# 42-статья. Кыргыз банкынын Башкармасынын заседаниелери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/559)
- Документтеги орду: IX бөлүм
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 18-июлундагы № 154 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 29.07.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 16 февраля 2010 года № 30 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202919)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/559#diff=764581..764582>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/559/st-42>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-528/edition/764567/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/559/st-42.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө, 42-статья (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/559/st-42

---

1. Кыргыз банкынын Башкармасы өз заседаниелерин зарылдыгына жара-

ша, бирок айына бир жолудан кем эмес өткөрүп турат. Кыргыз банкынын Башкармасынын кезексиз заседаниеси Кыргыз банкынын Төрагасынын, болбосо Башкарманын үч мүчөсүнүн демилгеси боюнча чакырылышы мүмкүн. Кыргыз банкынын Башкармасынын мүчөлөрү Кыргыз банкынын Башкармасы- нын заседаниеси өткөрүлө тургандыгы тууралу өз учурунда кабардар болот.

2. Башкарманын жыйналышы ага Кыргыз банкынын Төрагасынын же анын

орун басарларынын биринин же болбосо Төраганын милдетин аткаруучу адамдын милдеттүү катышуусу менен Башкарманын мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүгү катышкан учурда ыйгарым укуктуу болот. Кыргыз банкынын Башкар- масы тарабынан акча-кредиттик саясаттын маселелери боюнча чечимди кабыл алууда азчылыкта калган Кыргыз банкынын Башкармасынын мүчөлөрүнүн пики- ри алардын талабы боюнча протоколго жазылат.

3. Башкарманын чечими Башкарманын мүчөлөрүнүн жалпы санынын жөнө-

көй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

4. Кыргыз банкынын Төрагасы Кыргыз банкынын Башкармасынын ишине

жетекчилик кылат жана анын заседаниесин алып барат, ал эми ал жок болуп калган учурда бул милдетти анын ордун алмаштыруучу адам аткарат. (КР 2010–жылдын 16-февралындагы №30 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [41-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/559/st-41)  
Кийинки берене: [43-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/559/st-43)
