# 9-статья. Кыргыз банкынын аудити

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/559)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 18-июлундагы № 154 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 29.07.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 ноября 2008 года № 236 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202451)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/559#diff=764576..764577>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/559/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-528/edition/764567/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/559/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө, 9-статья (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/559/st-9

---

1. Кыргызстандын Банкы өткөргөн тендердин жыйынтыгы боюнча Кыргыз

Республикасынын Жогорку Кењеши, Кыргыз Банкынын финансы жылы бүткөнгө алты ай калгандан кечиктирбестен борбордук (улуттук) банктарда аудит жүргүзүү боюнча беш жылдан кем эмес тажрыйбасы болгон, эларалык абройго ээ аудитордук уюмду карайт жана бекитет. Бир эле аудитордук уюм Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тара- бынан экиден көп жолу катары менен каралууга жана бекитилүүгө тийиш эмес.

2. Кыргыз Банкына аудит аудиттин эларалык стандарттарына ылайык

жүзөгө ашырылууга тийиш жана Кыргыз Республикасында катталган, тиешелүү лицензияга ээ аудитордук уюм сыяктуу эле, Кыргыз Республикасынын айма- гында аудитордук ишти жүргүзүүгө лицензиясы жок, бирок ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарга жооп берген чет өлкөлүк аудитордук уюм тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн. Мына ушундай чет өлкөлүк уюмдардын лицензиясы, мындай лицензиянын укуктук мүмкүнчүлүгүн тастыктоо бар учурунда, Кыргыз Республикасынын аймагында да таанылат.

3. Кыргыз банкы аудитордук уюм менен түзүлгөн келишимге жараша ау-

дитордук текшерүүнү эл аралык аудитордук практикага ылайык жүргүзүү үчүн зарыл болгон отчетторду жана маалыматтарды берет. Кыргыз банкынын аудитин өткөрүү боюнча аудитордук уюмдун кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөмдөр Кыргыз банкынын каражаттарынын эсебинен жүргү- зүлөт. (КР 2008-жылдын 3-ноябрындагы № 236 Мыйзамынын редакциясына ылай- ык)

---

Мурунку берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/559/st-8)  
Кийинки берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/559/st-10)
