# 4-статья. Кыргыз банкынын аткарган кызматтары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/559)
- Документтеги орду: I бөлүм
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 18-июлундагы № 154 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 29.07.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 11 апреля 2011 года № 11 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205234)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 11.04.2011 [Закон КР от 11 апреля 2011 года № 11 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205234); 28.03.2009 [Закон КР от 28 марта 2009 года № 94 "О внесении дополнений в Закон Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202571)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/559#diff=764583..764584>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/559/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-528/edition/764567/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/559/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө, 4-статья (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/559/st-4

---

Кыргыз банкы төмөнкү кызматтарды аткарат:

1) Кыргыз Республикасындагы акча-кредиттик саясатты аныктайт жана

жүргүзөт;

2) бирдиктүү валюта саясатын иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;

3) акча белгилеринин эмиссиясын жүргүзүүдө ага гана ыйгарылган

өзгөчө укукка ээ;

4) ушул Мыйзамга ылайык банктар үчүн акыркы инстанциядагы кредитор

болуп саналат;

5) банк тутуму үчүн банк операцияларын, анын ичинде банк ишинин

жана каржылоонун исламдык принциптеринин негизинде бухгалтердик эсепти жана отчеттуулукту жүргүзүүнүн эрежелерин белгилейт;

6) республиканын мыйзамдарына ылайык банк операцияларын

жүргүзүүгө, юридикалык жактар тарабынан мөөнөттүү, кайтарып берүү жана акы төлөп берүү шарттарында калктан акча каражаттарын тартууга лицен- зияларды берет жана берилген лицензиялардын реестрин жүргүзөт;

7) Кыргыз банкы тарабынан лицензиялануучу банктардын жана финан-

сы-кредиттик мекемелердин ишин жөнгө салууну жана көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырат;

8) төлөм тутумунун натыйжалуу кызмат кылышына жана банктар аралык

төлөмдөрдүн жүзөгө ашырылышына көмөктөшөт;

9) чет өлкөлүк валюталар менен операцияларды жөнгө салуучу норма-

тивдерди чыгарууну камтуу менен валюталык жөнгө салууну, ошондой эле республиканын мыйзамдарына ылайык чет өлкөлүк валюталар менен сатып алуу, сатуу жана алмаштыруу операцияларын жүзөгө ашырат;

10) ушул Мыйзамга ылайык расмий валюталык резервдерге ээлик кылат

жана аларды башкарат;

11) Улуттук статистика комитети менен биргелешип Кыргыз Республи-

касынын төлөм балансын түзөт;

12) акча-кредиттик жана банк саясатына тиешелүү маселелер боюнча

эл аралык кењешмелерде, конференцияларда жана уюмдарда Кыргыз Республи- касынын кызыкчылыктарына өкүлчүлүк кылат жана анын атынан чыгат;

13) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка кызматтарды,

ыйгарым укуктарды жана укуктарды жүзөгө ашырат. (КР 2009-жылдын 28-мартындагы № 94, 2011-жылдын 11-апрелиндеги № 11 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/559/st-3)  
Кийинки берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/559/st-5)
