Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «»Лицензиялоо жонундо» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына озгортуулорду киргизуу тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Окмотунун корутундусу жонундо» токтом
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2004-10-07.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-марты № 166
токтомуна ылайык күчүн жоготту
Бишкек шаары, Окмот Уйу
2004-жылдын 7-октябры № 743
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ОКМОТУНУН ТОКТОМУ
"Лицензиялоо жонундо" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына озгортуулорду киргизуу тууралуу"
Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна
Кыргыз Республикасынын Окмотунун
корутундусу жонундо
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 3-пунктунун
негизинде Кыргыз Республикасынын Окмоту токтом кылат:
1. Тиркелген корутундунун негизинде "Лицензиялоо жонундо" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына озгортуулорду киргизуу тууралуу" Кыргыз
Республикасынын Мыйзам долбооруна макулдук берилбесин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешине жиберилсин.
Премьер-министр Н.Танаев
Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кенешинин
Мыйзам чыгаруу жыйыны
"Лицензиялоо жонундо" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына озгортуулорду киргизуу тууралуу"
Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна
Кыргыз Республикасынын Окмотунун
корутундусу
Кыргыз Республикасынын Окмоту "Лицензиялоо жонундо" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына озгортуулорду киргизуу тууралуу" Кыргыз
Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып, томонкулорду билдирет.
Лицензиялоо чарбанын турдуу тармагында, анын ичинде транспорт
тармагында мамлекеттик саясат жургузуудо ишкердик иш-аракеттерди
мамлекеттик жонго салуунун маанилуу куралы болуп эсептелет.
"Лицензиялоо жонундо" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-статьясы
менен лицензиялоо чойросундо мамлекеттик саясатты аныктоочу бир катар
негизги принциптер белгиленген, анын бири мамлекеттик коопсуздук,
мамлекеттик монополияны ишке ашыруу, тартипти камсыз кылуу, айлана-
чойрону, менчикти, жарандардын омурун жана ден соолугун коргоо
максатында жогоруда аталган Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен
белгиленген лицензиялык тартипти киргизуу же болбосо иш-аракеттердин
турлору боюнча аны жоюу принциби болуп эсептелет.
"Транспорт жонундо" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-статьясына
ылайык транспорттун ишин мамлекеттик жонго салуу транспорттун бардык
турлорун онуктуруу, ошондой эле лицензиялоо жаатында бирдиктуу
мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жолу менен ишке ашырылат. Жогоруда
аталган Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-статьясы менен транспорт
комплексинин иштерин жана кызмат корсотуулорун ишке ашыруу менен
байланышкан иш-аракеттер уруксат беруунун (лицензия) негизинде
жургузулот.
Автотранспорттук иш-аракеттерди лицензиялоо зарылдыгы автотранспорт
каражаттары жургунчулордун, жол кыймылынын бардык катышуучуларынын
омурунун жана ден соолугунун коопсуздугуна, экологияга, аба жана суу
чойросуно туздон туз катышы бар жогорулатылган коркунучтуктагы объект
болуп эсептелгендиги жана алардын ишине озгочо жана кун сайын
контролду талап кылгандыгы менен аныкталат.
Практика корсоткондой лицензиялоо киргизилгенге чейин (1994-жыл)
лицензиясыз автотранспорт каражаттарынын иши пайдалануу коопсуздугун
начарлатуудан тышкары алардын ишин уюштурууда, озгочо социалдык
мааниге ээ жургунчулорду ташууда баш-аламандыкты тузгон.
Менчигинин туру ар кандай болгон ташуучулар эн чон пайда алууга
аракеттенип, транспортто мыйзамдардын талаптарын бузуу менен
жургунчулорду ташып, оз ара бут тосуучулук атаандаштыкты тузушту.
Белгилуу болгондой Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Мыйзам
чыгаруу жыйыны 2000-жылдын 11-декабрында "Лицензиялоо жонундо" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына озгортуулорду жана толуктоолорду киргизуу
тууралуу" Мыйзамды кабыл алган, мында "транспорт процессин камсыз
кылуучу транспорттук иш-аракеттерди жана кызматтарды лицензиялоо" алып
салынган, ал тигил же бул маршрутту ишке ашыруу укугу учун ташуучулар
менен айдоочулардын ортосундагы жанжалдуу жагдайларга алып келди.
Транспорт кызматын корсотуу рыногунда менчик жургунчу ташуучулар пайда
болду, алар оз иш-аракеттеринен максимум пайда корууну коздоп,
транспортто белгиленген ченемдик укуктук талаптарды, озгочо
ташуулардын коопсуздугу болугундо, толук боюнча тоотпой калышты.
Натыйжада автожолдордо оз кезегињде коп сандаган адам курмандыктарына
алып келуучу авариялык жагдайлар кобуроок тузуло баштады, бул
республиканын калкынын нааразылыктарын жана транспорт иш-аракеттерин
лицензиялоону жанылоо зарылдыгы жонундо бардык уюмдарга коп сандаган
кайрылууларын жаратты.
Автомобиль транспорту менен жургунчулорду ташууларды лицензиялоону
кайталап жоюу Азия жана Европа олколору менен Кыргыз Республикасы
тарабынан кол коюлган "Эл аралык автомобиль каттамдары жонундо" эки
тараптуу жана коп тараптуу окмоттор аралык макулдашууларга карама
каршы келет.
Бул Макулдашууларда жургунчулорду, багаждарды жана жукторду
мамлекеттер ортосунда жана алардын аймактары аркылуу ушул
мамлекеттерде катталган автотранспорт каражаттарында транзит менен
ташуу лицензиясы бар жана эл аралык ташууларды ишке ашырууга жол
берилген ташуучулар тарабынан гана аткарылышы мумкун зкендиги
белгиленген.
Аталган жол беруу эл аралык ташууларды аткарууга лицензия болуп
эсептелет.
Автомобиль транспорту менен жургунчулорду ташууларды жана
автовокзалдардын иш-аракеттерин лицензиялоо томонкулор учун ото зарыл:
1. Керектоочулордун (жургунчулордун, жук жонотуучулордун, жук
алуучулардын ж.б.) укуктарын жана таламдарын коргоо:
- менчигинин туруно карабастан маршруттарды тейлоого ачык
тендерлерди жургузуудо атаандаштардын автобустарын бирдей жана
сарамжалдуу болуштуруу, бул учурда республиканын аз сандагы алыскы
жана тоолуу райондорун тейлоо регулярдуулугу камсыз кылынат;
- "Аз камсыз болгон уй-булолорду жана жарандарды социалдык жактан
коргоо системасын оркундотуу жонундо" Кыргыз Республикасынын Окмотунун
1998-жылдын 15-майындагы № 281 токтомунун талаптарына ылайык
автотранспортто журууго женилдиктерди пайдалануучу калктын корголбогон
катмарларынын, ишкердик субъектеринин укуктарын жана таламдарын
коргоо;
- графикке жана расписаниеге ылайык маршруттарда автобустардын
регулярдуу кыймылын ташуучулардын аткарышы, жургунчулорду ташуу
маданиятын, адамдардын омурунун коопсуздугун камсыз кылуу жана
экологиялык талаптардын эрежелерин сактоо;
- "Автомобиль транспорту менен жургунчулорду ташууну уюштуруу
эрежелеринин" талаптарын ташуучулардын аткарышы, жургунчулордун жана
жоо журуучулордун омурунун коопсуздугун камсыз кылуу учун кун сайын
рейс алдында техникалык кароодон жана медициналык текшеруудон отушу;
- жургунчулорду жекече ташуучулар жол-транспорт кырсыгынын
натыйжасында жургунчуго келтирилген материалдык жана моралдык зыяндын
ордун толтурууну камсыз кылуу максатында жургунчулорду ташууну ишке
ашыруучу юридикалык жактын субъекттерине милдеттуу турдо мучо болууга
тийиш.
2. Транспорт кызматын корсотуучу (жургунчулорду жана жукторду ташуу
турундо) ишкерлердин укуктарын жана таламдарын коргоо:
- транспорт кызматын корсотуу рыногуна иш-аракеттин ушул туруно
лицензиясы бар ишкердик субъекттери менен катар эле менчигинин туруно
карабастан лицензиясыз адамдардын жургунчулорду ташуусу боюнча жол
бербоо;
- транспорт кызматын корсотуу рыногунда ишкердик атаандаштарынын
ортосундагы бирдей шарттарды калыптандыруу жана тузуу, ак ниет
атаандаштыктын негизинде иш-аракеттердин жана кызмат корсотуулордун
жаны турлорун ачууга максаттуу комоктошуу;
- республиканын транспорт кызматын косотуучу ишкерлеринин таламдарын
коргоо максатында чет олколук ташуучулардын транспорт кызматын
корсотуу рыногуна кируусуно жол бербоо (каботаждык ташуулар турундо
тартип бузуулардын фактыларын кошпогондо);
- эки тараптуу жана коп тараптуу окмоттор аралык макулдашуулардын
талаптарына ылайык эл аралык ташуулар рыногунда Кыргыз Республикасынын
ташуучуларынын укуктарын жана таламдарын жактоо;
- транспорт каражаттарынын стандарттуу габариттик олчомдорун, октук
куч келуулордун параметрлерин сактоо боюнча эл аралык макулдашуулардын
талаптарын бекем сактоо, эл аралык каттамдагы ташуучуларды
айдоочулардын иштоо, эс алуу режимдерин эсепке алуу жана каттоо,
каттоо жургузгон олконун транспорт каражатынын айырмалоочу белгисинин
болушунун ишенимдуулугун текшеруу китепчелери менен камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук стандарттар жана метрология
институту берген ылайык келуу сертификатынын талаптарын, ошондой эле
транспорт каражаттарын коопсуз пайдаланууну камсыз кылуучу ченемдик
техникалык талаптарды бардык ишкердик субъекттеринин сакташы.
Сунуш кылынган Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун кабыл алуу
транспорт процессинин катышуучулары учун эле эмес, аларды
пайдалануучуларга да, озгочо жургунчулорду ташуунун коопсуздугу
болугундо терс натыйжаларга алып келиши мумкун.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде "Лицензиялоо жонундо" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамынын 9-статьясына сунуш кылынган озгортуулорду
кабыл алууга каршы экендигибизди билдиребиз.
Премьер-министр Н.Танаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (5)
- Транспорт жөнүндөЗакон · 08.07.1998 · № 89
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Лицензиялоо жөнүндөЗакон · 03.03.1997 · № 12 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 15 мая 1998 года №281 "О совершенствовании системы социальной защиты малообеспеченных семей и граждан"Постановление · 15.05.1998 · № 281 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон