  |
| Аңчылык чарбасы жана аңчылык ресурстарын пайдалануунун башкы башкармалыгы (Башкы аңчылык) |  |  |  |
| 1 | Аныкталган браконьердик жана укук бу- зуу фактылары боюнча айып акыларды алуу | "Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мый- замы |  |
| Биоресурстарга мамлекеттик контролдук кызматы |  |  |  |
| 1 | Аныкталган браконьердик жана укук бу- зуу фактылары боюнча айып акыларды алуу | "Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө", "Айлана-чөйрөнү\| коргоо жөнүндө" Кыргыз Рес- публикасынын мыйзамдары |  |
| Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлиги |  |  |  |
| Өрткө каршы кызмат боюнча мамлекеттик башкармалык |  |  |  |
| 1 | Өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу\|"Өрт коопсуздугу жөнүндө" үчүн айып акылар \|Кыргыз Республикасынын Мый- \|замы |  |  |
| Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |  |  |  |
| Кирешелер боюнча комитеттин Салык кызматы департаменти |  |  |  |
| 1 | Төмөндөтүлгөн (жашырылган) салыктарды өндүрүп алуу, эсептелген финансылык санкциялар жана проценттер боюнча ка- рызды тындыруунун эсебине соттун чечи- ми боюнча алынып коюлган мүлктү сатуу- дан түшкөн каражаттардын 30% өлчөмүндөгү колдонулган финансылык санкцияларды жана проценттерди эсепке алганда | Кыргыз Республикасынын Салык кодекси |  |
| Кирешелер боюнча комитеттин Бажы кызматы департаменти |  |  |  |
| 1 | Төмөндөтүлгөн (жашырылган) салыктарды өндүрүп алуу, эсептелген финансылык санкциялар жана проценттер боюнча ка- рызды тындыруунун эсебине соттун чечи- ми боюнча алынып коюлган мүлктү сатуу- дан түшкөн каражаттардын 30% өлчөмүндөгү колдонулган финансылык санкцияларды жана проценттерди эсепке алганда | Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси |  |

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (финансы полициясы)

| 1 | Аныкталган төмөндөтүлгөн (жашырылган) салыктардын 10 проценти, контрабанда- лык товарларды аныктоо жана бюджетке өндүрүп алуу, товарлардын акциз салы- нуучу топторун мыйзамсыз жүгүртүүдөн чыгаруу, бюджеттик ссудаларды жана чет өлкөлүк кредиттерди кайтарууну камсыз кылуу | "ФМнын алдындагы ФПБда өнүктүрүү жана материалдык колдоо фондун түзүү жана пайдалануу жөнүндө" Жобону бекитүү тууралуу КР Өкмөтүнүн 12.04.2001-ж. № 168 токтому |
| --- | --- | --- |
| Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги |  |  |
| 1 | Орду толтурулган зыяндын көлөмүнөн 30 проценттик чегерүүлөр | "Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мый- замы |
