# 7-статья. Кыргыз банкынын нормативдик актылары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/559)
- Документтеги орду: I бөлүм
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 18-июлундагы № 154 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 29.07.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 марта 2009 года № 94 "О внесении дополнений в Закон Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202571)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/559#diff=764578..764579>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/559/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-528/edition/764567/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/559/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө, 7-статья (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/559/st-7

---

1. Кыргыз банкы ушул Мыйзам жана башка мыйзамдар тарабынан өз ком-

петенциясына таандык кылынган маселелер, банктык терминологиялар боюнча түшүндүрмөлөрдү берип, ошондой эле Кыргыз банкы тарабынан берилүүчү ли- цензиянын негизинде айрым банк операцияларын жүргүзгөн юридикалык жак- тар жана жеке адамдар, ошондой эле алардын кардарлары жана аткаруучу бийлик органдары тарабынан аткарылууга милдеттүү болгон нормативдик ак- тыларды чыгарат.

2. Граждандардын укуктарына, эркиндиктерине же милдеттенмелерине

түздөн-түз тиешеси бар Кыргыз банкынын нормативдик актылары нормативдик укук актыларды мамлекеттик каттоо үчүн мыйзамдар тарабынан белгиленген тартипте катталууга тийиш.

3. Нормативдик актынын өзүндө белгиленген учурларды кошпогондо,

Кыргыз банкынын нормативдик актылары Кыргыз банкынын расмий басылмала- рында расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет. Кыргыз банкынын нормативдик актылары өткөн мезгилге карата колдонулбайт. (КР 2009-жылдын 28-мартындагы № 94 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/559/st-6)  
Кийинки берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/559/st-8)
