# 43-статья. Кыргыз банкынын Башкармасынын ыйгарым укуктары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/559)
- Документтеги орду: IX бөлүм
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 18-июлундагы № 154 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 29.07.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 16 мая 2008 года № 87 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202298)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/559#diff=764571..764572>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/559/st-43>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-528/edition/764567/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/559/st-43.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө, 43-статья (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/559/st-43

---

1. Кыргыз банкынын Башкармасы:

Кыргыз банкынын акча-кредиттик саясатын;

2) Кыргыз банкынын жылдык отчетун;

3) Кыргыз банкынын резервдеринин жана эсептеринин түрлөрүн,

өлчөмдөрү менен аларды түзүүнүн жана пайдалануунун тартибин;

4) мурда өтүүчү жылдын 31-декабрынан кечиктирбестен Кыргыз банкы-

нын кезектеги жылга финансылык божомолун;

5) Кыргыз банкынын уюштуруу структурасын;

6) Кыргыз банкына анын эл аралык резервдери үчүн зарыл болгон ак-

тивдердин түрлөрүн жана өлчөмдөрүн;

7) нормативдик актыларды;

8) Кыргыз банкынын жана анын Башкармасынын регламентин;

9) алты айга чейинки мөөнөткө кыска мөөнөттүү кредит берүүнүн жањы

түрлөрүн;

10) кирешелер жана чыгашалар бюджетин жана өнүктүрүү бюджетин кошо

алганда Кыргыз банкынын бюджети;

11) акча белгилеринин жањы үлгүлөрүн жана номиналдарын чыгаруунун

жана жүгүртүүдөн банкноттор менен монеталарды алуунун тартибин;

12) ушул Мыйзам тарабынан Кыргыз банкынын карамагына таандык кы-

лынган жана башка маселелерди карайт жана бекитет.

2. Кыргыз банкынын Башкармасы:

1) милдеттүү резервдердин өлчөмү жөнүндө;

2) банкнотторду жана монеталарды жүгүртүүгө чыгаруу жана

жүгүртүүдөн алуу тууралу;

3) ушул Мыйзамга ылайык банктар үчүн экономикалык нормативдердин

өлчөмдөрүн белгилөө жөнүндө;

4) Кыргыз банкынын проценттик ставкаларын өзгөртүү тууралу;

5) Кыргыз банкынын чарбалык эсептеги уюмдарын түзүү жана жоюу

Жөнүндө, юридикалык жактардын капиталына катышуу тууралуу;

6) эл аралык уюмдарга катышуу тууралу;

7) Кыргыз банкынын, анын мекемелеринин, уюмдарынын жана кызматчы-

ларынын ишин камсыз кылуу үчүн кыймылсыз мүлктөрдү сатып алуу жана са- туу жөнүндө;

8) жана банктардын жана Кыргыз банкынан лицензия алышкан башка фи-

нансы-кредиттик мекемелердин инсайдерлери болуп саналышкан адамдардын жакын туугандары (жарандык мыйзамдарга ылайык мыйзам боюнча биринчи ке- зектеги мураскорлору) болбоого тийиш кызматкерлердин Тизмегин аныктайт;

9) ушул Мыйзам тарабынан Кыргыз банкынын Башкармасынын карамагына

таандык кылынган жана башка маселелер боюнча чечимдерди кабыл алат.

3. Эгерде аны маанилүү деп чечсе, Кыргыз банкынын Башкармасы кан-

дай гана болбосун башка маселелерди кароого укуктуу.

4. Кыргыз банкынын Башкармасынын заседаниелеринде кабыл алынган

чечимдер Кыргыз банкынын Төрагасынын орун басарлары, структуралык кичи бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана Кыргыз банкынын бардык кызматчылары тара- бынан аткарылат. (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 16-майындагы № 87 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [42-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/559/st-42)  
Кийинки берене: [44-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/559/st-44)
