# 5-статья. Кыргыз банкынын операциялары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/559)
- Документтеги орду: I бөлүм
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 18-июлундагы № 154 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 29.07.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 24 июля 2015 года № 189 "О внесении дополнения в Закон Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111233)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/559#diff=764587..764588>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/559/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-528/edition/764567/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/559/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө, 5-статья (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/559/st-5

---

Ушул Мыйзам тарабынан белгиленген максаттарга жетишүү үчүн Кыргыз банкы өзү аныктаган шарттарда төмөнкү келтирилген операцияларды жүзөгө ашырууга укуктуу:

1) ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык

Кыргыз банкы тарабынан аныкталуучу баалуу кагаздар жана башка активдер менен камсыз кылып, кредиттерди алты айдан ашпаган мөөнөткө берүүгө;

2) банктарды жана башка финансы-кредиттик мекемелерди тейлөө боюн-

ча банк операцияларын жүзөгө ашырууга;

3) төлөм мөөнөтү алты айдан ашпаган, эреже катары, товардык

мүнөздөгү биринчи класстагы эмитенттердин чектерин, жөнөкөй жана кото- рулма векселдерди сатып алууга жана сатууга;

4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан чыгарылган баалуу ка-

газдарды экинчи рынокто сатып алууга жана сатууга;

5) Кыргыз банкы тарабынан чыгарылган баалуу кагаздарды, ошондой

эле чет мамлекеттер, эл аралык уюмдар тарабынан чыгарылган баалуу ка- газдарды сатып алууга жана сатууга;

6) баалуу металлдарды жана валюталык баалуулуктардын башка

түрлөрүн сатып алууга жана сатууга;

7) чет өлкөлүк валюталарды сатып алууга жана сатууга;

8) банктарда жана финансы мекемелеринде эсептерди ачууга;

9) эл аралык финансы институттары тарабынан ар түрдүү программа-

ларды финансылоо үчүн берилген каражаттар менен байланыштуу бүтүмдөр боюнча Кыргыз банкынын Башкармасы тарабынан белгиленген шарттарда ор- томчу катары чыгууга; 9-1) Евразия экономикалык бирлигинин (ЭЕЭБ) алкагындагы башка мамлекеттер менен биргелешип Кыргыз Республикасы тарабынан түзүлүүчү эл аралык уюмдар менен чет өлкөлүк валютаны кайра сатуу милдеттенмеси менен Кыргыз Республикасынын экономикасын жеңилдетилген финансылоого алар тарабынан жиберүүчү каражаттар боюнча аны сатып алуу боюнча бүтүмдөрдү жүзөгө ашырууга; 9-2) Евразия экономикалык бирлигинин (ЭЕЭБ) алкагындагы башка мамлекеттер менен биргелешип Кыргыз Республикасы тарабынан түзүлүүчү эл аралык уюмдарга чет өлкөлүк валютанын камсыздоосу алдында акы төлөө, мөөнөттүүлүк жана кайтарып берүү шарттарында алар тарабынан Кыргыз Республикасынын экономикасын жеңилдетилген финансылоону жүзөгө ашыруучу Долбоорлору жана программалары боюнча улуттук валютадагы акча каражаттарын берүүгө;

10) мыйзамдар тарабынан тыюу салынбаган башка банк операцияларын

жүргүзүүгө. (КР 2015-жылдын 24-июлундагы № 189 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/559/st-4)  
Кийинки берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/559/st-6)
