# 50-статья. Кыргыз банкынын мүлкү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/559)
- Документтеги орду: XI бөлүм
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 18-июлундагы № 154 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 29.07.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 июля 2014 года № 143 "О внесении дополнения и изменения в Закон Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205364)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 18.07.2014 [Закон КР от 18 июля 2014 года № 143 "О внесении дополнения и изменения в Закон Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205364); 16.05.2008 [Закон КР от 16 мая 2008 года № 87 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202298)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/559#diff=764585..764586>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/559/st-50>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-528/edition/764567/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/559/st-50.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө, 50-статья (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/559/st-50

---

1. Кыргыз банкы өзүнө тиешелүү акча каражаттарына, имараттарга,

курулуштарга, жабдууларга жана башка материалдык баалуулуктарга өзал- дынча ээлик кылат, пайдаланат жана аларды тескей алат жана өз милдетте- рин аткаруу максатында юридикалык жактын укуктарына ээ болгон уюмдарды түзө алат.

2. Кыргыз банкы өзүнүн алдындагы карыздарды канааттандыруунун

жүрүшүндө ал укуктар Кыргыз банкы тарабынан мүмкүн болушунча кыска, би- рок эки жылдан ашпаган мөөнөттө сатылууга тийиш болгон шартта карыз алуучунун кандай гана болбосун түрдөгү кайсы болбосун укуктарын алууга укуктуу.

3. Кыргыз банкы өзүнүн алдында турган милдеттердин чегинен ашкан

Иштерди жасоого, ошондой эле Кыргыз Республикасынын экономикасын Өнүктүрүү Кыргыз банкынын негизги милдеттерин жүзөгө ашыруу максатында Юридикалык жактардын капиталына катышуу учурун кошпогондо, банктардын же башка коммерциялык уюмдардын иштерине акция кармоочу катары же башкача түрдө катышууга, Кыргыз банкынын жана анын кызматчыларынын ишин камсыз кылууга байланыштуу кыймылсыз мүлктү сатып алууну жана ижарага алууну кошпогондо кандай гана болбосун кыймылсыз мүлктүн менчик ээсинин укугун сатып алууга, ижарага алууга, же башка ыкмалар менен алууга укуксуз. Кыргыз банкы моралдык жактан эскирген, пайдаланылбаган же Кыргыз банкынын же анын кызматкерлеринин ишмердигин камсыз кылуу үчүн жараксыз товардык материалдык баалуулуктарды өткөрүп берүүгө же сатууга укуктуу. Материалдык баалуулуктарды сатып өткөрүүнүн тартиби Кыргыз банкынын нормативдик укуктук актылары менен белгиленет.

4. Мамлекет Кыргыз банкынын мыйзамдуу мүлктүк укугун коргоону кам-

сыз кылат жана анын мүлкүн жана капиталын алып кое же кыскарта албайт, ошондой эле Кыргыз банкына мүлктүк милдеттенмелерди тањуулай албайт. Кыргыз банкынын мүлкү капиталды жана акча каражаттарын кошо алганда, Кыргыз банкынын менчиги болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын мый- замдарына ылайык соттун чечимисиз милдеттенмелерди аткаруу үчүн пайда- ланылууга жана (же) Кыргыз банкынан тартынып алынууга тийиш эмес.

5. Кыргыз банкы өз ишинин коопсуздугун, ошондой эле өз мүлкүнүн

жана активдеринин (акча белгилерин басып чыгарууну, сактоону жана бөлүштүрүүнү кошуп алганда) ишенимдүү сакталышын жана кызматчыларынын корголушун камсыз кылуу боюнча чараларды көрөт. Бул максатта Кыргыз банкы атайы кызматтарды түзүүгө, ошондой эле куралдар менен атайын коргонуу каражаттарын сатып алууга жана пайдала- нууга укуктуу. (КР 2008-жылдын 16-майындагы № 87, 2014-жылдын 18-июлундагы № 143 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [49-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/559/st-49)  
Кийинки берене: [51-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/559/st-51)
